Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Нарын агроэкономикалык колледжинин студенттери жарым фабрикат өндүрүп, киреше таба баштады

Көрүлдү: 0

Эмгек рыногун атаандаштыкка жөндөмдүү жана квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылууда баштапкы жана орто кесиптик билим берүү маанилүү ролду ойнойт. Бул багытта КР Билим берүү жана илим министрлиги алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Айталы, С.Нааматов атындагы Нарын агроэкономикалык колледжинин базасында 2022-жылы Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлгөн (АТБ).

post.title

22-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган пресс-турда колледждин өкүлдөрү аталган АТБнын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

АТБ орто кесиптик билим берүү системасында жаңы окуу программаларын жана мамлекеттик стандарттарды апробациялоо, жумуш ордунда окутуу методикаларын жана ишкердик боюнча модулду киргизүү үчүн аянтча болуп саналат.

АТБда студенттер теориялык билимге гана ээ болбостон, санариптик ыкмаларды колдонуу менен жумуш ордунда билим алышат. Бул үчүн окуу жайда окуу-өндүрүштүк комплекс – жарым фабрикаттарды чыгаруучу цех жана ветеринардык лаборатория түзүлгөн. Учурда окуу жайдын студенттери бардык стандарттарга төп келген тоңдурулган чүчвара жасап сатууну колго алган. Башкача айтканда, алар жумуш ордунда иштөө жолу менен керектүү тажрыйба топтоого жана ошону менен бирге акча табууга мүмкүнчүлүк алды.
Ал эми ветеринардык лаборатория калкка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул үчүн лаборатория мал ылаңынын бардык түрлөрүн диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Жалпысынан, колледжде 600 студент билим алат. Аларга агрардык, экономикалык жана техникалык багыттагы 12 адистик боюнча билим берилет. Негизги басым эмгек рыногунда эң көп талап кылынган артыкчылыктуу адистиктерге жасалат. Бул адистиктер регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талап жана сунуштарды талдоонун негизинде тандалып алынган. Колледжде "Электр менен камсыздоо", "Ветеринария", "Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү", "Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо" адистиктери артыкчылыктуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, АТБ жана окуу-өндүрүштүк комплекс “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүу өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында түзүлгөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар