Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр

Көрүлдү: 1996

Саясий иш-аракеттер

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылууда

 Долбоор Кыргыз Республикасында рынокко жана ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган кесиптик техникалык билим берүү жана окутуунун (КТБО) инклюзивдүү системасын түзүүгө багытталган чараларды колдойт.

Долбоор үч натыйжага жетишүүгө багытталат:

1.    Кесиптик техникалык билим берүү жана окутуу (КТБО) секторун башкаруунун жана каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу.

2.   ОКБ жана БКБда окутуу жана билим берүү чөйрөсүнүн сапатын жакшыртуу.

3.   Билим берүү системасынын өндүрүш менен кызматташуусун чыңдоо, ишкердик ишмердүүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүү.

1-саясий аракет. Алуучу БИМ аркылуу эркектер жана аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына ылайык келүүчү көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын камтуучу узак мөөнөткө билим берүүнү өнүктүрүү боюнча стратегиялык документти иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш.

2021-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү программасы жана 2021-2023-жылдарга Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планы бекитилген.

Аталган Программанын “Билим берүүнүн артыкчылыктары” V бөлүмү кесиптик билим берүү системасын жакшыртуу, инклюзивдүүлүк, окутуунун натыйжалуу чөйрөсү, модернизациялоо, сапаттуу окуу китептери, ченемдик каржылоо сыяктуу маселелерди камтыйт.

Иш-аракеттер планына кесиптик билим берүүгө өнөктөштөрдүн катышуусун жогорулатуу, орто кесиптик билим берүү системасын натыйжалуу жана ачык-айкын каржылоону камсыздоо, ишкердикке окутуу ыкмаларын киргизүү ж.б. киргизилген.

Саясий аракет аткарылды. 

2-саясий аракет. Алуучу өлкөнү өнүктүрүүнүн бекитилген узак мөөнөттүү стратегиясына көндүмдөрдү өнүктүрүү маселелерин киргизиши керек.

2018-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Бул стратегиялык документ көндүмдөрдү өнүктүрүү жана кесиптик техникалык билим берүү жана окутууну (КТБО) андан ары жакшыртуу зарылчылыгын чагылдырат.

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына долбоордун алкагында кесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртууга байланыштуу маселелер киргизилген, тактап айтканда:

- Квалификациялардын улуттук системасы;

- кесиптик билим берүү системасында окутууну ченемдик бюджеттик каржылоо;

- КТБО системасынын эмгек рыногунун талаптары менен макулдашылгандыгын камсыздоо ж.б.

Саясий аракет аткарылды.

3-саясий аракет. Алуучу БИМ аркылуу КУСтун моделин жана Улуттук квалификациялык кеңештин концепциясын иштеп чыгып жана аны негизги министрликтер, бардык кызыкдар тараптар менен макулдашышы керек, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги БКБ жана ОКБ үчүн КУС боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилет.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына Квалификациялардын улуттук системасына (КУС) тиешелүү терминдер киргизилген. Түзүлгөн эксперттик топ тарабынан Квалификациялардын улуттук системасынын концепциясы иштелип чыккан жана КР Өкмөтү тарабынан бекитилген. КУСтун концепциясын ишке ашыруу боюнча 2020-2021-жылдарга карата Иш-чаралар планы иштелип чыккан.

Квалификациялар системасынын негизги звеносун түзүү максатында Квалификациялардын улуттук алкагы иштелип чыккан, КР Өкмөтү тарабынан жактырылган жана бардык кызыкдар тараптар колдонуу үчүн сунушталган.

КР БИМ тарабынан “Улуттук квалификациялык кеңештин концепциясы” бекитилген. Улуттук квалификациялык кеңешти түзүү жөнүндө ченемдик укуктук акты даярдалууда.

Саясий аракет аткарылды.

4-саясий аракет. Алуучу Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду башка булактардан (АӨБдүн каражаттарынан эмес) каржыларды алууга укуктуу болуш үчүн жана ала тургандай кылып Фондду институционалдаштырууда юридикалык статуска ээ болуусун жана территорияда каттоодон өтүүсүн камсыздоого тийиш.

2019-2020-жылдары Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондун (КӨФ) институционалдаштыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча жана иштелип чыккан сунуштар кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду түзүлгөн.

2020-жылдын 31-декабрында Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду юридикалык жак катары катталган, каттоо жөнүндө күбөлүк жана мекеменин мөөрү алынган. 2021-жылдын май айында КӨФтүн регионалдык кызматкерлерин кармоо жана операциялык чыгымдар үчүн КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджети аркылуу 695 миң сом суммасында КӨФ үчүн биринчи каржылоо ачылган.

КӨФтүн артыкчылыктуу милдети болуп өлкөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайларынын базасында кыска мөөнөттүү курстардын алкагында суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча кадрларды даярдоо, кайра даярдоо (квалификацияны жогорулатуу) саналат.

Саясий аракет аткарылды.

5-саясий аракет. Алуучу БИМ аркылуу Билим берүүнү башкаруунун автоматташтырылган системасы формасында жынысы боюнча көрсөткүчтөрү менен Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын (ББМС) анык маалыматка негизделген жана эмгек рыногуна багытталган саясатты иштеп чыгуу үчүн БКБ жана ОКБга киргизиши керек.

Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык сиситемасы (мындан ары - ББМС) – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин программалык продукту, анын максаты болуп маалыматты чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана жайылтуу саналат.

ББМСтеги бардык маалыматтар коомчулук үчүн жабык жана ачык болуп бөлүнөт. Жабык бөлүгүндө жеке мүнөздөгү маалымат жайгаштырылган жана маалымат жооптуу жактарга авторизациядан өткөндөн кийин гана жеткиликтүү болот. Ачык бөлүгүндө («Ачык маалыматтар» https://open.edu.gov.kg/ сайтында) бардык кызыкдар тараптар Кыргызстандын билим берүү системасынын негизги индикаторлору менен тааныша алат.

Маалыматтарды талдоо, аналитикалык отчетторду түзүү жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн ББМСтин киргизилген функционалы ырасталган жана апробацияланган (http://data.edu.gov.kg   = http://46.235.72.120/dashboard).

Бул функционал үч модулду камтыйт: Интегратор (Integrator), Маалыматтарды башкаруу (DataManager) жана Маалыматтык панель (Dashboard), алардын жардамы менен программисттерди тартуусуз керектүү отчеттор жана графикалар түзүлөт.

6-саясий аракет. Алуучу БИМ аркылуу аймактык эмгек рыногунда суроо-талапты жана сунуштарды талдоо боюнча методологиясын бекитет, ал кесиптердин (адистиктердин) гендердик талдоосун камтыйт жана АТБда колдонулат.

Локалдык эмгек рыногунда суроо-талапты жана сунуштарды талдоо методологиясы иштелип чыккан. Алдыңкы тажрыйба борборлору (АТБ) окутуунун жыйынтыгы боюнча локалдык эмгек рынокторун пилоттук талдоо жүргүзүштү. Методология КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген жана орто кесиптик билим берүүнүн бардык окуу жайларына сунушталган.

Саясий аракет аткарылды.

7-саясий аракет. Алуучу БИМ аркылуу Өкмөт тарабынан бекитилген аймактарды өнүктүрүү саясатына ылайык рационалдаштыруу планын ишке ашырат.

КРде БКБ жана ОКБ системаларын 2021-жылга чейин Рационалдаштыруу программасынын индикаторлорун орто аралык талдоо жүгүзүлдү жана КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилди.

Кесиптик окутуунун сапатын жакшыртуу максатында КТБО окуу жайлары үчүн Сапатты камсыздоонун ички системасы боюнча колдонмо иштелип чыккан жана жактырылып, КТБО окуу жайларына сунушталган.

8-саясий аракет. Алуучу  БКБдан ОКБга жана ОКБдан жогорку кесиптик билим берүүгө (анын ичинде буга чейинки окуунун жыйынтыгын таануу жана кесиптер/адистиктер жөнүндө гендердик стереотиптерди жокко чыгаруу) карай прогрессиясынын жолдорун камсыздоо үчүн ченемдик укуктук актыларга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизиши керек.

Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын макеттерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр иштелип чыкты.

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718 “КР Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндө айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.

Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине өзгөртүүлөр киргизилди. ЧУАнын долбоору бекитүү үчүн белгиленген тартипте КР Министрлер кабинетине киргизилген.

Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле аймактарда кесиптик лицейлердин өкүлдөрү үчүн кредиттик системаны киргизүү боюнча семинарлар өткөрүлдү.

 

1.2. Окутуу жана билим берүү/окуу чөйрөсүнүн сапатын жакшыртуу. (9-12-с.ч.)

9-саясий чара. Алуучу БИМ аркылуу артыкчылыктуу кесиптер жана адистиктер боюнча БКБ жана ОКБ мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгышы жана бекитиши керек, алар ошондой эле кесиптер/адистиктер жөнүндө гендердик стереотиптерди жокко чыгарат.

Техникалык жумушчу топтор тарабынан ОКБнын 19 пилоттук адистиги жана БКБнын 10 кесиби боюнча кесиптик стандарттар иш берүүчүлөр жана окуу-методикалык кеңештер пилот жүргүзүү үчүн иштелип чыккан жана жактырылган.

Компетенттүүлүк негизде 29 эксперименталдык билим берүү программасы иштелип чыккан жана бекитилген, алар Мамлекеттик билим берүү стандарты статусуна ээ.

Программаларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн ар бир окуу модулу боюнча окуу материалдарын,  ошондой эле окуучулардын компетенциясын баалоо куралдарын иштеп чыгуу иши жүргүзүлүүдө. Пилоттук окуу жайлардын кызматкерлери туруктуу окуудан өтүшөт жана окуу жайда компетенттүүлүк мамилени ишке ашыруу боюнча керектүү консультация алышат.

Саясий аракет аткарылды.

10-саясий аракет. Алуучу БИМ аркылуу (а) гендердик теңдик принциптерин эске алуу менен жумуш ордунда окутуу (ЖОО) концепциясын иштеп чыгышы жана бекитиши керек жана (b) концепцияны артыкчылыктуу кесиптер жана адистиктер боюнча пилоттук АТБларда апробациялоого тийиш. Артыкчылыктуу кесиптер/адистиктер боюнча ЖООдо окуу жүктөмүнүн 10% кем эмес көлөмү колдонулушун камсыздоо.

“КР КТБО системасы үчүн жумуш ордунда окутуу концепциясы” иштелип чыккан жана КР БИМдин буйругу менен бекитилген, анда жумуш ордунда окутуу (ЖОО) менен байланыштуу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар, Концепциянын максаты жана милдеттери, ЖООнун мазмуну, артыкчылыктары жана принциптери, ошондой эле аны өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган.

ЖОО окуу процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ал ОКБнын экперименталдык билим берүү программаларында 12,5%дан ашуунду түзөт, БКБ – 45%дан ашуун. ЖООну натыйжалуу ишке ашыруу максатында ОКБнын бардык пилоттук адистиктери жана БКБ кесиптери үчүн ЖОО программаларынын долбоорлору иштелип чыкты.

Саясий милдет ишке ашыруу процессинде.

11-саясий милдет. Алуучу адистиктер топтору боюнча ОКБ үчүн ченемдик бюджеттик каржылоонун формуласын иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыздоого тийиш, ФМ жана БИМ аларды бекитиши жанаАТБда пилот жүргүзүшү керек.

КР Өкмөтүнүн чечими менен бюджеттик каржылоонун ченемдерин пилоттук апробациялоо үчүн Алдыңкы тажрыйба борборлорунун тизмеси жактырылган, 1 окуучуга карата бюджетти каржылоонун ченеми аныкталган. Алдыңкы тажрыйба борборлорунда пилот жүргүзүлдү, пилоттун жыйынтыгы тегерек столдо каралган жана КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган. Пилоттук апробациянын жыйынтыгы боюнча аталган тажрыйбаны орто кесиптик билим берүүнүн бардык мамлекеттик окуу жайларына жайылтуу чечими кабыл алынган. Орто кесиптик окуу жайлар үчүн бюджеттик каржылоонун методологиясы жана ченемдери даярдалган жана КР Министрлер кабинетинин чечими менен бекитилген.

Пилоттук колледждердин/Алдыңкы тажрыйба борборлорунун кызматкерлерин Ченемдик каржылоонун негизги ченемдерине жана ыкмаларына даярдоо иши жүргүзүлдү. БКБ системасына ченемдик каржылоо шарттарында кредиттик окутуу системасына өтүүдө эмгек акы фондун аныктоо жана каржылоо маселелери боюнча практикалык жана методикалык жардам көрсөтүлдү.

Саясий аракет аткарылды.

12-саясий аракет. Алуучу БИМ аркылуу гендердик аспектти эске алуу менен БКБ жана ОКБ педагогдорунун квалификациясын өнүктүрүү программасын жана өлкө боюнча ишке ашыруу планын иштеп чыгышы жана бекитиши керек.

КТБО окутуучуларын кесиптик өнүктүрүү программасы жана 2021-жылга чейин программаны ишке ашыруу боюнча план бекитилди.

Алдыңкы тажрыйба борборлорунда пилоттоо үчүн орто кесиптик билим берүү системасынын педагогикалык кызматкерлеринин квалификациялык деңгээлдерине карата талаптар бекитилди.

Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстарынан жалпысынан бүгүнкү күндө 3945 окутуучу (1970 аял – 49%) өттү, анын ичинен БКБ өкүлдөрү 818 (435 аял).

“Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун дидактикасы жана окутуу технологиясы” программасы бекитилди, ал БКБ жана ОКБ системаларынын окутуучуларын инновациялык дидактикалык модулдар жана окутуу технологиялары менен камсыздоого, ошондой эле БКБ жана ОКБ системаларында окутуунун дидактикасы жана технологиясы боюнча тренерлердин кадрдык резервин түзүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

1.3. Экономика тармактары менен кызматташууну кеңейтүү жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү. (13-16-с.ч.)

13-саясий чара. Алуучу БИМ аркылуу АТБ окуу программаларына пилот жүргүзүү үчүн гендердик аспектти эске алуу менен ишкердикке октуу боюнча модулду киргизиши керек (мазмунга окуу планын 10%дан кем эмес предметтерин, өзүнчө катары – 5%дан кем эмес предметтерди интеграциялоо).

“Ишкердик” окуу куралы эксперттик баалоодон өттү жана КР БИМдин грифин алуу үчүн сунушталды. 33 окутуучу сертификаттарга ээ болду жана квалификацияны жогорулатуу боюнча кыска мөөнөттүү курстарда окутууга укуктуу. Колледждер 100 саат көлөмүндө ишкердикке окутуу боюнча курстарга лицензия алуу боюнча иштерди башташты.

Окуу жайларда ишкердикке окутууну андан ары илгерилетүү боюнча сунуштары менен аналитикалык кат даярдалды. Пилоттук колледждердин окуу материалдарына ишкердик көндүмдөрүн киргизүү процесси жүгүзүлүүдө. КР БИМдин КТБО системасында Ишкердикке окутуу боюнча концепцияны бекитүү жөнүндө буйругу даярдалды жана окуу программаларына “Ишкердик” дисциплинасы киргизилди.

14-саясий аракет. Алуучу БИМ аркылуу (а) АТБнын дээрлик кеңири финансылык жана башкаруучулук автономиясын божомолдоочу билим берүү уюмдары менен өндүрүштүн ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча Колдонмону бекитүүгө тийиш; (b) БКБ жана ОКБ аял-бүтүрүүчүлөрү үчүн дээрлик эркектердин кесиптерин ачуучу керектүү жоболорду иштеп чыгышы керек.

Социалдык өнөктөштүк (СӨ) боюнча колдонмо иштелип чыккан, ал жетекчилер жана СӨ үчүн жооптуу болгон кызматкерлер үчүн стол китеби катары кызмат кылат.

Пилоттук колледждерде социалдык өнөктөштүктү ишке ашыруу боюнча иш жүгүзүлүүдө, АТБдагы жаңы адистиктер боюнча иш берүүчүлөрдүн катышуусу менен видеороликтер жана буклеттер даярдалууда. Карьера борборлору түзүлдү жана социалдык тармактар аркылуу пиар кампания ишке киргизилди. Колледждердин сайттарын жаңылоо боюнча иш жүгүзүлүүдө.

15-саясий аракет. Алуучу БИМ аркылуу өндүрүш менен БКБ жана ОКБнын ортосунда өнөктөштүк долбоорлорун иштеп чыгып, ишке ашырышы керек (1 АТБга минимум 1 өнөктөштүк, минималдуу шарт – кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум)

Негизги өнөктөштөр менен меморандумдарга кол коюлган. Меморандумдун милдеттерин ишке ашыруу жана өнөктөштүк биргелешкен иш-чараларды өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Карьера борборлору жаңы меморандумдарды иштеп чыгууда жана меморандумдарда белгиленген милдеттер боюнча иш-чаралардын ишке ашырылышына байкоо жүргүзүүдө.

16-саясий аракет. Алуучу БИМ аркылуу кийинкилерди камсыздоого тийиш: (а) Тармактардын өкүлдөрү Улуттук квалификациялык кеңеште көрсөтүлүшү керек; жана (b) өндүрүш менен өнөктөштүк үчүн АТБнын бир бөлүгү катары эксперттик топтор түзүлүшү керек.

a) Бүгүнкү күндө КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан эксперттердин сунуштарын жана эскертүүлөрүн эске алуу менен бул токтомго өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн (ССӨМдүн 2021-жылдын 8-июнундагы №760 буйругу).

КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №193 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун долбоору КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри тарабынан кол коюлган жана министрликтер жана ведомстволордун ортосунда ыкчам макулдашуу үчүн көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүчү менен Министрлер кабинетине жиберилген (чыгыш кат 24.06.2021-ж. № 08-1/2-7796).

b) Эксперттик топтор түзүлдү. Эксперттик топтордун өкүлдөрү колледждин пилоттук жана башка программалары боюнча бүтүрүүчүлөрдү баалоого жана аттестациялоого катышууда. Колдонуудагы программаларды жакшыртуу үчүн экзамендердин жыйынтыктары боюнча сунуштарды алуу күтүлүүдө.

 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар