Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр

Көрүлдү: 517

Гендердик теңчилик
Аялдар жана кыздардын жаңычылдык жана технологияны өздөштүрүүдө салымы маанилүү.
Туруктуу жана инклюзивдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн билимге тең жеткиликтүүлүк абдан маанилүү.
 
Азия Өнүктүрүү Банкы март айында гендердик теңчиликке жана аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүүгө багытталган бир катар иш-чаралар менен Гендер айын белгилейт.
 
Азия Өнүктүрүү Банкынын «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоору өлкөнүн экономикасынын негизги тармактарында жумушчу күчүнүн квалификациясын жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу инклюзивдик өсүүгө көмөк көрсөтүү аркылуу Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган.
 
Долбоордун алкагында республиканын 8 колледжинде Алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлгөн. Бул окуу жайларда окуу-өндүрүштүк аянттарында толук оңдоо-курулуш иштери жасалып, окуу-өндүрүштүк комплекстер ачылды.
 
Колледждерде кыздардын техникалык факультеттерге кабыл алынуусунун көрсөткүчүн бир кыйла жогорулаткан артыкчылыктуу адистиктер долбоор алкагына камтылган.
 
Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинин (БКАМС) студенттери калыптанып калган гендердик стереотиптерге карабай кесип тандоонун маанилүүлүгү, келечекке пландары, тажрыйбалары тууралуу бөлуштү.

 

 

 

 

 

 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар