Борборлоштурулган бухгалтерия
Борборлоштурулган бухгалтерия

Көрүлдү: 1732

биз жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин

          алдындагы  Борборлоштурулган бухгалтерия боюнча маалымат

                                         

 

       Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Борборлоштурулган бухгалтерия  Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1965-жылдын 28-январындагы No 39 токтомуна жана Аткаруу комитетинин Кыргыз ССР эмгекчилер депутаттарынын Фрунзе шаардык Советинин  1970-жылдын 23-апрелиндеги №156 чечимине ылайык уюштурулган.       

        Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы борборлоштурулган бухгалтерия республикалык деңгээлдеги төмөнкү ведомстволук уюмдарды тейлейт:

       1. Республикалык "Балажан" эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук     борбору                       

       2. Республикалык экология, жаратылышты таануу жана туризм балдар жана   

       жаштар борбору .

       3.Психологиялык жана медицин- педагогикалык консультация

       4. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Борборлоштурулган бухгалтерия.

        Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Борборлоштурулган бухгалтериясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы  ведомстволук уюму болуп саналат жана түздөн-түз Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине баш ийет. Бухгалтерия бөлүмү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жөнүндө жобону( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген) жетекчиликке алат, ички эмгек эрежелери,  регламент жана башка Кыргыз Республикасынын укук- ченемдик актыларына таянат.

Борборлоштурулган бухгалтериянын  белгиленген үлгүдөгү мөөр жана штамп, аймактык казына бөлүмүндө эсептик счет бар жана юридикалык жак болуп саналат. Алгачкы мамлекеттик каттоо 1992-жылдын 18-сентябрында жүргүзүлгөн. Юстиция министрлигинде 1997-жылдын 24-апрелинде кайрадан каттоодон, 2016-жылдын 3-августунда кийинки каттоо жүргүзүлгөн.

     Борборлоштурулган бухгалтериясынын  негиздөөчүсү - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар