Борборлоштурулган бухгалтерия
Борборлоштурулган бухгалтерия

Көрүлдү: 2689

МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ СЕКТОРУНДА БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕПТИ ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЖОБО

МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ СЕКТОРУНДА БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕПТИ ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУ

ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЖОБО

 

I БӨЛҮК

БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕПТИ УЮШТУРУУ ЖАНА ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ

1- ГЛАВА.

Жалпы жоболор

(КР ФМ буйругунун 2019 жылдын 12 сентябрындагы №103-Б2019 жылдын 16 сентябрындагы №107-Б редакциясына ылайык)

 

1. Ушул Жобо мамлекеттик башкаруу секторундага бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча (мындан ары –Жобо) бюджеттик мекемелер үчүн бухгалтердик отчеттуулукту түзүү жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө бирдиктүү тартипти белгилейт.

2. Бухгалтердик эсеп ушул жобого ылайык, бюджеттик мекемелер тарабынан, эсептер планын милдеттүү түрдө колдонуу менен каржылоо булактары боюнча жүргүзүлөт.

3. Бюджеттик мекемелердин финансылык отчеттуулугун даярдоо үчүн маалымат булагы болуп, бухгалтердик эсептин регистринин маалыматтары эсептелет.

4. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен (мындан ары- Финансы министрлиги ) макулдашуу боюнча жана өз ишинин өзгөчөлүгүн эске алып, бухгалтердик эсепти жөнгө салуучу ички документтерди иштеп чыгат.

 

2- ГЛАВА

БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕПТИ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР

§1. Бухгалтердик кызматтын милдети жана милдеттенмеси

5. Бухгалтердик кызматтын (бухгалтердиннегизги милдеттери:

а) бюджеттик мекеменин финансы-чарбалык иши жөнүндө, финансылык отчеттуулукту даярдоо аркылуу анын мүлктүк абалы жөнүндө толук жана анык маалыматты өз убагында түзүү;

б) чарбалык операцияларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакталышын контролдоо үчүн зарыл маалыматтар менен камсыздоо;

в) чарбалык операцияларды ишке ашырууда, бекитилген ченемдердин сакталышынын үстүнөн контролдоо, алар үчүн мындай чектөөлөр каралган;

г) бюджеттик мекемелерде болгон активдердин сакталышынын жана максаттуу пайдаланышынын үстүнөн контролдоону ишке ашыруу (эсеп жүргүзүү жол-жоболору аркылуу).

6. Бюджеттик мекеменин бухгалтердик кызматынын (бухгалтердин) милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, баштапкы документтердин негизинде бухгалтердик эсептин регистрине чарбалык операцияларды өз убагында каттоо;

- бюджеттик мекеменин ички жоболорун, архивдик ишти, иш кагаздарын жүргүзүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык документ жүгүртүүнү жүргүзүү;

- жумушка алуу жана жумуш убактысын эсепке алуу боюнча ички документтерге, учурдагы мыйзамдарга, жалдоо келишимине ылайык кызматчыларга эмгек акы чегерүү жана төлөп берүү;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга жана салык мыйзамдарына ылайык, эмгек акы төлөмдөрүнөн салыктык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кармап калуу;

- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык, салык регистрлерин жүргүзүүнү кошкондо, салыктык эсепти жүргүзүү;

- каржылоонун бардык булактары боюнча бекитилген бюджеттин сакталышын контролдоону ишке ашыруу;

- каржылоо булактары боюнча бекитилген бюджетти жана сметаларды иш жүзүндө аткаруунун максаттуу мүнөзү жана көлөмдөрү тууралуу маалымат менен бюджеттик мекеменин жетекчисин камсыздоо;

- квартал сайын (чет өлкөлүк коммерциялык банктарда ачылган эсептер үчүн –жыл сайын) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептерде жана Казыналыктын системасындагы эсептерде, коммерциялык банктардагы эсеп-кысап эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары боюнча, бухгалтердик эсептин маалыматтары менен салыштырып текшерүүнү жүргүзүү жана айырмачылык табылган учурда зарыл болгон түзөтүүнү өз убагында киргизүү;

- ар бир жылдын 31-декабрына карата бардык дебиторлор жана кредиторлор боюнча дебитордук жана кредитордук карыздардын калдыктарын жазуу жүзүндө салыштырып, текшерүүнү жүргүзүү;

- жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча бухгалтердик эсептин регистрине зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизүү, инвентаризациялык комиссияны, активдерди инвентаризациялоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык бухгалтердик маалыматтар менен камсыздоо;

- бюджеттик мекеменин кызматчыларынын материалдык жана аванстык отчетторун туура тариздөө жана өз убагында берүүнү контролдоону ишке ашыруу;

- финансылык отчеттуулукту, бюджетти аткаруу тууралуу отчеттуулукту, статистикалык отчеттуулукту, салык отчеттуулугун жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттуулук;

- Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук чөйрөсүндөгү колдонулган мыйзамдарынын талаптарын сактоо.

 

2§. Жетекчинин жана башкы эсепчинин жоопкерчилиги

 

 

 

 

 

 

7. Мекеменин жетекчиси төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик алып жүрөт:

- бюджеттик мекемеде бухгалтердик эсепти жана ички көзөмөлдүн системасын уюштуруу;

- бюджеттик мекемедеги документ жүргүзүүнүн системасын уюштуруу, анын ичинде бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун баштапкы эсептик документтерин, бухгалтердик эсептин регистрлерин сактоону уюштуруу;

- бюджеттик мекеменин ишенимдүү финансылык отчеттуулугун өз учурунда тапшыруу;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда милдеттүү аудиттин өткөрүлүшүн камсыз кылуу;

- бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитүү;

- чарбалык операцияларды аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо.

- башкы эсепчинин же бухгалтердин кызматтын жетекчисин, бухгалтердик кызматтын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу.

8. Башкы эсепчи (эсепчи) же бухгалтердик кызматтын жетекчиси бюджеттик мекеменин жетекчисине түздөн-түз баш ийет жана төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик алып жүрөт:

бухгалтердик кызматтын ишин уюштуруу;

- бухгалтердик эсеп, отчеттуулук тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарын сактоо;

бюджеттик мекеменин ишенимдүү финансылык отчеттуулугун өз учурунда даярдоо;

- бухгалтердик эсептин регистрлерин жүргүзүү;

- бухгалтердик кызматтын ичинде кызматтык нускамаларды иштеп чыгуу жана кызматтык милдеттерди бөлүштүрүү;

- бухгалтердик кызматтын кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү;

- кызматтан бошогон учурда иштерди өткөрүп берүү.

 

§3. Башкы эсепчинин укуктары

9. Башкы эсепчи бухгалтердик кызматтын максаттарын жана милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

- иштин айрым бөлүктөрүн аныктоо (каржылык топ, эсептешүү тобу, материалдык топ ж.б.) жана бул бөлүктөр боюнча ишти бухгалтердик кызматтын кызматчылары ортосунда өз алдынча бөлүштүрүү;

- бюджеттик мекеменин башка түзүмдүк бөлүктөрүнөн жана кызмат адамдарынан чарбалык операцияларды ишке ашыруу жана каттоо боюнча каалаган маалыматтарды алууга; ошондой эле чарбалык келишимди макулдашуу жол-жобосуна катышууга;

- бюджеттик мекеменин кызматкерлериненинен Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук тармагындагы (анын ичинде эл аралык) ченемдик укуктук актыларын өз учурунда аткарууну талап кылууга;

- бюджетти даярдоо жана аткаруу, бухгалтердик эсеп, ички көзөмөл жана салык салуу системаларын уюштуруу боюнча ички документтерди иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуштар менен бюджеттик мекеменин жетекчисине кайрылууга;

- бюджетти түзүү жана аткаруу, бухгалтердик эсеп, отчеттуулук, ички көзөмөл жана салык салуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарынын нормаларын колдонуунун тууралыгы жөнүндөгү маселелер боюнча ыйгарым укуктуу жана көзөмөлдөөчү органдардан түшүндүрмө алуунун зарылдыгы жөнүндө сунуштар менен мекеменин жетекчисине кайрылууга;

- бюджеттик мекеменин материалдык жооптуу жана отчеттуу адамдарынан материалдык жана аванстык отчетторду аныкталган форматта өз учурунда тапшырууну талап кылууга;

- бухгалтердик кызматтын кызматкерлерине сый акы берүү, аларды окууга жиберүү, грамота менен сыйлоо,

- кызматынан жогорулатуу жөнүндө сунуштар менен бюджеттик мекеменин жетекчисине кайрылууга;

- бухгалтердик эсеп, отчеттуулук, ички көзөмөл жана салык салуу системасы тармагындагы аныкталган нормаларын жана эрежелерин бузган бухгалтердик кызматтын кызматкерлерине жана бюджеттик мекеменин кызматкерлерине тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуштар менен бюджеттик мекеменин жетекчисине кайрылууга;

- бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринен өз кызматтык милдеттерин аткарууну талап кылууга;

- бухгалтердик кызматтын кызматкерлеринин штаттык саны жөнүндө сунуш менен мекеменин жетекчисине кайрылууга;

- ведомствого караштуу жана территориалдык бөлүмдөрдүн бухгалтердик кызматтарынан жалпыланган отчеттуулукту, анын ичинде бюджетти аткаруу жөнүндө финансылык отчеттуулукту калыптандыруу үчүн зарыл бардык маалыматтарды алууга.

10. Башкы бухгалтердин бухгалтердик кызматка зарыл документтерди жана маалыматтарды берүү жана тариздөө тартиби жаатындагы талаптары бюджеттик мекемелердин бардык кызматкерлери үчүн, ал эми эсепти борборлоштурууда бардык тейленүүчү бюджеттик мекемелер үчүн милдеттүү болуп саналат.

 

 

§4. Башкы эсепчи тарабынан иштерди өткөрүп берүү- кабыл алуу

11. Башкы эсепчи кызматынан бошогон учурда (жумуштан кеткенде, башка кызматка которулганда же көчүрүлгөндө) кызматка дайындалган башкы эсепчиге, же ал жок болгон учурда – бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан дайындалган ыйгарым укуктуу кызматкерге иштерди өткөрүп берүү. Ишти өткөрүп берүү –кабыл алуу учурунан баштап,кызматтан бошотулган башкы бухгалтердин кол коюу укугу алынып салынат.

12. Башкы бухгалтер тарабынан ишти өткөрүп берүү-кабыл алууну жүргүзүү үчүн, бюджеттик мекеменин жетекчисинин буйругунун негизинде ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу боюнча комиссия түзүлөт,анда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

- ишти өткөрүп берүү-кабыл алуунун себеби;

-ишти кабыл алуучу кызматтык адам жөнүндө маалымат;

- ишти өткөрүп берүүчү кызматтык адам жөнүндө маалымат;

- ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу жана ишти кабыл алуучу кызматтык адамдын кол коюу укугу таризделгенге чейинки мөөнөткө кол коюу укугу берилген адам;

- ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу жүргүзүлө турган күн;

- ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу мөөнөтү, эки жумадан көп эмес жана башкы бухгалтер кызматтан бошотулган күндөн кеч эмес;

- комиссиянын курамы;

- комиссиянын катчысы;

тийиштүү документтерди даярдоо жана аларды Комиссияга берүү үчүн жооптуу адамдар.

13. Комиссия:

1) кызматтык адамдардын ишин өткөрүп берүү-кабыл алууну уюштурат жана ушул жобонун талаптарына ылайык ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу актысын түзүү;

2) кассанын абалын текшерет (накталай акчаны сактоо үчүн тийиштүү шарттар камсыздалганбы, кассалык китептеги жазуулардын абалы, кассада сакталган башка баалуулуктар боюнча абал жана алардын бухгалтердик жазууларга шайкеш келүүсү, чек китепчелеринин болушу, пайдаланылбаган чектердин номерлери) жана кассадагы накталай калдыктарды текшерүү актысын түзөт, анда акча каражаттардын калдыгынын суммасы, кассалык операцияларды жүргүзүү үчүн жооптуу адам же кассир, бухгалтердик кызматтын ишин өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу адам тарабынан кол коюлуучу акыркы киреше жана чыгаша ордерлеринин номери жана күнү;

3) акчалык эсептин, эсептешүү операцияларынын, баланстын эсептешүү беренелеринин эсебинин абалын (дебиторлук жана кредиторлук карыздын реалдуулугу, төлөтүп алуусу реалдуу эмес болгон карыздардын бар экендиги, ага күнөөлүү адамдарды көрсөтүү менен, өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актыларынын бар экендигин, бюджетке өз учурунда которулбаган суммалардын бар экендиги) текшерет;

4) кем чыгууларга, ашыкчаларга, же башка бузууларга жол берген кызматтык адамдан алынган жазуу жүзүндөгү түшүнүк катты карайт жана ишти өткөрүп берүү –кабыл алуу актысында көрсөтөт;

5) эсептик регистрлердин маалыматы боюнча бухгалтердик баланстын маалыматынын ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу датасынан мурунку акыркы отчеттук датасына шайкеш келүүсүн текшерет.

14. Комиссиянын же кызматтык адамдардын мүчөлөрү тарабынан сын-пикирлер болгондо, (ишти өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу), же шайкеш келбегендик табылган учурда, алардын келип чыгуу себептери аныкталат, андан кийин ишти өткөрүп берүү-кабыл алууну жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан аларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт.

15. Комиссиянын мүчөлөрү кызматтык адамдардын ишин өткөрүп берүү –кабыл алуу боюнча документердин толуктугу жана аныктыгы үчүн өз компетенциясынын чегинде жоопкерчилик тартат.

16. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча комиссиянын катчысы өткөрүп берүү-кабыл алуу актысын түзөт, ага кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү тараптар, комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коюшат. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуунун актысында ага тиркелүүчү документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Өткөрүп берүү-кабыл алуунун актысы эки экземплярда түзүлөт, алардын бири бухгалтердик кызматка, экинчи экземпляры ишти өткөрүп берүүчү кызматтык адамда калат.

17. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуунун актысында төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

- ишти өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу адамдардын аты-жөнү;

- бюджеттик мекеменин жетекчисинин буйругуна ылайык комиссиянын курамы;

- ишти өткөрүп берүү күнү (мезгили);

- бюджеттик мекеменин жетекчисинин буйругунун реквизиттери, анын негизинде иш өткөрүлүп берилет;

- өткөрүлүп берилүүчү документтердин аталышы жана документтер тиркелген папкалардын саны тизмеленет;

- текшерүүнүн жүрүшүндө табылган бухгалтердик жана салыктык отчеттуулуктагы эсепте табылган каталар жана так эместиктер;

- жок документтердин тизмеси;

- ишти өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу адамдардын түшүндүрмөлөрү жана сын-пикирлери.

18. Биринчи кезекте актыга ишти өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу адамдар, ошондой эле комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.

19. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилгенден кийин ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу аяктады деп эсептелет. Ишти өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы башкы бухгалтер кызматынан бошотулган датага карата бекитилет.

 

§5. Борборлошкон бухгалтерия аркылуу тейленүүчү бюджеттик мекемелерде ишти уюштуруу

20. Борборлошкон бухгалтериялар тарабынан тейленүүчү мекемелердин курамына кирген бардык түзүмдүк бөлүмдөр бухгалтерияга бухгалтердик эсеп жана контролдоо үчүн керектүү документтерди өз убагында тапшырууга милдеттүү.

21. Борборлошкон бухгалтерияларда эсеп жүргүзүүдө тейленүүчү мекемелердин жетекчилеринде анын карамагына кирген бардык чарбалык операциялардын өз убагында жана туура таризделишине милдеттүүлүгү сакталат.

 

§6. Бухгалтердик эсепти автоматташтыруу

22. Бухгалтердик эсепти автоматташтыруу эсептин бекитилген планына ылайык, балансты түзүү менен эсептин бардык бөлүмдөрү боюнча документтерди иштеп чыгуунун бирдиктүү өз ара байланышкан технологиялык процессине негизделет.

23. Бухгалтердик эсепти комплекстүү автоматташтыруу, бюджеттик мекеменин чыгашалар сметасын аткаруу шартында синтетикалык жана аналитикалык эсепке алуунун маалыматтары программалык комплексте пайдаланылган маалыматтар базаларында түзүлөт жана ай сайын документтердин чыгарылыш түрүндө (мемориалдык ордерлер, карточкалар, ведомосттор, башкы китеп, отчет ж.у.с.) кагаз жүзүндө чыгарылат. Мында документтердин чыгарылыш түрлөрүндө көрсөткүчтөрдүн мазмуну ушул бухгалтердик эсептин регистрлери үчүн жободо каралган талаптарга ылайык болууга тийиш.

 

3 - ГЛАВА

ИЧКИ КӨЗӨМӨЛ СИСТЕМАСЫНА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР

§1. Ички көзөмөл системасынын негизги элементтери

24. Бюджеттик мекемелердеги ички көзөмөл системасынын негизги элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:

- функционалдык милдеттерди бөлүштүрүү;

- материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдерди түзүү;

- чарбалык операцияларды документтик түрдө тариздөө;

- чарбалык операцияларды эсеп регистрлеринде каттоо;

- салыштырып текшерүүлөрдү жүргүзүү;

- активдерди инвентаризациялоо;

- МЖА отчетко караштуулугу;

- жумуш убактысын каттоо;

- чарбалык келишимдерди санкциялоо, макулдашуу жана каттоо;

- активдерди сактоо;

- активдерди берүүдө юридикалык тараптардын ишеним катынын бар болушу.

 

§2. Функционалдык милдеттерди бөлүштүрүү

25. Бюджеттик мекеменин кызматкерлеринин милдеттерин бөлүштүрүүдө функционалдык милдеттерди бөлүштүрүү принциби колдонулат, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

- эсептик функциялардын көзөмөлдүк функциялардан (анын ичинде бюджеттик процесс үчүн) ажыратылгандыгы;

- активдерди (анын ичинде акча каражаттарын) берүүгө документтерди жазуу боюнча функциялардын бул активдерди берүү боюнча функциялардан ажыратылгандыгы.

 

§3. Материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдердин түзүлүшү

26. Бюджеттик мекеме МЖАнын, ошондой эле накталай акча каражаттарын отчетко караштуулук менен алууга укуктуу адамдардын тизмесин бир жылдык негизде түзөт жана бекитет. Отчеттуу сумма бюджеттик мекеменин кассасынан накталай түрдө же жамааттык келишимге ылайык накталай эмес түрдө эмгек акы долбоору боюнча төлөө картасына которуу аркылуу берилет. Бардык МЖА менен материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдер түзүлөт. Материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдерде, МЖА жооптуу болгон активдер жана МЖА жооптуу болгон мүлк боюнча зыяндын ордун толтуруу тартиби милдеттүү түрдө көрсөтүлөт, отчеттук сумма накталай эмес түрдө берилген учурда алуучунун төлөө картасынын реквизиттери көрсөтүлөт.

 

§4. Салыштырып текшерүүнү жүргүзүү

27. Салыштырып текшерүү актылары дебиторлор жана кредиторлор, ошондой эле коммерциялык банктар (анын ичинде чет өлкөлүк банктар) жана аймактык бөлүмдөрү менен акча каражаттарынын калдыктары жана кыймылы, дебиторлук жана кредиторлук карыздар боюнча түзүлөт.

28. Салыштырып текшерүү актылары бир жылдык негизде, отчеттук датага карата бюджеттик мекеменин финансылык отчеттуулугун даярдоо учурунда милдеттүү түрдө түзүлөт. Башкы бухгалтердин чечими менен салыштырып текшерүүлөр квартал сайын жүргүзүлүшү мүмкүн.

29. Бюджеттик мекеме бир жылдык негизде (отчеттук датага карата) мекеменин жеткирүүчүлөрүнүн (поставщик) дарегине жүргүзүлгөн тике төлөмдөр жөнүндө үчүнчү тараптардан (мекеменин чыгымдарын төлөгөн донорлордон) тастыктоо алып турууга милдеттүү.

30. Салыштырып текшерүү актысы жазуу түрүндө баштапкы документтерди тариздөө боюнча талаптарды сактоо менен түзүлөт жана бюджеттик мекеменин атынан жетекчи жана башкы бухгалтер кол коет.

 

§5. Активдерди жана финансылык милдеттенмелер инвентаризациялоо

(КР ФМ буйругунун, 2019 жылдын 16 сентябрындагы №107-Б редакциясына ылайык)

 

31. Активдерди (мүлктү) финансылык милдеттенмелер инвентаризациялоо жүргүзүүнүн жалпы тартиби активдерди жана финансылык милдеттенмелерди инвентаризациялоо жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан аныкталат.

32. Инвентаризациянын жүрүшүндө аныкталган ашыкчалар бюджеттик мекеменин (Форма ИНВ-26) бухгалтердик эсебинде, активдерди кириштөө күнүнө карата рыноктук наркы боюнча киреше катары таанылат. Табигый азаюунун (колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аныкталган) нормаларынын чегиндеги кем чыгуу чыгаша катары эсепке алынат. Активдин кем чыккан, бузулган, жоголгон же уурдалган суммасы, зыян келтирүү табылган күнгө карата, активдин рыноктук наркы боюнча, бухгалтердик эсептин регистрине чагылдыруу менен, материалдык жооптуу адамдардын (МЖА), же күнөөлүү адамдардын дебитордук карызы катары эсептелет. Кем чыгуу жана уурдоо аныкталгандан материалдар укук коргоо органдарына берилүүгө тийиш. Соттун чечимин алган учурда, күнөөлүү адамдарга коюлган сумма аткаруу барагына ылайык такталат жана бухгалтердик эсептин регистрлеринде тийиштүү түзөтүүлөр жүргүзүлөт.

Материалдык баалуулуктардын кем чыккан же уурдалган өндүрүлүүчү суммасы күнөөлүү адамдар тарабынан акча формасында орду толтурулат жана республикалык же жергиликтүү бюджетке чегерилет.

33. Активдердин рыноктук наркы – бул эсепке алынган күнгө карата көрсөтүлгөн активдерди сатуунун натыйжасында алына турган акча каражаттардын суммасы. Рыноктук нарк инвентаризациялык комиссия тарабынан активдердин рыноктук наркын аныктоонун салыштырма методу боюнча аныкталат. Салыштырма метод – окшош активдердин рыноктук наркын салыштыруу базасында бааны эсептөө методу. Окшош активдер боюнча рыноктук маалымат жок болгон учурда рыноктук нарк эксперттер тарабынан аныкталат.

34. Күнөөлүү адамга коюлган сумманын аналитикалык эсеби, ар бир күнөөлүү адам боюнча алардын аты-жөнүн, кызматын, карыз пайда болгон күндү көрсөтүү менен карточкада (форма 1) жүргүзүлөт.

35. Активдерди уурдоо жана кем чыгуулар боюнча ордун толтуруу сот тарабынан четке кагылган карыздарды, ошондой эле алууга үмүтсүз деп таанылган башка карыздар чыгашалар деп таанылат, кийин карыздар адамдын мүлктүк абалы өзгөргөн учурда төлөтүп алуу мүмкүнчүлүгүнө байкоо жүргүзүү үчүн эсептен чыгарган учурдан баштап беш жыл аралыгында системадан тышкаркы эсепте эске алынат.

 

§6. Материалдык-жооптуу адамдардын отчетко караштуулугу

36. МЖА өзүнүн отчетуна алган активдер боюнча жума сайын эсеп регистрлерине активдердин кыймылы боюнча маалыматтарды милдеттүү түрдө киргизет. Активдердин берилиши жана түшүшү тиешелүү баштапкы документтер менен таризделет.

37. МЖА мезгил ичиндеги активдердин кыймылы жөнүндө отчетту алардын кыймылынын тастыктоочу баштапкы документтердин бардыгын тиркөө кылуу менен ай сайын, айдын башынан тартып үч күндөн кечиктирбестен түзүшөт. Отчеттор ушул жобонун 4 главасынын §4 каралган, баштапкы документтерди тариздөөнүн талаптарына ылайык түзүлөт.

 

§7. Мекеменин кызматкерлеринин жумуш убактысын каттоо

38. Жумуш убактысынын эсеби ай сайын түзүлүүчү (Форма N Т-13)жумуш убактысын эсепке алуу табели менен таризделет. Жумуш убактысын эсепке алуу табели жооптуу адамдар тарабынан толтурулуп, тиешелүү түзүмдүк бөлүктүн жетекчисинин колу коюлат да, бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.

 §8. Чарбалык келишимдерди түзүүгө уруксат берүү, макулдашуу жана каттоо

39. Бардык келишимдер жетекчинин уруксаты менен түзүлөт жана макулдашууга жана каттоого жатат. Түзүлгөн келишимдерди каттоо атайын журналда же электрондук түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн. Келишимдерди макулдашуу процессине катышуучу кызматкерлердин тизмеси мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.

40. Макулдашуу процесси бул процессте катышкан адамдардын келишимдин ар бир бетинде кол коюшу менен таризделет. Кошумча макулдашуулар негизги келишимдер сыяктуу эле макулдашуу процедурасынан өтөт. Бюджеттик мекеменин жетекчиси эмгек келишимдери үчүн макулдашуунун өзгөчө тартибин аныктоого укуктуу.

41. Келишимдерди макулдашуу этабында бюджеттик мекеменин жооптуу адамдары тарабынан каржылоонун ар бир булагы боюнча бюджеттик (каражаттардын бар экендигине) контролдоо жүргүзүлөт.

42. Келишимдер сканирленип, кагаз жана электрондук түрдө сакталат. Келишимдерди сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелериндеги иш кагаздарын жүргүзүүнү, архив менен ички жоболорду жолго салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

§9. Товардык-материалдык баалуулуктарды сактоо

43. Товардык-материалдык баалуулуктарды сактоо атайын ыңгайлаштырылган жайларда жана сактоону камсыз кыла турган жабдууларды колдонуу менен жүргүзүлөт. Кызматтык бөлмөлөрдүн терезелерине тосмо тагылат. Материалдык баалуулуктарды кабыл алуу, сактоо жана берүү үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекеменин жетекчисинин буйругу менен дайындалган МЖАга жүктөлөт. Кабинеттердин жана бөлмөлөрдүн ачкычтары МЖАда жана коопсуздук үчүн жооп берген кызматкерлерде гана болот. Зарыл учурда бюджеттик мекеме таразалык жабдуу, өлчөө приборлору, өлчөөчү идиш жана башка көзөмөлдүк куралдар менен жабдылат.

 §10. Активдерди өткөрүп берүү учурунда юридикалык тараптын ишеним катынын бар болушу

44. Бюджеттик мекеменин материалдык активдерин башка юридикалык тараптын дарегине өткөрүп берүү юридикалык тараптын өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктаган ишеним каттын негизинде жүргүзүлөт.

 

4 - ГЛАВА

 БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕПТЕГИ ДОКУМЕНТ ЖҮГҮРТҮҮ

 1§. Иш кагаздарынын номенклатурасы

45. Иш кагаздарынын номенклатурасы – бюджеттик мекемеде жүргүзүлүүчү иш кагаздарынын аталыштарынын, алардын сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен, системалаштырылган, белгилүү тартипте таризделген тизмеси. Ар бир документ, каттоодон жана иштетүүдөн өткөндөн кийин, тиешелүү папкага тиркелет. Бюджеттик мекеменин бухгалтердик кызматында болгон бардык папкалар иш кагаздарынын номенклатурасын түзүшөт. Бюджеттик мекеме тарабынан бекитилген иш кагаздарынын номенклатурасы Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын аныкталган талаптарына туура келүүгө тийиш.

46. Бухгалтердик документтер тиркелген ар бир папка сырткы бетинде төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

- папканын номуру;

- папканын аталышы;

- отчеттук мезгил;

- бюджеттик мекеменин аталышы;

- папканын жабылган датасы.

 

§2. Бухгалтердик эсептин документтерин сактоо

47. Баштапкы эсеп документтери, бухгалтердик эсептин регистрлери бухгалтердик отчеттор жана баланстар аларды архивге тапшырганга чейин бухгалтерияда атайын бөлмөдө же жабык шкафтарда сакталууга тийиш.

48. Карточкалар картотекаларда сакталат, алар ич ара материалдык жооптуу адамдар боюнча бөлүштүрүлүүчү элементтер боюнча жайгаштырылат, ал эми борборлошкон бухгалтерияларда - тейленген бюджеттик мекемелер боюнча да жайгаштырылат.

49. Материалдардын, баалуулугу анча болбогон буюмдардын жана башкалардын эсеп карточкасы карточкалардын каттамы, бухгалтердик эсептин каттамы жана башка бухгалтердик документтер менен бирге тиркелген түрүндө жыл сайын же эки жылда бир жолу архивге тапшырылып турат. Ушундай эле мөөнөттө архивге жыл ичинде чыгарылган негизги каражаттар эсебинин карточкалары да тапшырылат.

50. ОС-10 формасынын негизги каражаттар эсеби боюнча инвентардык карточкалардын жазмасы архивге тапшырылат, анда формалар ОС-6 бюджет, ОС-8, ОС-9 акыркы инвентардык карточка боюнча инвентарды жараксызга чыгаруу жөнүндө белги коюлат. Инвентардык карточкаларды эсепке алуу тизмеси архивге тапшыруу (Форма 2) документтерди тапшыруу реестри боюнча жүргүзүлөт, анда карточканын номуру жана эсептен чыгарылган инвентардын аталышы көрсөтүлөт, ал эми борборлошкон бухгалтерияларда мындан тышкары, тейленүүчү бюджеттик мекеменин аталышы да көрсөтүлөт.

51. Документтерди архивге өткөрүү жана аларды сактоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын архивдик иши тууралуу мыйзамдар тарабынан белгиленет. Архивге ишти тапшырууну күбөлөндүргөн документтер дайыма бухгалтерияда сакталат.

52. Баштапкы эсеп документтерин, бухгалтердик эсептин жана бухгалтердик отчеттун регистрлерин бюджеттик мекемеде сактоо мөөнөтү 6 жыл.

53. Катуу отчеттуулук бланкасынын аналитикалык эсеби катуу отчеттуулук бланкасынын эсепке алуу китебинде жүргүзүлөт (Форма 37).

 

 

§3. Чарбалык операцияларды каттоо

54. Бардык чарбалык операциялар бухгалтердик эсептин регистринде катталат.

55. Бухгалтердик эсептин регистринде каттоодон мурун, баштапкы документтер алардын туура таризделиши жана аларды көчүрүп алуу үчүн мыйзамдуу негиздердин болушу текшерилет.

§4. Документ жүргүзүүгө коюлуучу жалпы талаптар

56. Бухгалтердик эсеп бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсептин мемориалдык ордердик формасы боюнча, Эсеп планынын элементтери боюнча кош жазуу аркылуу жүргүзүлөт.

57. Чарбалык операциялардын жүргүзүлгөндүгү баштапкы тастыктоочу документтер менен таризделет, алар операция жүргүзүлгөн учурда, же түздөн-түз ал аяктаганда түзүлөт. Бардык баштапкы документтер милдеттүү реквизиттерди камтышы керек. Баштапкы документтердеги милдеттүү реквизиттер болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- баштапкы документтин аталышы;

- анын атынан документ түзүлгөн уюмдун аталышы;

- документтин номери жана түзүлгөн күнү;

- операцияны сыпаттоо;

- цифра жана жазуу менен сумманы көрсөтүү;

өлчөө бирдиги (накталай жана акча түрүндө);

чарбалык операцияларды жүргүзүүгө жооптуу адамдардын кызматтарынын аталышы (алардын аты-жөнүн көрсөтүү менен);

ыйгарым укуктуу адамдардын колу;

- бюджеттик мекеменин мөөрү (тышкы контрагенттер менен операцияларда).

58. Эсептөө маалыматын иштетүү технологиясына жараша баштапкы эсеп документтерине кошумча реквизиттер (коддор, контролдук белгилер ж.б.) киргизилиши мүмкүн, алар бухгалтердик эсеп боюнча ченемдик актылардын жана усулдук документтердин талаптарын бузууга тийиш эмес.

59. Акча каражаттарын төлөө жүргүзүлө турган документтерге бюджеттик мекеменин жетекчисинин же анын милдетин убактылуу аткаруучунун, башкы бухгалтердин же анын орун басарынын колу коюлбаган болсо, ал документтер жараксыз деп эсептелет жана аткарууга кабыл алынбайт. Кассалык кириш ордери башкы бухгалтердин же анын орун басарынын жана кассирдин коюлган колу болгондо гана жарактуу. Бюджеттик мекеменин жетекчиси орун басарларына (статс-катчы) баштапкы документтерге кол коюу укугун ыйгарым укук берет.

60. Баштапкы документтер тартиби боюнча номерленет. Баштапкы документациянын ар бир түрү үчүн өзүнүн ырааттуу нумерациясы болушу мүмкүн. Негизги ирээттик номерге кошумча цифраларды жана тамгалык белгилөөнү пайдалануу менен номерлөөгө тыюу салынат. Бюджеттик мекеменин бухгалтердик кызматына баштапкы документтерди жана отчетторду берүү тартиби жана мөөнөтү башкы бухгалтер тарабынан белгиленет жана бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.

61. Баштапкы документтердин аныктыгы, аларды өз убагында берүү жана туура тариздөө үчүн жоопкерчилик ошол документтерди түзгөн жана колун койгон жооптуу адамдарга жүктөлөт.

62. Айрым чарбалык операцияларды жүргүзүү боюнча бюджеттик мекеменин жетекчиси менен башкы бухгалтердин, же бухгалтердик эсепти жүргүзүүчү адамдын ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда, ал боюнча документтер бюджеттик мекеменин жетекчисинин жазуу түрүндө буйругу менен аткарууга кабыл алынышы мүмкүн, анткени ал мындай операцияларды ишке ашыруунун натыйжасы үчүн толук жоопкерчиликти тартат.

63. Баштапкы документтер операция ишке ашып жаткан учурда, эгер бул мүмкүн эмес болсо, анда операция аяктаар замат компьютерди колдонуу менен же кол менен толтурулат. Кол менен толтурулган учурда жазуулар көк паста менен жазылат. Бош саптар чийип ташталат. Суммалар цифра түрүндө (ондук разряд менен) жана жазуу түрүндө көрсөтүлөт.

64. Бюджеттик мекеменин баштапкы документтеринде камтылган маалыматтарды бухгалтердик эсептин регистрлеринде өз убагында каттоо керек.

65. Бухгалтердик эсептин милдеттүү реквизиттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- регистрдин аталышы;

- регистрди түзгөн мекеменин аталышы;

- регистр жүргүзүүнүн башталган жана аяктаган датасы же регистр кайсы мезгил үчүн түзүлгөн;

- бухгалтердик эсептин объектилеринин өлчөө бирдигин көрсөтүү менен акчалай өлчөнүшүнүн чоңдугу;

- регистрди жүргүзүү үчүн жооптуу адамдардын кызматтарынын аталышы, аты-жөнү;

- регистрди жүргүзүү үчүн жооптуу адамдардын колдору.

66. Бухгалтердик эсептин регистрлери каржылоо булактары боюнча жүргүзүлөт.

67. Бухгалтердик эсеп китеби аларда жыл аяктаганда актай барактар артып калган болсо, кийинки жылдын операцияларын жазуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

68. Бухгалтердик китепте жазуу башталганга чейин бардык бетине (барагына) номур коюлат. Барактардын акыркы бетинде башкы бухгалтердин колу коюлуп, белги коюлат: "Ушул китепте бардыгы болуп ____ бетке (баракка) номур коюлду". Ар бир китепте бюджеттик мекеменин аталышы жана китеп ачылган жыл жазылат. Китепте анда ачылган элементтердин мазмуну болууга тийиш. Китептин башка бетине жазууну алып чыкканда ошол элементтер боюнча мазмунда жаңы барактын номурун көрсөтүп жазуунун алынып чыгышы жөнүндө белги коюлат.

69. Аналитикалык эсеп бухгалтердик эсептин регистрлеринде: карточкаларда, топтоочу ведомосттордо, китептерде, анын ичинде бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн прикладдык программалар пакеттерин колдонуу менен жүргүзүлөт.

70. Бухгалтердик эсептин регистрлери синтетикалык жана аналитикалык эсеп боюнча жыл башына карата, өткөн жыл ичиндеги корутунду баланска жана бухгалтердик эсептин каттоолоруна ылайык калдыктар суммасынын жазуусу менен ачылат.

71. Бухгалтердик эсеп регистрлериндеги жазуулар, аларды алган күндөн кийинки күндөн кеч эмес, баштапкы эсеп документтеринен сыя, шарик калемсабынын пастасы, же автоматташтыруу каражаттарынын жардамы менен жүргүзүлөт.

72. Ар бир ай бүткөндөн кийин бухгалтердик эсептин регистрлеринде жүгүртүүлөрдүн жыйынтыгы эсептелинет жана элементтер боюнча калдыктар чыгарылат.

73. Текшерилген жана эсепке кабыл алынган баштапкы эсеп документтери операциялар жүргүзүлгөн даталар боюнча (хронологиялык) тартипте системалаштырылат жана өзүнчө мемориалдык ордерлер - бюджеттик каражаттар жана атайын каражаттар эсебинен операциялар боюнча топтоочу ведомосттор менен таризделет, аларга төмөнкүдөй туруктуу номурлар ыйгарылат: 1, 2, 3, 4, 5, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14 жана 15.

74. Мемориалдык ордерде жазуулар операциялардын жасалышынын өлчөмүнө жараша жүргүзүлөт (бирок, баштапкы эсеп документи алынгандан кийинки күндөн кечиктирбестен), жазуу айрым документтердин негизинде да, ошондой эле топтолгон бир тектүү документтердин негизинде да жүргүзүлөт. Мемориалдык ордерде элементтер корреспонденциясы бир элемент дебети жана башка элементтин кредити боюнча же бир элементтин дебети жана бир нече элементтердин кредити боюнча операциялардын мүнөзүнө жараша жазылат.

75. Мемориалдык ордердин суммасы адегенде "Ордер боюнча сумма" графасына, андан кийин тийиштүү элементтердин дебет жана кредитине жазылат. Дебет боюнча болсун, ошондой эле кредит боюнча болсун бардык элементтер боюнча ай ичиндеги жүгүртүүлөр суммасы "Ордер боюнча сумма" графасынын жыйынтыгына барабар болууга тийиш. Ай ичинде жүгүртүүлөрдөн кийинки экинчи сап менен ар бир элемент боюнча кийинки айдын башталышында калган калдык чыгарылат.

76. "Сторно" аткарымы боюнча өзүнчө мемориалдык ордер түзүлөт (Форма МО-Сторно), аларда ар бир ай үчүн 16-номурдан баштап номур коюлат.

77. Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларынын экономикалык классификация коддору боюнча чыгашаларды көрсөтүү үчүн мемориалдык ордер колдонулат (Форма 3).

78. Мемориалдык ордерге башкы бухгалтер же анын орун басары кол коет, ал эми эсепти жүргүзүү борборлошкон болсо булардан тышкары эсеп тобунун жетекчиси да кол коет.

79. Ар бир отчеттук ай өткөндөн кийин мемориалдык ордерлер – топтоочу ведомосттор аларга таандык документтер менен бирге хронологиялык тартипте топтолууга жана китепче болуп көктөлүүгө тийиш. Документтердин саны азыраак болсо, китепче кылып көктөөнү эки-үч айда бир жүргүзүүгө жана бир папкага жасоого болот. Сыртына төмөнкүлөр жазылат: мекеменин аталышы; папканын, делонун аты жана катар номуру; отчеттук мезгил - жылы жана айы; мемориалдык ордерлердин башталган жана акыркы номуру; делодогу барактардын саны.

80. "Башкы журнал" китеби (308-форма) өткөн жыл ичиндеги корутунду баланска ылайык жыл башындагы калдыктар суммасынын жазуусу менен ачылат. "Башкы журнал" китебинде бюджеттик эске алуу бюджеттик мекемелер үчүн эсептин бекитилген планына ылайык каражаттар жагында өзүнчө эсептер боюнча жүргүзүлөт.

81. "Башкы журналда" жазуулар мемориалдык ордерлерди түзүүгө карата жүргүзүлөт.

82. Карточкалар (негизги каражаттар боюнча карточкалардан тышкары) карточкалар тизмегинде катталат (Форма 4), ал ар бир эсеп үчүн өзүнчө жүргүзүлөт. Негизги каражаттын эсеби үчүн карточкалар ОС-10 формасында негизги каражаттар эсеби боюнча инвентардык карточкалар жазуусунда катталат.

83. Бюджеттик мекемелерде, ошондой эле чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар тарабынан каржылануучу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жооп берген (мындан ары - ОРП) министрликтердин жана ведомстволордун түзүмдүк бөлүктөрүндө бухгалтердик эсептин регистри функционалдык валютада, ошондой эле берилген валютада жүргүзүлө берет. Функционалдык валюта - бул бюджеттик мекеме өз ишин жүзөгө ашыруучу негизги экономикалык чөйрөдө колдонулуучу валюта. Берилген валюта Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - кыргыз сому болуп саналат.

84. Бухгалтердик эсептин регистринде эсепке алынган чет өлкөлүк валютада операциялар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - КРУБ) ошол операциялар жасалган күндөгү эсептик курсу боюнча улуттук валютага кайра эсептелет. Ар бир отчеттук датага чет өлкөлүк валютадагы акча беренелери ошол датага карата колдонулган КРУБдун эсептик курсу боюнча кайра эсептелет. Акча беренелери боюнча кайра эсептөөдө келип чыккан курстук айырма киреше же чыгаша деп табылат. Акча беренеси - бул активдердин же милдеттенмелердин беренеси, аларга карата акча каражаттарын алуу же төлөө чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт.

85. 85. Баштапкы документтерди алып коюу, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, тергөө судьясынын чечиминин негизинде алгачкы текшерүү органдары жана тергөөчү тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн, өзгөчө учурларда, алып коюу тергөө судьясынын чечимисиз жүргүзүлөт, бирок кийин алып коюу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо жөнөтүлүшү керек..

86. Алып коюу протокол менен таризделет, анын көчүрмөсү бюджетик мекеменин тийиштүү кызмат адамына тил кат алынып тапшырылат. Протоколдо буюмзаттар жана документтер кайсыл жерде жана кандай жагдайларда табылганы өз ыктыяры же мажбурлоо менен берилгени көрсөтүлүшү керек. Алынган буюмзаттардын бардыгынын аттары, номери, датасы, документтеги беттердин саны жана башка сыпаттары так протоколдо көрсөтүлүшү керек. Алып коюу протоколунун көчүрмөсү бюджетик мекеменин тийиштүү кызмат адамына тил кат алынып тапшырылат. Алынган докуметтердин көчүрмөсү бюджеттик мекемеде калат.

КР ФМ 2019-жылдагы 12-сентябрындагы №103-б буйругунун редакциясына ылайык

 

87. Эгерде документтердин толук таризделбеген тому алынып жатса (көктөлбөгөн, номуру коюлбаган ж.б.), анда алып таштоону жүргүзгөн органдардын өкүлдөрүнүн уруксаты менен жана алардын катышуусунда мекеменин тийиштүү кызмат адамы ошол томду жеткире тариздеши (эсепке алуу, тизме барактарын номерлөө, көктөө, мөөр коюуп чаптоо, коюлган колду мөөр басып күбөлөндүрүү) мүмкүн.

88. Баштапкы эсеп документтери жоголгон же жок кылынган учурда бюджеттик мекеменин жетекчиси буйрук менен алардын жоголуу же жок кылынуу себептерин териштирүү боюнча комиссия түзөт. Комиссиянын ишинин натыйжасы акты менен таризделет, ал бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.

89. Бухгалтердик эсептин регистрлеринин негизги формалары ушул жобонун 1 тиркемесине ылайык белгиленген.

 §5. Каттоо регистрлериндеги каталарды оңдоо

90. Катанын кетишине бухгалтердик эсеп тармагындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын туура эмес колдонуу, эсеп саясатын туура эмес колдонуу, арифметикалык эсептердеги так эместик, чарбалык операцияларды туура эмес классификациялоо, алынган маалыматты туура эмес чечмелөө, бюджеттик мекеменин кызмат адамдарынын ак ниет эмес ишмердүүлүгү себеп болушу мүмкүн. Бюджеттик мекеменин башкы бухгалтери бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын колдонуунун тууралыгына мониторинг жүргүзүүгө тийиш.

91. Каталарды табуу үчүн башкы бухгалтер төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт: дебиторлук жана кредиторлук карыздарды салыштырып текшерүү; казыналык, банктык эсептердеги жана кассадагы акча каражаттарынын калдыктарын салыштырып текшерүү; товардык-материалдык баалуулуктарды инвентаризациялоо; бухгалтердик жазууларды карап чыгуу, тандамал тестирлөө жана башка ички контролдоонун жол-жоболору.

92. Каталар байкалган учурда башкы бухгалтер каталардын жаралыш себебин, ката кетирген адамдарды жана бул каталардын каржылык отчеттуулукка жана бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчеттуулукка тийгизген таасирин аныктайт. Эгер мындай иликтөөнүн натыйжасында катанын олуттуу экени аныкталса, анда бюджеттик мекеме жетекчисинин дарегине катаны оңдоого уруксат алуу жөнүндө кызматтык кат жөнөтүлөт.

Эгер бул ката менен байланышкан маалыматтын жоктугу же бурмалангандыгы отчеттук датага баланстын валютасын 1%-га же андан коп азайтса же көбөйтсө, олуттуу деп эсептелет.

Баланстын валютасы – бул бухгалтердик баланстын активи же пассиви боюнча жыйынтык сумма.

93. Бюджеттик мекеменин жетекчисинен жазуу түрүндөгү макулдук алып, башкы бухгалтер катаны ушул жобого ылайык оңдоону жүргүзөт.

94. Бухгалтердик эсептин жазууларында табылган каталарды оңдоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

а) мемориалдык ордердин маалыматтарын өзгөртүүнү талап кылбаган бухгалтердик балансты бергенге чейинки учурда отчеттук мезгил ичинде табылган каталар туура эмес суммаларды жана тексти ичке сызык менен сызуу жолу менен оңдолот, мында ошол сызылып ташталган жана сызылган тексттин үстүндөгү жазуу жана оңдолгон текст менен сумма окулгандай болушу керек. Ошол эле мезгилде ошол жердин ачык талаасында башкы бухгалтердин колу коюлгандан кийинки тийиштүү сапка "Оңдолду" деген эскертме коюлат;

б) бухгалтердик балансты берген учурга чейин мемориалдык ордердеги катадан улам табылган ката жазуу анын мүнөзүнө жараша кошумча мемориалдык ордер менен же "Кызыл сторно" ыкмасы боюнча оңдолот; баланс берилген ошол отчеттук мезгилдин ичинде бухгалтердик эсептин жазууларында табылган каталар бардык учурларда дал ушундай түрдө оңдолот;

в) каталарды оңдоолор боюнча, ошондой эле "Кызыл сторно" ыкмасы менен оңдоолор боюнча кошумча бухгалтердик жазуулар (форма 5) бухгалтердик маалымат кагазы менен таризделет, анда оңдолуучу мемориалдык ордердин номуруна жана датасына, оңдоону киргизүүнү негиздеген документке да шилтеме жасалат. Бухгалтердик маалымкаттын (форма 5) негизинде мемориалдык ордери (форма МО-Сторно) түзүлөт.

95. Эгерде мекеме тарабынан эсепке алууда жаңылыштык табылса, анда жазуу жүзүндө тийиштүү буйруктун негизинде бухгалтердик эсептин каттоосуна ушундай эле бухгалтердик жазууга каттоо жолу менен оңдоолор киргизилет, бирок ага минус белгиси коюлат. Эгерде жаңылыштык өткөн отчеттук жылдарга таандык болсо, анда мындай жаңылыштыкты оңдоолор 41111 100 "Финансылык натыйжа" элементи аркылуу жүргүзүлөт.

96. Документтердин чыгыш формаларында каталар табылганда бухгалтерия ката маалыматтардын диагностикасын жүргүзөт, тийиштүү маалыматтар базасына оңдоолорду киргизет жана оңдоолорду эске алуу менен документтердин чыгыш формаларын алууну жүргүзөт. Оңдоолорду киргизүү сторндоочу салыштырууларда өзгөрүлгөн документтерди милдеттүү түрдө тариздөө жолу менен ката маалыматтар табылган датада жүргүзүлөт. Документтик тастыктоону тариздебестен ар кандай оңдоолорду маалыматтардын электрондук базаларына түздөн-түз киргизүүгө жол берилбейт

97. Синтетикалык жана аналитикалык эсептин эсеп-чоту боюнча бухгалтердик жазуулардын тууралыгын контролдоо үчүн жүгүртүү ведомосттору түзүлөт: форма 6 (____ эсеп-чоту боюнча жүгүртүү ведомосту), форма М-7 (материалдык запастар боюнча жүгүртүү ведомосту) жана форма М-8 (негизги каражаттар боюнча жүгүртүү ведомосту) аналитикалык эсеп-чоттун ар бир тобу жана тийиштүү синтетикалык эсеп-чотто бириктирилген материалдык жооптуу адамдар боюнча түзүлөт.

98. Жүгүртүү ведомосттору негизги каражаттар жана баалуулугу аз заттардан тышкары ай сайын, айдын башынан тартып үч күндөн кечиктирбей түзүлөт, ал эми булар боюнча жүгүртүү ведомосту квартал сайын түзүлөт.

99. Жүгүртүүлөрдүн жыйынтыгы жана жүгүртүү ведомостторунун ар бир элементи боюнча калдыктар жүгүртүүлөрдүн жана "Башкы журнал" китебиндеги ошол элементтердин калдыктары (форма 308) менен салыштырылып текшерилет. Жүгүртүү ведомостторундогу жазуулар зарыл болсо, бир нече жыл бою жүргүзүлүшү мүмкүн.

100. Бухгалтердик эсептин регистрлеринде жабылган отчеттук мезгилдер боюнча оңдоого жол берилбейт.

101. Кассалык жана банктык документтерде оңдоолорго жол берилбейт.

 

5 - ГЛАВА

КИРЕШЕЛЕРДИ ЖАНА ЧЫГАШАЛАРДЫ ЭСЕПТӨӨНҮН ПРИНЦИПТЕРИ

§1. Кирешелерди эсептөө

 

102. Киреше - бул активдердин келип түшүүсү же өсүшү же болбосо таза активдердин көбөйүшү менен туюнтулган милдеттенмелердин азаюу формасында болуп өтүүчү отчеттук мезгил ичинде экономикалык пайданын көбөйүшү.

103. Мамлекеттик башкаруу секторунун башка субъекттеринен алынган капитал, ошондой эле баштатан эле сатууга арналган активдердин адилеттүү базар наркынын өзгөрүшү киреше болуп саналбайт жана түздөн-түз таза активдердин эсебинде эсепке алынат.

104. Кыргыз Республикасынын ченемдик-укук актыларына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөөнүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелер эсеби Продукцияларды сатып өткөрүүдөн, жумуштарды аткаруудан, кызмат көрсөтүүдөн же белгиленген иштин башка түрлөрүн жүргүзүүдөн алынган кирешелер эсеби бюджеттик мекемелер тарабынан кассалык ыкма боюнча жүргүзүлөт.

 

§2. Чыгашаларды эсептөө

105. Чыгаша - активдердин чыгарылышы же түгөнүшү же болбосо таза активдердин

азайышына алып келүүчү милдеттенмелердин көбөйүү формасында болуп өтүүчү отчеттук мезгил ичинде экономикалык пайданын азайышы. Мамлекеттик башкаруу секторунун башка субъекттеринин мекемелерине киргизилген (берилген) капитал, ошондой эле активдердин адилеттүү базар наркынын өзгөрүшү чыгаша деп эсептелбейт жана түздөн-түз таза активдер эсебинде эсепке алынат.

106. Чыгашалар тийиштүү милдеттенмелерди эсептегенде же болбосо төмөнкү түрдө акча каражатын төлөгөндө таанылат:

а) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) алкагында эл аралык уюмдарга жана бирикмелерге төгүмдөрдү кошпогондо, субсидиялар менен фанттар боюнча чыгаша деп акча каражатын төлөгөн учурда таанылат. КМШ алкагында эл аралык уюмдарга жана бирикмелерге төгүмдөр тийиштүү милдеттенмелерди таануу учурунда таанылат;

б) эмгек акы төлөө боюнча чыгаша бюджеттик мекеме кызматкери алдында эмгек акы төлөө жана башка эмгеги үчүн сый акы боюнча милдеттенмелерди тааныган учурда ар бир айдын аягында таанылат. Ушул эле учурда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр жагындагы тийиштүү чыгашалар да таанылат;

в) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу боюнча чыгашалар төмөнкүдөй учурларда таанылат:

- кызматтык сапарларга байланыштуу чыгашалар: кызматкердин кызматтык иш сапарга (командировкага) чыгашасын мекеме жетекчиси бекиткен учурда.

- коммуналдык кызмат көрсөтүү жана байланыш кызматы үчүн чыгаша: жыл бою - коммуналдык кызматтан акы төлөө эсеби алынган учурда, ал эми жыл аяктаганда коммуналдык кызматтан эсеп алынган-алынбагандыгына карабастан жыл үчүн финансылык отчеттуулукту түзгөн учурда;

- ижара акысы боюнча чыгашалар ар бир мезгилдин аягында ижара келишимине ылайык мекеме ижара акысын төлөөнү жүргүзүүгө милдеттүү болгон учурда;

- транспорттук кызмат көрсөтүү боюнча чыгашалар күйүүчү-майлоочу материалдар (мындан ары - КММ) менен запастык бөлүктөр жагында - мекеме жетекчиси иш жүзүндө пайдаланылган КММ запастары менен запастык бөлүктөрдүн суммасын бекиткен учурда, башка уюмдар тарабынан транспорттук каражаттарды оңдоо жана жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуулар кызматы жагында – бюджеттик мекеме дарегине коюлган акы төлөөнүн эсебине ылайык иш жүзүндө кызмат көрсөтүлгөн учурда;

- контракт боюнча кызмат көрсөтүүлөр (юридикалык, консультациялык, күзөт маалымат технологиясы жагында жана башка) үчүн чыгашалар: бюджеттик мекеме дарегине коюлган акы төлөөнүн эсебине ылайык кызмат иш жүзүндө көрсөтүлгөн учурда;

- негизги фонддорду учурдагы оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгашалар: оңдоо боюнча иш толук аяктаган же болбосо аткарылган иш актысынын негизинде жумуштун орто аралык этабы аяктаган учурда жана бюджеттик мекеме дарегине коюлган акы төлөөнүн эсебинин негизинде;

- тез жарактан чыгуучу буюмдар жана учурдагы чарбалык максаттар үчүн пайдаланган буюмдар жана материалдарга байланыштуу чыгашалар: колдонгондо эсептен чыгаруу актысы боюнча алар толук керектен чыккан учурдан чыгаша деп табылганды кошпогондо, пайдаланууга өткөрүп берген учурда;

- өкүлчүлүктөр чыгашалары: чыгаша фактысын жана өкүлчүлүк мүнөзүн ырастаган баштапкы документтердин негизинде мекеме жетекчиси ошол чыгашаны бекиткен учурда;

- бекем отчеттуулук бланкасы үчүн чыгашалар: бланктарды керегине жараша пайдалануу үчүн аларды өткөрүп берген учурда;

г) негизги фонддордун амортизациясы боюнча чыгаша бухгалтердик отчеттуулук формаларын мекеме тарабынан даярдоонун мезгилдүүлүгү менен таанылат;

д) пайыздар боюнча чыгаша кредиттик келишимдер жана зайым келишимдери шартына ылайык мезгилдүү негизде таанылат;

е) мамлекеттик ишканаларга субсидиялар жана гранттар субсидиялар менен гранттар иш жүзүндө берилген учурдан тартып таанылат;

ж) социалдык жөлөк пулдар боюнча чыгаша төмөнкүдөй учурларда таанылат:

- социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпул - ай сайын социалдык камсыздоо боюнча милдеттенмелер кошуп эсептелген учурда;

- социалдык жардам боюнча жөлөкпул - калкка социалдык жардам менен байланышкан жөлөкпулду жана жеңилдиктерди иш жүзүндө төлөгөн учурда;

з) стипендиялар ар бир айдын аягында стипендиялар боюнча милдеттенмелерди тааныган учурда таанылат.

и) транспорт үчүн компенсациялык төлөөлөр тийиштүү документтер өткөрүп берген учурда таанылат.

§3. Иш сапардык чыгымдарды эсепке алуу

107. Кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын аймагына кызматтык иш сапарга жөнөтүү, иш сапардык күбөлүктү ( Форма Т-10) тариздөө менен, бюджеттик мекеменин жетекчисинин буйругунун негизинде, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары иш сапардык күбөлүктү тариздөөсүз жүргүзүлөт.

108. Иш сапардык күбөлүк – кызматкердин кызматтык иш сапарда жүрүү убактысын жана ордун тастыктоочу документ.

109. Кызматкердин кызматтык иш сапарга чыккан күнү болуп, туруктуу иштеген жеринен автомобиль, аба же темир жол транспортунун жөнөгөн күнү эсептелет. Кызматкердин кызматтык иш сапардан келген күнү болуп, көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын туруктуу иштеген жерге келген күнү эсептелет. Кызматкердин иш сапарга күндүз кетүүсүндө транспорттук каражаттын саат 24:00 гө чейин жөнөшү учурдагы сутка болуп эсептелет, ал эми саат 00:00 дөн баштап – кийинки сутка.

110. Кызматкерди кызматтык иш сапарга жөнөтүүдө транспорттук, мейманканалык жана суткалык чыгымдар үчүн акчалай аванс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августу N 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык, берилет.

111. Транспорттук чыгымдар – иш сапар ордуна жана кайра туруктуу жумуш ордуна барып келүүгө байланыштуу чыгымдар жана төмөндөгүлөрдөн турат:

а) иш сапар ордуна жана кайра туруктуу жумуш ордуна барып келүүгө чыгымдар;

б) келгенден кийин тастыктоочу документтер болгондо кошумча чыгымдар;

в) аэропортко чейинки жана кайра туруктуу жумуш ордуна барууга байланыштуу чыгымдар.

Ырастоочу документтер болуп төмөнкулөр саналат: авиабилеттер конуу талондору менен, темир жол билеттери, коомдук транспортто жол жүрү билеттери,патент, кириш кассалык ордердин квитанциясы, кассалык чектер жана башка жол жүрүүнү тастыктаган документтер.

112. Мейманканалык чыгымдар – иш сапар мезгилинде жашаганга турак-жайды жалдоого байланыштуу сарптоолор.

113. Суткалык чыгымдар – транспорттук жана мейманканалык чыгымдардан тышкары, иш сапар мезгилинде туруктуу жайгашкан ордунан тышкары жашоого байланыштуу кошумча чыгымдар.

114. Кызматкердин Кыргыз Республикасынын аймагында кызматтык иш сапарда болуусунун иш жүзүндөгү мөөнөтү, кызматкер иш сапардан кайтып келгенде көрсөтүлүүчү иш сапардык күбөлүгүнүн маалыматтарынын, транспорттук жана мейманканалык чыгымдар жөнүндөгү документтердин негизинде аныкталат.

115. Кызматкердин Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кызматтык иш сапарда болуусунун иш жүзүндөгү мөөнөтү, көрсөтүлгөн авиабилеттин, жайгаштыруу талондорунун жана чет өлкөлүк паспортко коюлган белгилердин негизинде аныкталат.

116. Аралыктын алыстыгын, транспорттук байланыш шарттарын, аткарылуучу тапшырманын мүнөзүн, ошондой эле кызматкерге эс алуусу үчүн шарттарды түзүүнүн зарылдыгын эске алуу менен, иш сапарга жиберилген жерден кызматкердин туруктуу иштеген жерине күндө кайтуусу жөнүндө чечим ар бир конкреттүү учурда бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан кызматкерди иш сапарга жиберүү жөнүндө тиешелүү буйрукта каралат.

117. Кызматкерди бир нече өлкөгө кызматтык иш сапарга жиберүүдө мамлекеттик орган тарабынан иш сапары мезгилинде убакыттын узактыгын жана сарамжалдуу пайдаланууну эске алуу менен иш графиги түзүлөт. Иш графигинин негизинде кызматтык иш сапары жөнүндө буйрук таризделет, анда күндөрдүн саны жана калуучу өлкө көрсөтүлөт.

118. Кызматтык иш сапарга бара жатканда жолдо аргасыз токтогон учурда кызматкерге чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августу N 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык төлөнөт.

119. Кызматкер кызматтык иш сапардан кайтканда үч жумушчу күндүн ичинде сарпталган сумма жөнүндө аванстык отчетту бухгалтердик кызматка берүүгө жана пайдаланылбаган аванстын калдыгын кассага кайтарууга милдеттүү.
Көрсөтүлгөн мөөнөттө чыгашалар жөнүндө отчет берилбеген учурда жана пайдаланылбаган аванстын калдыгын кассага кайтарбаганда эмгек мыйзамдарына ылайык, кызматкердин эмгек акысынан кармап калынат.

 

§.4. Өкүлчүлүк чыгымдарды эсепке алуу

120. Өкүлчүлүк чыгымдарына төмөнкүлөргө кеткен чыгымдар кирет:

- расмий кабыл алууну өткөрүү (эртеӊ мененки тамак, түшкү тамак же башка ушул сыяктуу иш-чаралар) жана (же) чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрүн, ошондой эле сүйлөшүүлөрдө катышкан расмий жактарды тейлөөгө;

- эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен тегерек столдорду, презентацияларды, жолугушууларды өткөрүүгө;

- салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө (кызматкерлер жана ардагерлер үчүн жолугушууларды өткөрүүгө);

- жогоруда аталган адамдарды өкүлчүлүк иш-чарасы жана (же) жыйын өткөрүлүүчү жерге алып барууну жана алып келүүнү транспорттук камсыздоого;

- сүйлөшүүлөрдүн, кеӊешмелердин, жолгушуулардын ж.б. учурунда буфеттик тейлөөгө;

- өкүлчүлүк иш-чаралары учурунда котормону камсыздоо боюнча бюджеттик мекеменин штатында болбогон котормочулардын кызматына акы төлөөгө;

- сувенирлерди сатып алууга.

121. 120-пунктта саналган иш-чараларды өткөрүү учурунда бюджеттик мекеменин

жетекчиси тарабынан буйрук чыгарылат, анда төмөнкүлөр бекитилет:

а) делегациянын курамына кирген расмий адамдардын тизмеси;

б) иш-чарага катышкан кызмат адамдарынын тизмеси;

в) иш-чараны өткөрүүгө жооптуу адамдардын тизмеси;

г) иш-чаранын программасында саналган жардам берүү функцияларын аткарган адамдардын (котормочулардын ж.б.) тизмеси;

д) иш-чараны өткөрүү датасы жана жери;

ж) иш-чаранын программасы жана сметасы.

122. Өкүлчүлүк чыгымдары бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилген буйруктун сметасынын чегинде жүргүзүлөт. Буфеттик тейлөөгө чай, кофе, минералдык суу, сокторду, кондитердик азыктарды жана башкаларды алууга сарпталган чыгашалар кирет. Тамак-аш азыктары ошондой эле спирттик ичимдиктерди алууга сарпталган чыгашалар өкүлчүлүк чыгымдардын курамына кирет.

123. Иш-чаранын бекитилген программасы жана сметасы бухгалтердик кызмат тарабынан иш-чараны өткөрүүгө жооптуу адамга өкүлчүлүк чыгымдарын, ошондой эле жеткирип берүүчүлөр тарабынан берилген эсепти төлөөгө акча каражатын берүү болуп саналат.

124. Иш-чара аяктагандан кийин иш-чараны өткөрүүгө жооптуу адам тарабынан иш чаранын өткөрүлгөндүгү жөнүндө акт жана ага баштапкы документтерди тиркөө менен иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдарды тастыктаган отчет даярдалат. Акт жана отчет бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.

125. Иш-чараны өткөрүүгө жооптуу кызматкер үч жумушчу күндүн ичинде баштапкы документтерди, актыны жана отчетту тиркөө менен сарпталган сумма жөнүндө аванстык отчетту бухгалтердик кызматка берүүгө жана пайдаланылбаган аванстын калдыгын кассага кайтарууга милдеттүү.

126. Бюджеттик мекемелер үчүн өкүлчүлүк чыгымдарынын ченемдери бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүсү тарабынан белгиленет.

 

6 - ГЛАВА

ФИНАНСЫЛЫК ЭМЕС АКТИВДЕРДИ ЭСЕПКЕ АЛУУ ПРИНЦИПТЕРИ

§1. Негизги каражаттарды таануу

127. Негизги каражаттар төмөндө саналган бардык шарттар аткарылганда актив катары таанылат:

- активдерге байланыштуу келечектеги экономикалык пайданы же кызматтык потенциалды алуу ыктымалдуулугу;

- негизги каражаттардын алгачкы же адилеттүү наркы ишенимдүү өлчөнсө;

- негизги каражаттарды пайдалуу колдонуу мөөнөтү бир жылдан ашуун убакытты түзөт. Негизги каражаттарды пайдалуу колдонуу мөөнөтү – бюджеттик мекеме активди пайдаланган убакыттын мезгили болуп саналат.

128. Ар бир активге карата аны негизги каражат катары таануу үчүн активдерге байланышкан келечектеги экономикалык пайданы же кызматтык потенциалды алуу айкындыгынын (ыктымалдуулугунун) даражасы бааланат.

129. Эгерде инфраструктуралык активдер негизги каражаттардын жалпы суммасында маанилүү үлүшкө ээ болсо, анда алар финансылык отчеттуулуктун эскертүүсүндө өзүнчө ачылууга тийиш: Инфраструктуралык активдерге төмөнкү мүнөздөмөлөр таандык болуп эсептелет:

-алар системанын же тармактын бир бөлүгү болсо;

- алар адистештирилген мүнөзгө ээ болсо жана альтернативдүү пайдаланылбаса;

- кыймылсыз болуп саналса,

- аларды сатууга белгилүү бир чектөөлөргө ээ болсо.

130. Мисалы, инфраструктуралык активдер: жол тармактары, канализациялык системалар, электр менен жабдуу системасы, коммуникациялар системасы ж.б.

131. Негизги каражаттар адегенде алгачкы нарк боюнча эсепке алууда таанылат. Негизги каражаттардын алгачкы наркы төлөнгөн акча каражаттарынын суммасын же акча каражаттарынын эквиваленттерин же аны сатып алуу учурундагы негизги каражаттарды же курулмаларды сатып алуу үчүн өткөрүлүп берилген башка каршылыктуу берүүнүн адилеттүү наркын түшүндүрөт.

132. Эгер негизги каражаттар акысыз алынса жана алардын баланстык наркы белгилүү болсо, анда мындай негизги каражаттар баланстык нарк боюнча эске алынат.

Негизги каражаттардын баланстык наркы – бул белгилүү бир датага карата топтолгон амортизациядан жана баасы түшүүдөн улам топтолгон зыяндан кемитилген алгачкы нарк.

133. Эгерде алынган негизги каражаттын баланстык наркы белгисиз болсо, мындай негизги каражаттар адилеттүү нарк боюнча эске алынат.

Негизги каражаттардын адилеттүү наркы – бул кабардар болгон, мындай торукту жүргүзүүнү каалагандар жана бири-биринен көз карандысыз тараптардын ортосунда турукту жүргүзүүдө негизги каражаттарды алмаштыруучу сумма эсептелет.

134. Эгерде адилеттүү наркты аныктоо боюнча сарптоолор олуттуу болсо, анда мындай негизги каражат системадан тышкары (баланста) эске алынат.

135. Эгерде отчеттук датага негизги каражаттардын баланстык наркы анын адилеттүү

наркынан бир топ ашса, анда эсепке алууда анын адилеттүү наркына чейин бааны түшүрүүдөн зыяндарды таануу аркылуу бул негизги каражаттардын баасын түшүрүү жүргүзүлөт. Негизги каражаттардын баасын түшүрүү мисалы катары олуттуу авариянын натыйжасында автомобилдин адилеттүү наркынын азайышын айтууга болот.

136. Алгачкы таануудан кийин негизги каражаттар топтолгон амортизациядан жана

баасы түшүүдөн улам топтолгон зыяндан кемитилген алгачкы нарк боюнча эске алынат. Культивацияланбаган активдер жана китепкана фонду алгачкы нарк боюнча эске алынат жана андан ары амортизацияланбайт.

137. Жер участоктору жана имараттар өзүнчө активдер болуп саналат жана өзүнчө эсептелет. Бухгалтердик эсепке алуу максаты үчүн сатып алынган наркы боюнча эске алынат. Эгерде мекемеге жер участогу кайтарымсыз негизде берилсе, ал атайын ведомостто эске алынат.

138. Негизги каражаттардын алгачкы наркына сатуу баасы, сатууга импорттук алымдар жана кайтарылгыс салыктар ошондой эле арналышы боюнча негизги каражаттарды жеткирүүгө жана жумушчу абалына келтирүүгө түздөн-түз тийиштүү ар кандай сарптоолор киргизилет. Түздөн-түз тийиштүү чыгымдар төмөнкүлөр:

- активди жеткирүүгө жана түшүрүүгө кеткен алгачкы сарптоолор;

- монтаждоо жана орнотуу сарптоолору;

- архитекторлор, инженерлер кызмат көрсөтүүлөрү ж.б. сыяктуу профессионалдык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен сарптоолор;

-долбоордук-сметалык документтерди өнүктүрүү боюнча иштеп чыгуу сарптоолору;

- сатып алынган автотранспортту тариздөөгө байланышкан сарптоолор.

139. Негизги каражаттарды сатып алууга жана аны жумушчу абалына келтирүүгө түздөн-түз тиешеси жок чыгымдар отчеттук мезгилдин чыгымдары деп таанылат жана анын алгачкы наркына кошулбайт.

140. Эгерде негизги каражаттар жеке күч-аракет менен түзүлсө, анда алардын алгачкы наркы жогоруда баяндалган критерийлерди пайдалануу менен аныкталат.

141. Негизги каражатка тиешелүү кийинки чыгымдар негизги каражаттардын баланстык наркына кошулууга тийиш, эгерде негизги каражаттарды пайдалануунун жалпы мөөнөтүнүн ичинде бюджеттик мекеме тарабынан болгон активдин өндүрүмдүүлүгүнүн акыркы эсептелген деӊгээлинен ашкан келечекте экономикалык пайда же кызматтык потенциал алуу ыктымалдыгы. Негизги каражаттарга тиешелүү кийинки чыгымдардын негизги түрлөрү:

- анын өндүрүмдүүлүгүнүнүн жогорулагандыгын кошкондо аны пайдалуу колдонуу мөөнөтүн көбөйтүү үчүн жабдууларды модификациялоо;

- өндүрүштүн сапатын бир кыйла жакшыртуу үчүн бөлүктөрдү модернизациялоо;

- операциялык чыгымдардын акыркы эсептелген деӊгээлин олуттуу азайтууга мүмкүндүк берген жаӊы өндүрүштүк процесстерди кабыл алуу.

142. Негизги каражаттын наркына кошулган кийинки мындай чыгымдарга карата бул Жободо «чыгымдарды капитализациялоо» (капиталдык оӊдоо) термини колдонулат. Чыгымдарды капитализациялоо – бул негизги каражаттардын наркын көбөйтүүгө чыгымдарды тиешелүү кылуу.

143. Чыгымдарды капитализациялоо (капиталдык оӊдоо):

- алгачкы эсептелген ченемдерге салыштырмалуу имараттын сейсмикалык туруктуулугун күчөтүү;

- имараттын ишин сапаттуу өзгөртүүгө алып келген имараттын маанилүү конструктивдүү элементтерин өзгөртүү: мурда каралбаган жаӊы жылуулук системасын орнотуу; ички дубалдарды бузуу жана/же кошумча дубалдарды кошуу менен жайларды олуттуу кайра пландоо; кийин башка багыттар боюнча пайдалануу үчүн подвалдык жайларды кайра профилдештирүү; колдонуудагы элементтерди (полдорду, терезелерди, дубалдарды) бир кыйла сапаттуу материалдардан жасалган элементтерге алмаштыруу.

144. Негизги каражаттардан келечектеги экономикалык пайданы көбөйтпөгөн

чыгымдар отчеттук мезгилдеги сарптоолорго жазылууга тийиш. Учурдагы оӊдоо сарптоолору негизги каражаттардын учурдагы абалын же калыбына келтирүүнү колдоого жумшалуучу чыгымдар болуп саналат жана мезгилдеги чыгымдарга жазылууга тийиш.

145. Негизги каражаттардын (чыгымдарды капитализациялоо) наркына кийинки чыгымдарга киргизүү же чыгымдарды таануу жөнүндө чечим бул негизги каражаттардын техникалык абалына жана тейлөөгө жооптуу адистердин корутундулары менен бекемделүүгө тийиш.

 

§2. Негизги каражаттын бирдиги

146. Негизги каражаттардын бухгалтердик эсебинин бирдиги инвентардык объект болуп саналат. Бир объектте пайдалуу колдонуунун ар кандай мөөнөтүнө ээ болгон бир нече бөлүк болсо, мындай ар бир бөлүк өз алдынча инвентардык объект болуп эсептелет.

147. Өзүнчө инвентардык объект ага тиешелүү бардык куралдары жана шаймандары менен аяктаган конструктивдик түзүлүш же белгиленген өз алдынча функцияларды аткаруу үчүн арналган обочолонгон предмет же бирдикти билдирген жана биргеликте белгиленген ишти аткарган конструктивдик бириктирилген предметтердин обочолонгон комплекси эсептелет.

148. Имараттын курамына имараттын ичинде жайгашкан аны эксплуатациялоого зарыл болгон бардык коммуникациялар (жылытуу үчүн котелдук түзүлүштү кошкондо имараттын ичин жылытуу системасы, электр өткөргүчтөрдүн күчтүү жана жарык берүүчү ички тармагы, суу түтүгүнүн, газ түтүгүнүн жана канализациянын ички тармагы бардык түзүлүштөрү менен ж.б.) кирет. Өз алдынча чарбалык мааниге ээ болгон, имараттын тышкы курулуштары, котельныйдын өзүнчө турган имараттары, ошондой эле короодогу капиталдык курулуштар (кампалар, гараждар ж.б.) өз алдынча инвентардык объекттер болуп саналат.

149. Эгерде имараттар бири-бирине туташ жана жалпы дубалга ээ болсо, анда алардын ар бири өз алдынча конструктивдүү бүтүн деп түшүнүлөт, алар өзүнчө инвентардык объекттер катары эсептелет. Короодогу курулуштар, тосмолор жана башка короодогу башка курулмалар, тейлөөчү имараттар (сарай, дубал, кудук ж.б.) алар менен бирге бир инвентардык объектти түзөт. Эгерде бул курулуштар жана курулмалар эки жана андан ашуун имараттарды тейлесе, алар өз алдынча инвентардык объекттер болуп саналат.

150. Негизги каражаттарды эсепке алуу алар сакталган жайлар жана жооптуу адамдар боюнча инвентардык объекттер боюнча эсепке алынат.

 

§3. Негизги каражаттарды амортизациялоо

151. Ар бир активге карата амортизациялык нарк аныкталат. Бул нарк кийин активди пайдалуунун бардык мөөнөтүнүн ичинде системалык негизде (жыл сайын) бөлүнөт (чыгымдар таанылат).

152. Негизги каражаттардын наркын амортизациялоо – бул ликвидациялык наркынан кемитилген алгачкы нарк болуп саналат.

153. Негизги каражаттардын ликвидациялык (калдык) наркы – бул күтүлгөндөй эле, эгерде бул актив пайдалуу кызматтын мөөнөтүнүн аягында болуучу куракка жана абалга жетсе, жарактан чыгууга болжолдонгон чыгымдар чыгарылган, учурдагы мезгилде активдерди сатуудан бюджеттик мекеме алуучу эсептелген сумма.

154. Активдин амортизацияланган наркын бөлүштүрүү үчүн амортизациялоонун түз методу колдонулат. Бул метод амортизациялоо боюнча чыгымдарды эсептөө пайдалуу кызматтын бардык мөөнөтү ичинде туруктуу суммада жүргүзүлгөндүгүн билдирет. Ар бир отчеттук мезгил үчүн амортизацияланган эсептөөлөрдүн жылдык суммасы амортизацияланган наркты активдин пайдалуу кызматынын мөөнөтүнө бөлүү менен эсептелет.

155. Амортизацияны эсептөө отчеттук датага – отчеттук жылдын 31-декабрындагы абал боюнча жүргүзүлөт.

156. Активди амортизациялоо ал эксплуатацияга киргизилген учурдан тартып, бирдей пропорциядагы негизинде аныкталат, жылдык амортизациянын суммасын 12 айга бөлүп жана бир айлык амортизациянын суммасын эксплуатацияга киргизилген айлардын санына көбөйтүлөт.

157. Эгерде активди эсептен чыгарганда же өткөргөндө амортизация активдин чыгарылыш датасына эсептелинет, бирдей пропорциядагы негизинде аныкталат, жылдык амортизациянын суммасы 12 айга бөлүп жана бир айлык амортизациянын суммасы активди чыгарылган айлардын санына көбөйтүлөт.

158. Активдин амортизациясы аны сатуу үчүн арналган актив катары классификациялаган учурда же актив деп таануу токтотулган учурда токтотулат. Актив жигердүү пайдаланылбай калган учурда ошол актив толук амортизацияланбаган болсо гана амортизацияны кошуп эсептөө токтотулбайт.

159. Бюджеттик мекеменин менчигинде турган жерди чексиз мөөнөттө пайдаланууга болот.

160. Баалуулуктарга, жерге, культивациялык активдерге жана китепкана фондун амортизация эсептелбейт.

 

§4. Негизги каражаттарды пайдалуу кызматынын мөөнөттөрү

161. Бул Жобо негизги каражаттардын топтору үчүн төмөнкү пайдалуу кызмат мөөнөттөрүн (жыл менен) белгилейт:

 

Негизги каражаттардын тобунун аталышы

ПКМ

 

Турак жай имараттары жана жайлары

 

1

Квартиралар:

 

1.1

Жеке үйлөр (бир квартиралуу); (каркастуу жана калкандуу, жыгач металдуу, каркастык-каптама жана панелдик бир, эки же андан көп кабаттуу)

80

1.2

Көп квартиралуу ( эки же андан көп квартиралуу); (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери, кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен)

100

2

Үйлөр:

 

2.1

Адистештирилген үйлөр, жетим балдар үчүн мектеп-интернаттар, балдар үйлөрү, медициналык-социалдык мекемелер жана туруктуу жашаган орду жок адамдарды социалдык адаптациялоочу борбор; (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери, кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен)

100

2.2

Адистештирилген үйлөр, жетим балдар үчүн мектеп-интернаттар, балдар үйлөрү, медициналык-социалдык мекемелер жана туруктуу жашаган орду жок адамдарды социалдык адаптациялоочу борбор; (ылайдан, чийки кыштан , жыгач . топурактан , камышиттен жана башка окшош жыгач металлдан салынган имараттар)

20

2.3

Жашоого жарактуу башка турак имараттары жана башка курулуштар; Чогултулуучу -чачыратылуучу жана кыймылдуу имараттар, калкыма үйлөр, баржалар, жашай турган фургондор жана авточиркемелер.

10

 

Турак жайлык эмес имараттар

 

3

Өнөр жай имараттары:

 

3.1

Жер алдындагы газ сактагычтар, жалпы товардык дүң кампалар, муздаткыч кампалар, мунай кампалары жана резервуарлар; (темир бетон, кирпич түркүктөрү жана мамылары менен)

35

3.2

Рыноктор, соода уюмдары, ремонттук устаканалар, автомобилдерди техникалык тейлөө жана ремонттоо боюнча бекеттер;

35

3.3

Жылып жүрүүчү имараттар жана башка имараттар: Чатыр-дүкөндөр, павильондор, киосктор жана ларектор (металлконструкциялар, жыгач металлдык, айнек пластика, пресстелген такталар жана жыгач)

9

4

Коомдук оюн-зооктор үчүн имараттар:

 

4.1

Театрлар, концерттик жана кино концерттик залдар, кинотеатрлар, цирктер, музейлер, китепканалар, сүрөт галереялары, спорткомплекстери жана эс алуу үйлөрү; (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери, кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен)

100

4.2

Театрлар, концерттик жана киноконцерттик залдар, кинотеатрлар, цирктер, музейлер, китепканалар, сүрөт галереялары, спорткомплекстери жана эс алуу үйлөрү; (ылайдан, чийки кыштан, жыгач . топурактан , камышиттен жана башка окшош жыгач металлдан салынган имараттар)

20

5

Медициналык уюмдардын имараттары:

 

5.1

Ооруканалар, диспансерлер, стационарлар, ымыркайлардын үйлөрү, патологоанатомиялык бюро, атайын лабораториялар, дары-дармек каражаттары боюнча лабораториялар, соттук экспертизанын борбору, медициналык уюмдардын өндүрүштүк имараттары; (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери, кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен)

100

5.2

Ооруканалар, диспансерлер, стационарлар, ымыркайлардын үйлөрү, патологоанатомиялык бюро, атайын лабораториялар, дары-дармек каражаттары боюнча лабораториялар, соттук экспертизанын борбору, медициналык уюмдардын өндүрүштүк имараттары (ылайдан, чийки кыштан, жыгач, топурактан, камышиттен жана башка окшош жыгач металлдан салынган имараттар)

20

6

Окуу жайларынын имараттары:

 

6.1

Жогорку окуу жайлары, техникалык -кесиптик билим берүүнүн окуу жайлары, жалпы билим берүүчү уюмдар, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар; (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери, кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен)

100

6.2

Жогорку окуу жайлары, техникалык-кесиптик билим берүүнүн окуу жайлары, жалпы билим берүүчү уюмдар, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар; (ылайдан , чийки кыштан, жыгач, топурактан, камышиттен жана башка окшош жыгач металлдан салынган имараттар)

20

7

Кеӊсе имараттары:

 

7.1

Административдик универсалдык имараттар, банктын имараттары, сот акыйкатынын имараттары, чет өлкөлүк өкүлдүктөрдүн имараттары, конференцияларды жана конгресстерди өткөрүү үчүн имараттар; (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери, кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен)

100

7.2

Административдик универсалдык имараттар, банктын имараттары, сот акыйкатынын имараттары, чет өлкөлүк өкүлдүктөрдүн имараттары, конференцияларды жана конгресстерди өткөрүү үчүн имараттар; (ылайдан, чийки кыштан, жыгач, топурактан, камышиттен жана башка окшош жыгач металлдан салынган имараттар)

20

8

Коммуникациялардын имараттары, станциялар, терминалдар жана көмөкчү курулуштар:

 

8.1

Аэровокзалдардын, аэропорттордун имараттары, радиоуктуруучу станциялар, спутниктик жер үстүндөгү станциялар, АТСтин имараттары;

40

9

Жарандык имараттар:

 

9.1

Автомобилдер үчүн гараждар, автотоктомолор; (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери, кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен)

25

9.2

Автомобилдер үчүн гараждар, автотоктомолор; (ылайдан, чийки кыштан, жыгач. топурактан, камышиттен жана башка окшош жыгач металлдан салынган имараттар)

10

10

Башка турак жай эмес имараттар:

 

10.1

Теплицалар, канаттуулар фабрикалары, элеваторлор, мал үчүн имараттар жана курулмалар, жашылчалар жана жемиштер үчүн сактоочу жайлар, шарап заводдору, дан сактоочу жайлар; (темир бетон, кирпич түркүктөрү жана мамылары менен)

25

10.2

Теплицалар, канаттуулар фабрикалары, элеваторлор, мал үчүн имараттар жана курулмалар, жашылчалар жана жемиштер үчүн сактоочу жайлар, шарап заводдору, дан сактоочу жайлар; (жыгач, ылайдан, топурактан жана башка окшош жыгач металлдан)

10

11

Башка имараттар:

 

11.1

Бажы посттору, казармалар, аскер бөлүктөрүнүн имараттары, түрмөлөр, түзөтүүчү жайлар, мончолор, тиричилик тейлөө имараттары; (темир бетон , кирпич түркүктөрү жана мамылары менен)

25

11.2

Бажы посттору, казармалар, аскер бөлүктөрүнүн имараттары, түрмөлөр, түзөтүүчү жайлар, мончолор, тиричилик тейлөө имараттары; (жыгач, ылайдан, топурактан жана башка окшош жыгач металлдан)

10

11.3

Мейманкана имараттары (темир бетон жана металлдык жана башка узак мөөнөттүү жабуулары ири блоктор жана панелдери, кирпичтик түркүктөрү жана мамылары менен)

100

11.4

Мейманкана имараттары (ылайдан, чийки кыштан , жыгач . топурактан , камышиттен жана башка окшош жыгач металлдан салынган имараттар)

20

 

Курулмалар

 

12

Магистралдык түтүк өткөргүчтөр, байланыш линиялары жана энергетикалык (кабелдик) линиялары:

 

12.1

Газ өткөргүч, суу өткөргүч, магистралдары, байланыш линиялары (телекөрсөтүү, радио, телеграф, телефон жана башка линиялары), алыска тартылган энергетикалык (кабелдик) линиялары;

15

12.2

Гидротехникалык курулмалар; Плотиналар; (бетон, темир бетон, таш)

100

12.3

Газ камсыздоочу жергиликтүү линиялары, суу камсыздоо үчүн өткөргүч түтүктөр, канализациялык тармактар, электр берүүнүн жана байланыш линиялары; (металл таянычтардагы, темир бетон жана бетон, кирпичтен жана чоюндан)

25

13

Автомагистралдар, көчөлөр жана жолдор:

 

13.1

Автомагистралдар, көчөлөр жана жолдор: (бетон жана темирбетондон)

30

14

Темир жолдор:

 

14.1

Алыска тартылган темир жолдор; (эстакадалар, таштан, бетондон жана темир бетондон)

50

14.2

Шаардык темир жолдор;

20

14.3

Көпүрөлөр, жер үстүндөгү автомагистралдар, туннелдер жана жер астындагы жолдор; (металл жана темир бетон)

50

14.4

Гавандар, суу жолдору, дамбалар, сугат системалары жана башка суу чарба курулмалары;

15

14.5

Мунай скважиналары, артезиан скважиналары жана башка тоо кен казуучу өнөр жайы үчүн курулмалар

25

14.6

Спорттук жана эс алуу орундарынын курулмалары, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча курулмалар; Талаалар жана аянтчалар, лыжа базалары жана жарым -жартылай жабык ок атуу тирлери, ок атуу жайлары, стенддер жана блиндаждар

20

15.

Башка курулмалар

 

15.1

Коргоочу тосмолор (заборлор); таштан, темир бетондон жана темирден

30

15.2

Коргоочу тосмолор (заборлор); жыгачтан кирпич жана темир бетон столбаларда

25

15.3

Коргоочу тосмолор (заборлор); жыгачтан жыгач столбаларда ж.б.

10

 

Транспорттук каражаттар

 

16

Транспорттук каражаттар:

 

16.1

Жеңил жүргүнчү автомобилдери; учкун менен от алуучу ичинен күйүүчү кыймылдаткычтуу автомобилдер (карбюратордук), (кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 3,5 л. жана жогорку класстагы)

7

16.2

Автобустар жана он жана андан көп адамды ташууга арналган атайын автомобилдер;

7

16.3

Жүк ташуучу автомобилдер; өзү түшүргүч автомобилдер, автокрандар, бульдозерлер, тракторлор, жол грейдерлери тягачтары жана башка транспорт каражаттары;

7

16.4

Поезддер, темир жол локомотивдери жана кыймылдуу курам, темир жол жүргүнчү вагондору, темир жол жүк жана атайын багыттагы вагондор;

20

16.5

Аскердик, согуштук транспорттук каражаттар: танктар жана брондолгон машиналар, согуштук моторлоштурулган башка жана алардын бөлүктөрү;

30

16.6

Жүк ташуучу автомобилдер; өзү түшүргүч автомобилдер, автокрандар, бульдозерлер, тракторлор, жол грейдерлери таягачтары, экскаваторлор, троллейбустар жана башка транспорт каражаттары;

8

16.7

Суу транспорт каражаттары жана башка кемелер: кайыктар, кораблдер, кемелер жана жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн башка сүзүүчү каражаттар;

20

16.8

Учуучу аппараттар, аба аэростаттары, вертолеттор жана самолеттор;

15

16.9

Башка транспорттук каражаттар: чиркемелер, жарым чиркемелер, мотоциклдер, мотороллерлер, мотоциклеттик коляскалар, велосипеддер жана майыптардын коляскалары;

5

17

Механизмдер жана жабдуулар:

 

17.1

Өндүрүштүк жана айыл чарбасынын механизмдери жана жабдуулар, автомобиль чиркемелери жана жарым чиркемелери, адистештирилген автомобилдер (өрткө каршы, санитардык, авариялык-техникалык, тракторлор, комбайндар, коммуналдык транспорт)

7

17.2

Башка машиналар жана жабдуулар: турбиналар, гидравликалык жабдуулар жана суу газ, шамал баралары, гидравликалык соркысмалар, гидроагрегаттар, турбокомпрессорлор, компрессорлор, тестер, мештер жана меш горелкалары, автожүктөгүчтөр, лифттер, көтөргүчтөр, контейнерлер, тигүүчү тиричилик машиналар, тегирмендер, соколор, сепкичтер, отургузгучтар, чөп чапкычтар, жыйноочу машиналар, трансформаторлор, бөлүштүргүч калкандар, аккумуляторлор жана батареялар, цистерналар, жеңил металл сыйымдуулуктары;

5

17.3

Медициналык жабдуулар жана инструменттер

5

 

Эмеректер жана кеңсе жабдуулар

 

18

Кеӊсе эмереги:

 

18.1

Кеңсе металл эмереги, башка материалдардан эмерек; столдор, стулдар, отуруу үчүн эмерек жана анын бөлүктөрү

7

18.2

Кеңсе жыгач эмереги, пластик эмереги, анын ичинен камыштан, бамбуктан жана ага окшош материалдардан; столдор, стулдар жана отуруу үчүн эмерек жана анын бөлүктөрү

5

18.3

Бухгалтердик машиналар, кассалык аппараттар, белет машиналар, басма үчүн машиналар, муздатуучу жана желдетүүчү жабдуу, газогенераторлор, көбөйтүүчү жана факстык машиналар, радио жана теле берүү аппараттары, камералар, телефон аппараттары, приборлор, фотокамералар жана башка жабдуулар;

3

18.4

Компьютердик жабдуу: жекече компьютер, монитор, ноутбук, модем, принтер, эстутум аккумулятору, флэшка, проекторлор, компьютердин комплекттөөчү бөлүктөрү, жана маалыматты иштеп чыгуу үчүн башка машиналар

5

18.5

Музыкалык аспаптар: фортепьяно, органдар жана башка аспаптар

10

18.6

Спорттук товарлар; лыжалар жана ага шаймандар жана башка жабдуулар

2

19

Материалдык эмес активдер

 

19.1

Программалык камсыздоо: маалымат базасы, системалык программа каражаттары, сервис программалары, окуу үчүн колдонмо программалары

5

19.2

Көӊүл ачуучу жанрдагы, адабият жана искусство, иштелип чыгарылган чыгармаларынын оригиналдары

3

19.3

Лицензиялык макулдащуулар, патенттер, соода белгилери

2

 

§5. Негизги каражаттардын балансынан чыгаруу тартиби

162. Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

- жарабай калуу; же

- аны эксплуатациялоодон келечектеги кандайдыр бир экономикалык пайда же кызматтык потенциал күтүлбөсө.

163. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же зыян мындай объектти таанууну токтотуудан улам болгон пайдага же зыянга милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш.

164. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же зыян эгер мындай болсо, жарабай калуудан таза түшүүлөрдүн арасындагы ар түрдүүлүк жана бул объекттин баланстык наркы катары кабыл алынат.

165. Негизги каражаттардын жарабай калуусу мыйзамдара белгиленген тартипте бюджеттик мекемелер тарабынан жүргүзүлөт.

166. Баланстан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылышы мүмкүн:

а) физикалык эскирүүнүн, авариянын, табигый кырсыктардын, эксплуатациялоо шарттарынын бузулушунун жана башка себептердин натыйжасынан улам пайдаланууга жараксыз абалга келгендер;

б) моралдык жактан эскирген;

в) мекеменин, уюмдун жана башка объекттердин курулушуна, кеӊейишине, реконструкцияланышына жана техникалык кайра жабдылышына байланыштуу.

Ошол эле учурда негизги каражаттарды калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон учурларда эсептен чыгарууга жатат.

167. Негизги каражаттарды баланстан чыгаруу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

- бюджеттик каражаттарды алуучулары өз алдынча кошкондо 50000 сомго чейинки негизги каражаттардын бирдиктеринин наркы;

- 50000 сомдон жогору – бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүсү уруксаты менен. Бюджеттик мекемелерде 50000 сомдон жогору негизги каражаттарды эсептен чыгарууга макулдук берүү жөнүндө чечим бюджеттик мекемелерде негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө актынын (Форма ОС-4) формасында жетекчисинин жана башкы бухгалтердин колу менен бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү тарабынан кабыл алынат. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө актыга макулдашуудан баш тарткан учурда, бюджеттик мекемеге баш тартуунун себебин кат жүзүндө көрсөтүү менен кайтарылат.

- бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүсү негизги каражаттардын бирдигинин наркынан көз карандысыз түрдө негизги каражаттарды эсептен чыгарат.

168. Негизги каражаттардын пайдаланууга жараксыздыгын, аларды калыбына

келтирүү, оӊдоонун мүмкүн эместигин жана натыйжасыздыгын аныктоо, ошондой эле бюджеттик мекемелерде негизги каражаттарды эсептен чыгарууга зарыл болгон документтерди тариздөө үчүн жетекчинин буйругу менен туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү курамда түзүлөт: жетекчи жана аны орун басарлары (комиссиянын төрагасы); башкы бухгалтер же анын орун басары (штаттык расписание боюнча башкы бухгалтердин кызмат орду болбогон мекемелерде бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү жүктөлгөн адам); МЖА.

169. Борборлоштурулбаган бухгалтериялар тарабынан тейленген бюджеттик мекемелерде туруктуу иштөөчү комиссиянын курамына эсепке алуу топторунун жетекчилери же бул бухгалтериянын башка кызматкерлери киргизилет.

170. Туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү иштерди ишке ашырат:

а) эсептен чыгарууга жаткан объектти түздөн-түз кароону жүргүзөт, ошол эле учурда зарыл болгон техникалык документтерди (паспорт, этаж боюнча планды жана башка документтер), ошондой эле бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтарын пайдаланат жана анын жарактуулугун калыбына келтирүүнү жана андан ары колдонууну белгилейт;

б) зарыл болгон учурларда негизги каражаттардын (атайын аппаратура же жабдуу боюнча) жараксыздыгы жөнүндө корутундуну берүү үчүн тиешелүү түзүмдөрдүн адистерин же көз карандысыз эксперттерди чакыра алат;

в) объектти эсептен чыгаруунун конкреттүү себептери (эскирүү, реконструкциялоо, эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарынын бузулушу, авариялар жана башкалар) белгиленет;

г) эксплуатациялоодон негизги каражаттардын мөөнөтүнөн мурда жарабай калышына күнөөлүү болгон адамдарды табат жана бул адамдарды колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизет;

д) эсептен чыгарылуучу объекттин өзүнчө түйүндөрүн, деталдарын, материалдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктайт жана аларды баалоону жүргүзөт;

е) эсептен чыгарылуучу негизги каражаттардан жарактуу түйүндөрдү, деталдарды, материалдарды, түстүү жана баалуу металдарды алууну контролдоону жүргүзөт, алардын сапатын, салмагын аныктайт жана алардын тийиштүү кампага берилишин контролдойт;

ж) негизги каражаттардын айрым объекттерин эсептен чыгарууга төмөнкү актыларды түзөт:

- бюджеттик мекемелерде негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт (форма ОС-4);

- бюджеттик мекемелерде транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу жөнүндө акт (форма ОС-5);

- бюджеттик мекемелерде китепканадан чыгарылган адабиятты эсептен чыгаруу жөнүндө актылар (форма БФ-9).

171. Негизги каражаттарды эсептен чыгарууга комиссия тарабынан түзүлгөн актылар мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.

172. Колдонуудагы объекттерди жаӊы курууга, кеӊейтүүгө, реконструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу жабдуу эсептен чыгарылган учурларда комиссия бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүү тарабынан бекитилген колдонуудагы объекттерди кеӊейтүү, реконструкциялоо жана техникалык кайра жабдуу планында каралган эсептен чыгарууга берилген жабдууга шайкештигин текшерүүгө жана актта аларды эсептен чыгарууга пунтка жана план бекитилген датага шилтеме берүүгө тийиш.

173. Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттардын бъекттерин мүнөздөөчү төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: объект жасалган же курулган жыл, анын мекемеге келип түшкөн дата, эксплуатацияга берилген убакыт, объекттин алгачкы наркы (жаӊы баалангандар үчүн – калыбына келтирүү), бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтары боюнча эсептелген амортизациянын суммасы жүргүзүлгөн капиталдык оӊдоолордун саны. Негизги каражаттардын объектинин жарактан чыгуу себептери, анын негизги бөлүктөрүнүн, деталдарынын, түйүндөрүнүн, конструктивдик элементтеринин абалы да толугу менен чагылдырылат.

174. Мындан тышкары, автотранспорт каражаттарын эсептен чыгарууда автомобилдин канча жүргөндүгү көрсөтүлөт жана автомобилдин агрегаттарына жана деталдарына жана аны ажыратуудан алынган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгүнө техникалык мүнөздөмө берилет.

175. Авариянын натыйжасында жарактан чыккан негизги каражаттарды баланстан чыгарууда авария жөнүндө актыга эсептен чыгаруу жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелет, ошондой эле аварияга түрткү болгон себептер такталат жана күнөөлүү адамдарга карата кабыл алынган чаралар көрсөтүлөт.

176. Көчүрүүчү, компьютердик техниканы, байланыш каражаттарын баланстан чыгарууда адистештирилген уюмдар тарабынан берилген (иштин аталган түрү үчүн лицензиясы бар) техникалык экспертизалоо жана ажыратуудан алына турган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө актылардын көчүрмөлөрү тиркелет.

177. Ажыратылган жана демонтаждалган жабдуулардын башка машиналарды оӊдоого жарактуу бардык деталдары, түйүндөрү жана агрегаттары, ошондой эле негизги каражаттарды жоюудан алынган башка материалдар тийиштүү эсептерге кириштелет, аталган баалуулуктар эске алынат, ал эми жараксыз деталдар жана материалдар экинчи чийки зат катары кириштелет..

Ошол эле учурда кара, түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу жана эсептен чыгаруу, ошондой эле чийки затты утилдештирүү алгачкы чийки зат, материал жана даяр продукция үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

178. Баалуу металдарды колдонуу менен даярдалган деталдар жана түйүндөр, ошондой эле кара жана түстүү металлдардан жасалган жана мекеменин керектөөсү үчүн пайдаланылбаган деталдар жана түйүндөр иштин мындай түрүнө лицензиясы бар тийиштүү уюмдарга сатылууга жатат.

179. Эсептен чыгарылган негизги каражаттардан алынган жана мекемеде кайталап пайдаланууга жарабаган экинчи чийки зат сатылышы мүмкүн.

180. Негизги каражаттарды баланстан чыгаруу тартиби бузулган, ошондой эле материалдык баалуулуктарга карата чарбасыз мамиле жасалган учурда буга күнөөлүү адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

181. Контролдоо үчүн бюджеттик мекемелер жылда бирден кем эмес жолу негизги каражаттарды инвентаризациялоону жүргүзүүгө тийиш.

 

§6. Негизги каражаттарды эсепке алуу эсеби

182. Китепкана фонддорунан тышкары, анын эксплуатацияда, запаста же консервацияда болгондугуна карабастан негизги каражаттарды эсепке алууну жана сакталышын контролдоону уюштуруу үчүн он эки белгиден турган инвентардык номер коюлат. Биринчи сегиз белги элементти, акыркы төрт белги – предметтин катар номерин билдирет. Бул номер аны идентификациялоо үчүн негизги каражаттардын объектине бекитилген болууга тийиш (мисалы, боек менен белгиленип, металл жетон бекитилет). Инвентардык объект ар кандай пайдалуу колдонуу мөөнөтүнө ээ болгон жана өз алдынча инвентардык объект катары эсептелген бир нече бөлүктөрдөн турат, ар бир бөлүккө өзүнчө инвентардык номер ыйгарылат. Эгерде бир нече бөлүктөрдөн турган объект боюнча пайдалануу колдонуунун жалпы мөөнөтү белгиленсе, аталган объект бир инвентардык номер менен эсептелет. Негизги каражаттардын объекттине ыйгарылган инвентардык номер анын бул мекемеде турган бардык мезгилде сакталат. Негизги каражаттардын объекттин бухгалтердик эсепке алуудан чыгарылган инвентардык номерлер кайрадан бухгалтердик эсепке алынган объекттерге ыйгарылбайт.

183. Негизги каражаттарды аналитикалык эсепке алуу ар бир инвентардык объект боюнча инвентардык карточкаларда жүргүзүлөт, анын ичинде:

- имараттарды, курулмаларды, өткөрүүчү түзүлүштөрдү, машиналарды жана жабдууларды, инструменттерди, өндүрүштүк жана чарбалык инвентарларды, транспорттук каражаттарды ж.б. эсепке алуу үчүн бюджеттик мекемелерде негизги каражаттарды эсепке алуу инвентардык карточкасы (форма ОС-6) пайдаланылат. Жазуу алгачкы тастыктоочу документтердин негизинде жүргүзүлөт: кабыл алуу жана эксплуатацияга берүү жөнүндө акт, даярдап чыгарган заводдун техникалык паспорту жана башка документтер. Карточкада объекттердин мүнөздүү белгилери көрсөтүлөт: объекттин инвентардык номери, чертежу, модели, тиби, маркасы, заводдук номери, чыккан (даярдалган) датасы, негизги каражаттар эксплуатацияга берилген акттын датасы жана номери амортизация жөнүндө маалымат ж.б. Мындан тышкары, негизги каражаттардын бардык объекттери үчүн жеке кыска мүнөздөмө жазылат. Жабдуунун, прибордун, эсептөөчү техниканын ж.б. курамында баалуу металлдар болгон учурда баалуу металлдар болгон деталдардын тизмеси, паспортто көрсөтүлгөн металлдын деталынын аталышы жана массасы көрсөтүлөт. Мекеменин ичинде негизги каражаттар которулганда бул карточканын алды жагына жазуу жазылат;

- жумушчуну, продуктулуугу жогору жана асыл тукум малды, көп жылдык бак-дарактарды жана жерди жакшыртуу боюнча капиталдык чыгымдарды (курулмаларсыз) эсепке алуу үчүн бюджеттик мекемелерде негизги каражаттарды эсепке алуу инвентардык карточка (форма ОС-8) пайдаланылат. Карточкада жашын, түсүн, эн тамгасын, кличкасын ж.б. көрсөтүү менен малга жеке мүнөздөмө жүргүзүлөт. Жаш малдардын жана бордоп семиртүүдөгү малдар жана ошондой эле продуктуулугу жогору жана асыл тукум малдардын аналитикалык эсеби малдардын эсеби китебинде жүргүзүлөт (форма35). Көп жылдык бак-дарактар бак-дарактын түрүн, отургузулган бирдиктердин санын жана аянтын көрсөтүү менен инвентардык объект боюнча эсепке алынат. Объекттин наркына иштин бардык комплекси аяктагандан көз карандысыз түрдө эксплуатацияга кабыл алынган аянттарга тиешелүү бардык чыгымдардын суммасы киргизилет. Жерди жакшыртуу боюнча капиталдык чыгымдарды эсепке алуу иш-чаралар боюнча жүргүзүлөт: ар бир иш-чара боюнча ээлеген аянтты жана аткарылган иштердин наркын көрсөтүү менен жер участокторун пландоо, аянттарды айдоого даярдоо, отоо чептерди тазалоо, көлмөлөрдү тазалоо;

- китепкана фонддорун жана сцена - постановкалык каражаттарды эсепке алуу үчүн негизги фонддорду топтук эсепке алуунун инвентардык карточкасы (форма ОС-9) колдонулат. Китепкана фонддору үчүн бир карточка ачылат. Андагы эсепке алуу акчалай туюнтулган жалпы суммада гана жүргүзүлөт.Сценалык-постановкалык каражаттарды эсепке алуу карточкада сандык жана суммалык туюнтууда жүргүзүлөт.

184. Инвентардык карточкалар негизги фонддорду эсепке алуу боюнча инвентардык карточкалардын описи боюнча катталат (форма ОС-10). Опись бир нускада жүргүзүлөт. Андагы жазуулар карточка ачылган жылды көрсөтүү менен негизги каражаттардын тобу боюнча жүргүзүлөт. Ар бир топ үчүн тийиштүү сандагы бет бөлүнөт. Номерлөө ар бир топ боюнча 1-номерден баштап жүргүзүлөт. Борборлоштурулган бухгалтерияларда опистер ошол эле тартипте ар бир тейленген мекеме боюнча жүргүзүлөт. Опистин “Эскертүү” графасында негизги фонддорду жарактан чыгарууда жана ордун которууда дата (күн, ай, жыл) жана мемориалдык ордердин номери көрсөтүлөт.

185. Башка бюджеттик мекемелерден негизги каражаттардын түшүүсү, ички орун которуу, аларды складдан берүү төмөнкү алгачкы документтер менен таризделет:

- негизги каражаттар кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы (форма ОС-1);

- ички которууга накладная (форма ОС-2);

- оӊдолгон, реконструкцияланган жана модернизацияланган объекттерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары (форма ОС-3);

- накладная (талап) (форма N М-11);

- негизги каражаттардын объекттине тийиштүү техникалык документтер (паспорт, чертеждор ж.б.).

186. Башка мекемелердин негизги каражаттарынын түшүүлөрү жөнүндө акт мекеменин жетекчиси тарабынан комиссия тарабынан эки нускада түзүлөт. Бул актыга тийиштүү техникалык документтер тиркелет (паспорт, чертеждор ж.б.).

187. Жабдуучулардан негизги каражаттарды сатып алуу жабдуучулардан алынган документтер (келишим, счет-фактура, накладная, сатып алуу акты ж.б.) боюнча эсепке алынат.

188. Негизги каражаттардын объекттери курууну жана жабдууну аяктоо боюнча аткарылган иштерди жана көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу акт (форма ОС-3) менен таризделет. Актыда объектти реконструкциялоонун жана модернизациялоонун натыйжасындагы техникалык мүнөздөмөсүнүн жана алгачкы наркынын өзгөрүүсү көрсөтүлөт. Актыга иштерди аткарууга жана кабыл алууга жооптуу адамдар тарабынан кол коюлат.

189. Негизги каражаттарды жарактан чыгаруу жана которуу боюнча операцияларды эсепке алуу топтоо ведомостунда көрсөтүлөт (форма МО-9). Топтоо ведомостунда жазуулар ар бир докумнет боюнча жүргүзүлөт, ошол эле учурда «Бардыгы» графасында негизги каражаттардын жарактан чыккан жана которулган объекттеринин суммасы жазылат, ал элементтердин дебети боюнча жазуудагы суммага барабар болууга тийиш. Айдын аягында элементтер боюнча жыйынтык «Башкы журналга» жазылат.

190. Негизги каражаттарды складдан берүү накладной (талап) боюнча жүргүзүлөт, ал эки нускада жазылат жана мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.

191. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрү ортосунда негизги каражаттарды өткөрүп берүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча жүргүзүлөт, ал эми бир бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрүнүн ичинде ички ведомстволук которууну тастыктаган документтер (авизо, накладная) боюнча жүргүзүлөт.

192. Кайтарымсыз негизде алынган негизги каражаттар өткөрүп берүүчү уюмдун баланстык наркы б.а. амортизацияны өткөрүп берүү учуруна чейинки алгачкы нарк боюнча эсепке алынат.

193. Культивацияланган активдерге товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү үчүн бир жылдан ашуун көп жолу жана үзгүлтүксүз колдонулган мал жана өсүмдүктөр кирет.

194. Жаныбарларга жүндү өндүрүү, чабуу же көӊүл ачуу үчүн асыл тукум мал, сүт багытындагы мал, койлор жана башка жаныбарлар, ошондой эле кызматтык тапшырмаларды аткаруу үчүн пайдаланылган кызматтык иттер жана аттар кирет.

195. Өсүмдүктөргө жашылчаларды, жер-жемиштерди, жаӊгактарды ж.б. өстүрүү үчүн культивацияланган өсүмдүктөр кирет. Бир жолу пайдаланууга арналган жаныбарлар жана өсүмдүктөр (мисалы,союу үчүн мал) негизги фонддор катары эмес, запас катары классифицикацияланат жана чийки зат жана материал катары эсепке алынат.

196. Малдын төлү жана бордоп семиртүүдөгү мал ай сайын таразага тартылат, буга салмагы эмес, өсүшү эске алынуучу жаш төл кирбейт, жаш төлдүн жана бордоп семиртүүдөгү малдын салмак кошуусу алардын актыга ылайык баштапкы салмагына кошулуп турат. Кошулган салмактын наркы пландуу нарк боюнча отчеттук айда малдын иш жүзүндөгү салмак кошуусуна негизденип кошулган салмактын бирдигине аныкталат.

197. Малдын өсүшү эсепке алына турган төл боюнча чарбада багууда турган күндүниш жүзүндөгү санына негизденип өсүш наркы эсептелет, ал малдын тийиштүү түрүнө жана тобуна бир тоюттандыруу күнүнө пландуу чыгашалардын эсебинен багып өстүрүүнүн пландуу наркы боюнча бааланат.

198. Өз чарбасында төлдөтүүдөн алынган малдын төлү пландуу нарк боюнча туут күнүндө пландуу нарк боюнча төл (музоо, кулун, торопой ж.б.) актысы негизинде кириштелет.

199. Жылдын аягында мал өстүрүүчүлүк продукциясынын пландык наркы жана жаш малдын кошумча салмагынын наркы үнөмдөлгөн же ашыкча чыгымдын алынган суммасына тууралат. Продукциянын пландуу жана иш жүзүндөгү наркынын ортосунда табылган айырмага кирешелердин же чыгашалардын тийиштүү элементтери дебеттелет же кредиттелет.

200. Андан ары багуу жана семиртүү үчүн кийинки жылга өткөн жаш мал, ошондой эле отчеттук жылда негизги үйүргө өткөн жаш мал иш жүзүндөгү нарк боюнча бааланат.

201. Жаш малдын жана багуудагы малдын арыкташы өндүрүштүн жоготуусу катары каралат жана анын наркы багылган мал башынын наркынын өсүшүнө киргизилет. Отчеттук жылдын ичинде бул жоготуулар жыл башынан тартып арыктаган учурга чейинки мезгилдеги кошумча салмактын же өсүштүн пландык наркын кошуу менен отчеттук жылдын башына жазылган баалоого жазылууга тийиш.

202. Материалдык жактан жооптуу адамдардын күнөөсүнөн улам мал арыктап кеткен учурда чарбага келтирилген зыянды күнөөлүү адамдар белгиленген тартипте төлөйт.

203. Бюджеттик мекеме тарабынан кайра сатуу үчүн материалдык эмес активдер сатылып алынган учурда бул активдер кайра классификацияланууга жана тийиштүү элементтерде «Запастар» тобунда эсепке алынууга тийиш.

204. Китептерди оӊдоо (реставрациялоо) китептердин алгачкы наркын көбөйтпөйт, мезгилдеги чыгым катары таанылат.

§7. Материалдык эмес активдерди эсепке алуу

205. Материалдык эмес активдерди эсепке алуу үчүн кийинки түшүнүктөр пайдаланылат:

Материалдык эмес актив – бул физикалык формага ээ болбогон, идентификацияланган акчалай эмес, өндүрүштө, кызмат же товар берүүдө ижарага берүүдө же админстративдик кызмат үчүн пайдаланылган активдер.

Изилдөө – жаӊы илимий же техникалык билимди жана түшүнүктү алуу максатында көрүлгөн оригиналдуу жана пландуу издөөлөр.

Иштеп чыгуу – жаӊы же бир кыйла жакшыртылган материалдарды, түзүлүштөрдү, продуктуларды, процесстерди, системаларды же кызмат көрсөтүүлөрдү коммерциялык өндүрүү же пайдалануу башталганга чейин пландоодо жана долбоорлоодо изилдөөлөрдүн же башка билимдердин натыйжаларын колдонуу.

Өздүк нарк – бул төлөнгөн акча каражаттарынын суммасы же алардын эквиваленти же болбосо башка ордун толтуруучуунун адилеттүү наркы алынган активдин адилеттүү нарк.

206. Изилдөөлөрдүн (же ички долбоордун алкагында изилдөө стадияларын жүргүзүүнүн) натыйжасы болуп эсептелген (же ички долбоордун алкагында изилдөө стадияларын жүргүзүү) бир да материалдык эмес актив таанууга жатпайт. Изилдөөгө (же ички долбоордун алкагында изилдөө стадияларын жүргүзүүгө) кеткен сарптоолор алар пайда болгон учурдагы чыгымдар катары таанылууга жатат.

207. Иштеп чыгуулардын (же ички долбоордун алкагында иштеп чыгуу стадияларын жүргүзүүнүн) натыйжасы болуп эсептелген материалдык эмес актив качан мекеме төмөндө саналгандарды көрсөтө алганда гана таанууга жатат:

- аны пайдаланууга жана сатууга мүмкүн болуусу үчүн материалдык эмес активди түзүүнү аяктоонун техникалык ишке ашыруу;

- материалдык эмес активди түзүүнү аяктоого жана пайдаланууга же аны сатууга ниеттенүү;

- материалдык эмес активди пайдалануу же сатуу жөндөмдүүлүгү;

- материалдык эмес актив келечекте мүмкүн болуучу кандай экономикалык пайдаларды же сервистик потенциалды алып келет;

- материалдык эмес активдерди пайдаланууну же сатууну иштеп чыгууну аяктоо үчүн жетиштүү техникалык, финансылык жана башка ресурстардын болуусу;

- аны иштеп чыгуу процессинде материалдык эмес активге тийиштүү сарптоолорду так эсептөө жөндөмдүүлүгү

208. Материалдык эмес актив алгач өздүк наркы боюнча бааланат.

209. Өзүнчө алынган материалдык активдердин өздүк наркына төмөнкүлөр кошулат:

- сатып алуу баасы;

- импорттук пошлиналар;

- сатып алуу салыгы;

- активди эксплуатацияга даярдоо боюнча тике чыгымдар.

Өздүк наркты белгилөө максатында соода скидкалар жана компенсациялар кемитилет.

210. Кайрадан иштелип чыкан ички материалдык эмес өздүк наркы болуп материалдык эмес каражат биринчи жолу материалдык эмес каражат катары таануу үчүн талаптарга жооп берген күндөн тартып келип чыккан чыгымдардын суммасы саналат.

211. Кайрадан иштелип чыкан ички материалдык эмес каражаттын өздүк наркына төмөнкүлөр кошулат:

- материалдык байлыкты түзүүдө пайдаланылуучу же керектелген материалдардын жана кызматтардын наркы;

- эмгек акы жана түздөн-түз активди түзүүгө катышкан кызматкерлер менен байланышкан башка чыгымдар;

- активди түзүүгө түздөн-түз байланыштуу болгон ар кандай чыгымдар, активди түзүүгө колдонулган юридикалык укугун каттоо жана патенттер менен лицензияларды амортизациялоо;

- активди түзүү үчүн зарыл болгон кошумча чыгымдар.

212. Өздүк наркына кошулбайт жана мезгилдин чыгашалары катары таанылат:

- соода, башкаруу жана активди колдонуу үчүн даярдаган чыгымдарга кошулбаган мүмкүн эмес башка чыгымдар;

- алдын ала каражат максаттуу багыттарына жетүү үчүн тарткан алгачкы өндүрүштүк чыгымдардын;

- окутуу кызматкерлеринин чыгымдар байлыгын иштетүү.

213. Эгерде бюджеттик мекеме материалдык эмес каражатты акысыз алган учурда материалдык эмес каражатт адилет наркы боюнча аныкталат.

214. Материалдык эмес каражаттын адилет наркы эксперттик баалонун негизинде аныкталышы мүмкүн.

215. Материалдык эмес каражаттардын наркын аныктоо мүмкүн болбогон учурда, окшош шартта окшош материалдык эмес каражаттарын баасынын негизинде аныкталат.

216. Соода маркалары, титулдук маалыматтар, басма укуктары , кардарлардын тизмелери жана бюджеттик мекемелер тарабынан өз алдынча түзүлгөн мааниси боюнча окшош беренелер материалдык эмес активдер катары таанылууга жатпайт.

217. Материалдык эмес сарптоолор беренелери болуп, таануу критерийи канааттандыруучу материалдык эмес активдин өздүк наркы курамына кошулган учурдан башкасы. алардын пайда болуу учурундагы чыгымдар катары таанылат.

218. Материалдык эмес беренеге сарптоолор, бул бөлүктүн шарты боюнча чыгымдар катары баштапкы болуп таанылса , ал абдан кеч болгон датага материалдык эмес активдин өздүк наркы курамында таанылбайт.

219. Материалдык эмес активдерди баштапкы таануудан кийин ар бир топтолгон амортизациянын өздүк наркы же баасыздандыруудан топтолгон ар бир чыгашалар боюнча эсепке алынат.

 

§8. Запастар

220. Запастар (корлор) - бул активдер:

- иштин жүрүшүндө сатуу үчүн багытталгандар;

- мындай сатуу үчүн өндүрүш процессинде; же;

- өндүрүш процессинде же кызматтарды көрсөтүүдө пайдалануу үчүн багытталган чийки зат же материалдар формасында;

221. Стратегиялык запастар - стратегиялык максаттарда сакталуучу товарлар, өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон жана мобилизациялык муктаждыктарды камсыздоо үчүн зарыл, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар кесепеттерин жоюуда биринчи кезектеги иштер, ички рынокто суроо-талап жана сунуштар ортосунда диcпропорция пайда болуу учурунда ар кандай тармактарын чийки зат жана жылуулук-энергетикалык ресурстардын маанилүү түрлөрү жабдуунун убактылуу бузулушунда, экономиканын турукташтыруу максатында ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга мамлекеттик колдоо үчүн зарыл.

222. Аз баалуу жана тез эскирүүчү предметтер бул:

а) алардын наркына карабастан 12 айдан кем пайдалуу колдонуу мөөнөтү боюнча предметтер;

б) алардын наркына жана колдонуу мөөнөтүнө карабастан предметтер:

балык улоо шаймандары (тролдор, неводалар, торлор жана башкалар);

- атайын шаймандар жана атайын аспаптар белгилүү бир буюмдарды же жеке заказ даярдоо үчүн түрмөктүү жана жалпы өндүрүш үчүн багытталган атайын шаймандар жана атайын аспаптар); (максаттуу багытталыштагы шаймандар жана аспаптар)

-алмаштыруучу шаймандар ( негизги каражаттарга продукцияны даярдоодо башка тиешелүү атайын шарттарда иштөөчү аспаптар өндүрүштө көп жолу колдонулат);

- атайын кийимдер, атайын бүт кийим, ошондой эле жууркан-төшөктөр;

-белгиленген тартипте тийиштүү мекеме кызматчыларына берүү үчүн багытталган формалуу кийимдер, бут кийимдер;

- убактылуу (титулдук эмес) курулмалар жана аспаптар,коштомо чыгымдар курамындагы курулуш иштерине чыгымдарга тийиштүү курулуш боюнча чыгымдар;

- прокат келишими боюнча ижарага берүү үчүн багытталган предметтер;

- питомникте өстүрүлгөн тигүү үчүн колдонулган көп жылдык өсүмдүктөр.

в) моторсуз араалар, бутак кескичтер, карагайды бекитип-байлоочу тростор, 24 айга чейин пайдалуу колдонуудагы токойдогу убактылуу жолдор, ийне жалбырактар жана карагай ташуу жолдорундагы керексиз бутактар ( көчмө жылытуучу чакан үйлөр, от казан жайлары, тажрыйба устаканалары, бензин куюучу жайлар ж.б.)

 

§ 9. Запастарды баалоо жана эсептен чыгаруу

 

223. Запастар эки өлчөм боюнча бааланат: өздүк наркы жана мүмкүн болуучу сатуунун таза наркы.

224. Сатуунун мүмкүн болуучу таза наркы – иштерди аткарууга мүмкүн болуучу сарптоолорду алып салуу менен иштердин нормалдуу жүрүшүндө болжолдонгон сатуу баасы жана жүзөгө ашырууга мүмкүн болуучу сарптоолор;

225. Эгерде запастар келечектеги акысыз бөлүштүрүү же өздүк наркы боюнча бөлүштүрүү же товар өндүрүү процессинде керектөө үчүн сакталган учурда, ал келечекте акысыз бөлүштүрүүгө же номиналдык наркы боюнча бөлүштүрүүгө тийиштүү, анда мындай запастар эки өлчөмдүн азыраагы боюнча бааланат: өздүк наркы жана мүмкүн болуучу сатуунун таза наркы (орду толтурулуучу наркы).

226. Учурдагы ордун толтуруу сарптоолору ( орду толтурулуучу наркы) отчеттук датага активди сатып алууну жүргүзүүгө зарыл болгон сарптоолор.

227. Өсүмдүк өстүрүүгө активдерине топтолгон запастар, пландык баалар боюнча бааланат.

228. Запастардын өздүк наркы орточо салмакталган нарк боюнча аныкталат.

229. Эгер бул запастар бузулуп калса, алар толугу жана жарым-жартылай эскирсе, же алардын рынок баасы төмөндөсө, запастардын өздүк наркы орду толтурулбашы мүмкүн, бул учурда запастар таза наркы боюнча мүмкүн болуучу сатууга чейин беренелер боюнча эсептен чыгарылат.

230. Таза наркта сатууга мүмкүн болууга чейин запастардын наркын жарым жартылай эсептен чыгаруу өлчөмү, запастардын бардык жоготуулары эсептен чыгаруу же жоготуу болуу мезгилиндеги чыгымдар катары таанылууга тийиш.

231. Запастарды сатуудан, алмаштыруудан же бөлүштүрүүдөн кийинки сумма, ал боюнча эске алынгандар тийиштүү дүң киреше болуп таанылган мезгилде чыгымдар катары таанылууга тийиш. Эгер ушуга байланыштуу дүң киреше жок болсо, чыгым товар бөлүштүргөн учурда гана таанылат.

232. Чыгымдар болуп таанылган запастар, бухгалтердик эсепке алуунун эсеп чотторунда же атайын ведомосттордо эске алынууга мүмкүн болгон контролдоо максаттары үчүн.

233. Бюджеттик каражаттарды бир башкы тескөөчүсү менен бюджеттик мекеме ортосундагы өткөрүлүп берилүүчү запастар чыгымдар болуп таанылбайт, ал ички ведомстволук эсептешүүлөр эсеп-чотун пайдалануу менен ички которуштуруу катары эсепке алынат. Бюджеттик каражаттарды бир башкы тескөөчүсү менен бюджеттик мекемеден башка бюджеттик тескөөчүлөргө өткөрүлүп берилген запастар чыгымдар катары таанылат.

 

§10. Запастардын өздүк наркын аныктоо

 

234. Запастардын өздүк наркына бардык сарптоолорду, алардын жайгашкан ордуна жана абалына чейин запастарды жеткирүү үчүн келтирилген сатып алуу, кайра иштетүү жана башка сарптоолор кошулат.

235. Запастарды сатып алууга сарптоолор сатып алуу баасын, импорттук алымдарды жана башка салыктарды (мындан ары салык органдары тарабынан орду толтурулгандардан тышкары) транспорттук, транспорттук-экспедитордук жана запастарды сатып алууга түздөн-түз тийиштүү башка чыгымдар кирет. Соода арзандатуулары, төлөмдөрдүн кайтарылышы жана запастарды сатып алууга карата сарптоолорду аныктоодо башка окшош беренелер кемитилет.

236. Атап айтканда, запастардын өздүк наркына төмөндөгүлөр кошулат:

- Келишимдин негизинде жабдып туруучуга ( сатуучуга) төлөнүүчү суммалар ошондой эле кошумча нарк салыгы.

- материалдык баалуулуктарды сатып алуу менен байланыштуу маалыматтык жана консультациялык кызматтар үчүн уюмдар тарабынан төлөнүүчү суммалар;

- бажы алымдары жана башка төлөмдөр

- материалдык запастарды сатып алган ортомчулук уюмдар төлөөчү сый акылар;

-камсыздандыруу боюнча чыгымдарды кошкондо, даярдоо жана алардын пайдалануу жерине чейин материалдык запастарды жеткирүүгө чыгымдар. Бул чыгымдар, атап айтканда төмөндөгүлөрдү камтыйт: материалдык запастарды даярдоо жана жеткирүү боюнча чыгымдар, материалдык запастарды сатып алуу менен түздөн-түз байланыштуу аларды пайдалануу ордуна чейин материалдык запастарды жеткирүүгө транспорт кызматтары үчүн чыгымдар.

237. Кайра иштетүүгө сарптоолорго, төмөндөгү сарптоолор кирет продукциянын бирдиктери менен түздөн-түз байланыштуу сарптоолор, аларга материалдар боюнча тикелей түз сарптоолор жана эмгекке түз сарптоолор жана өндүрүштүк чыгымдарга коштомо кагаздар

238. Запастардын өздүк наркына сарптоолор кошулбайт, алар төмөндөгүлөр:

а) ченемден ашыкча чийки заттардын жоготуусу, жумшалган эмгек же башка өндүрүштүк сарптоолор .

б) сактоого сарптоолор, анын кийинки этапка өтүшү үчүн өндүрүштүк процессте алар зарыл эмес болсо;

в) административдик коштомо чыгымдар, алардын жайгашкан жерине жана абалына чейин материалдык запастарды жеткирүүгө байланышпаган чыгымдар ;

г) сатып-жеткирүүгө чыгымдар.

 

§11. Запастарды эсепке алуу

239. Материалдардын аталышы боюнча сандык жана жана материалдардын аталышы боюнча суммалык туюнтууда жана МЖА (форма 10) карточкаларында жана жүгүртүү ведомостторунда (форма М-7) запастарды эсепке алууну жүргүзөт.

240. Чет өлкөлүк валютага сатып алынган запастар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чет өлкөлүк валюта курсу аркылуу улуттук валютага эсептөөсү операцияны иштөө датасына чагылдырылат.

241. Кампада запастарды эсепке алуу аталышы, сорту жана саны боюнча кампа материалдарын эсепке алуу китебинде жүргүзүлөт (форма М-11). Борборлоштурулган тартипте төлөнгөн материалдык баалулуктардын эсеби борборлоштурулган тартипте төлөнгөн материалдык баалулуктардын эсепке алуу китебинде жүргүзүлөт (форма 41).

242. Бюджеттик мекеменин бухгалтердик кызматы системалуу түрдө кампада болгон түшүүлөр жана материалдык баалуулуктарды чыгымдоого контролдукту ишке ашырат, ошондой эле кампада жүргүзүлгөн материалдарды жазуунун эсепке алуу боюнча маалыматтарды салыштырып текшерүүнү жүргүзөт.

243. Эсепке алуу иш жүзүндөгү түшүү учурунда регистрлериндеги запастардын түшүүлөрүн эсепке алуу баштапкы документтер (эсеп-фактура, коштомо кагаз, актылар жана башка) негизинде жүргүзүлөт. Иш жүзүндөгү маалыматтар менен жабдуучунун документтеринин маалыматтары ортосунда айрыма болгондо кабыл алуу актысы (форма 12) түзүлөт. Өткөрүп алуу актысы эки нускада: кампа башчы, жабдуучунун өкүлдөрүнүн же кызыкдар эмес уюмдардын катышуусунда түзүлөт.

244. Тамак-аш азыктары түшүүлөрү эсепке алуу тамак-аш азыктары түшүүлөрүнүн топтоочу ведомостунда жүргүзүлөт (форма 30). Топтоочу ведомостто жазуулар баштапкы документтер негизинде сандык жана суммалык туюнтууда жүргүзүлөт.

245. Тамак-аш азыктары чыгашаларын эсепке алуу тамак-аш азыктары чыгашаларынын топтоочу ведомостунда жүргүзүлөт( форма 31). Топтоочу ведомостто жазуулар меню - тамак-аш продукттарын берүүгө талап жана башка тамак-аш азыктары чыгашалары боюнча документтердин негизинде жазылат.

246. Запастарды кампадан берүү төмөндөгү документтер негизинде жүргүзүлөт:

- коштомо (талап) (Форма N М-11);

- меню - тамак-аш продукттарын берүүгө талап (формы 13). Дарылоо-профилактикалык мекемелерге тамак-аш продукттарын берүү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык берилет;

тоют жана фураж берүүгө ведомость (форма 14). Тоют жана фураж белгинеген ченемдерге ылайык берилүүгө тийиш;

- мекеменин муктаждыгына материалдарды беүү ведомосту (форма 15). Ведомосттогу жазуулар материалдардын ар бир түрү боюнча ай сайын жүргүзүлүүгө тийиш. Айдын аякташы боюнча материалдардын ар бир түрү жана жалпысынан бардык материалдар боюнча жыйынтыгы эсептелет;

- забор картасы (форма 16) материалдарды жана отундарды жөнөтүүдө колдонулат. Документ эки нускада, ар бир алуучуга өзүнчө берилет . Забор картасынын бир нускасы кампада тил кат менен , экинчиси – алуучуда сакталат . Материалдарды күн сайын берүүдө , забор картасы 15 күндүк мөөнөт менен жазылат, мезгилүү берүүдө забор картасы бир ай мөөнөтү менен жазылат. Белгиленген лимиттен тышкары материалдарды жөнөтүүдө коштомо (талап) боюнча берилет (Форма N М-11). Кампадан отунду берүүдө учурунда коштомосу (талап) же забор картасы мүмкүн эмес болуп саналса отун чыгымдарын эсептен чыгаруу калдыкты ченөө актысы боюнча жүргүзүлөт ;

- жол баракчасы (Форма ПЛ-17; Форма ПЛ-18; Форма ПЛ-19) бардык отун түрлөрүнө чыгымдарды эсептен чыгаруу үчүн колдонулат . Отун иш жүзүндөгү, белгиленген тартипте бекитилген, бирок автомобиль транспортуна күйүүчү-майлоочу материалдар чыгымдарынын ченемдеринен жогору эмес чыгымы боюнча эсептен чыгарылат. Жол баракчаларын каттоо жол баракчаларын эсепке алуу журналында (форма 20) жүргүзүлөт ;

- товардык-транспорттук коштомо (форма 21) тармак аралык жүктөрдү ташуу жана тариздөө үчүн мекемелерде пайдаланылат.

247. Запастарга карата чыгымдарды таануу алардын сатып алуу баасы же орто баасы боюнча жүргүзүлөт, окшош болгон запастарды сатып алууда – ар кандай баалар боюнча.

248. Пайдаланууга берилген материалдарга жана тамак-аш продукттарга карата чыгымдарды таануу алардын сандык чыгымдарын ырастоочу ( материалдык отчеттор же эсептен чыгаруу жөнүндө акттар) документтер негизинде чыгымдардын белгиленген тартибинин ченемдери тартибинде бекитилгенге ылайык жүргүзүлөт (Формы 13, Форма 14, Форма 15, Форма 29, Форма ПЛ-17, Форма ПЛ-18, Форма ПЛ-19) жүргүзүлөт .

249. Кайтарма же алмашма таралар ал бош ( ичи бош катары) (бочкалар,бидондор,ящиктер, бөтөлкөлөр ж.б.) жана материалдык баалуулук катары болгон, жабдуучулардын эсептеринде көрсөтүлгөн тийиштүү топтор же баалар боюнча түрлөрү боюнча эсепке алынат. Тараны кайтарууда же сатууда сатып алган баа жана баа ортосундагы айырма, тара сатылганда кирешелердин жана чыгашалардын сметасы боюнча башка учурдагы чыгымдар сметасына тийиштүү.

250. Бюджеттик мекемеге тийиштүү эмес материалдык запастар келишим шарттарына ылайык, анын пайдалануусунда же жооптуу сактоо тескөөсүндө болгон системадан тышкары эсепке алынат.

251. “Аякталбаган өндүрүш” эсебинде акылуу кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр сметасы боюнча пландоолор, өндүрүштүк (окуу) мастерскоюнда даярдалган буюмдар жана продукциялар, айылдык көмөкчү жана окуу-тажрыйба чарбалар, басма продукциясын басуу жана кызмат көрсөтүү боюнча,эксперименталдык аспаптарды даярдоо, ошондой эле материалдарды даярдоо жана кайра иштеп чыгуу боюнча сарптоолор .

252. Бардык сарптоолор түз жана коштомо (кыйыр) чыгымдар болуп бөлүнөт. Түз чыгымдарга төмөндөгүлөр тийиштүү : материалдар, өндүрүштүк жумушчулар, илимий кызматкерлердин ж.б. эмгек акысы, электроэнергиясы, отчеттук жылга продуциянын наркына тийиштүү өткөн жылдарга сарптоолор жана башка түз сарптоолор. Коштомо (кыйыр) чыгымдарга төмөндөгүлөр тийиштүү: башкаруу аппаратынын жана тейлөчү персоналдын эмгек акысы, имараттарды ижарага алуу, жылуулук, учурдагы оңдоо жана башка кыйыр чыгымдар. Өндүрүштүк (окуу) мастерскойлорунда жана басма продукцияларды даярдоодо коштомо чыгымдарды бөлүштүрүү ай сайын, ал эми көмөкчү айылдык жана окуу-тажрыйба чарбаларында – жыл аягында жүргүзүлөт. Конкреттүү шарттарда карабастан коштомо чыгымдар, өзүнчө буюмдар, айыл чарба продукциясынын түрлөрү же өндүрүштүк жумушчулардын, илимий кызматкерлердин эмгек акысынын пропорционалдуу өндүрүш тармагынын же чыгымдалган материалдар же түз сарптоолордун жыйындылары Нормативден ашыкча сарптоолор даяр продукциянын өздүк наркына кошулбайт.

253. Сарптоолордун аналитикалык эсепке алуусу ( Форма 1 и Форма 21) боюнча карточкаларга даяр продукциянын ар бир аталышы менен жүргүзүлүүгө тийиш.

254. Алар эсепке алынган запастарды сатуудан, алмаштыруудан же бөлүштүрүүдөн кийинки суммасы тийиштүү дүң кирешеси катары таанылган мезгилде чыгым катары таанылат. Эгер бул чыгымдар менен байланыштуу дүң киреше жок болсо, чыгым болуп запастар бөлүштүрүлгөндө таанылат.

 

§12. Баалуулугу аз жана тез эскирүүчү предметтерди эсепке алуу

255. Бюджеттик каражаттар эсебинен сатылып алынуулар акылуу кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар, максаттуу каражаттар жана кайтарымсыз түшүүлөрдөн баалуулугу аз жана тез эскирүүчү предметтерди эске алуу ( мындан ары - БЭП), (Форма 10) карточкасында жана өзүнчө ведомосттун арткы беттеринде (Форма М-7)жүргүзүлөт .

256. Кампадагы болгон БЭП эсепке алуу МЖА тарабынан предметтердин аталышы жана китептеги саны (Форма М-11) боюнча жүргүзүлөт. Кампадан предметтерди жөнөтүү эмгек акынын ½ минималдуу өлчөмүнө чейин нарктагы пайдалануудагы кампадан предметтерди берүү бюджеттик мекеменин муктаждыгына материалдарды жөнөтүү ведомосту негизинде жүргүзүлөт(Форма 15), ал эми эмгек акынын ½ минималдуу өлчөмүнөн жогорулар - коштомо (талап ) формасы боюнча (Форма N M-11), ал эки нускада толтурулат.

257. МЭП аналитикалык эсепке алуу предметтердин аталышы, саны,наркы жана МЖА карточкалары (Форма 10) боюнча жүргүзүлөт.

258. Пайдаланууга берилген МЭПке карата чыгымдарды таануу баалуулугу аз предметтерди бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилген (Форма 22) эсептен чыгаруу жөнүндө акт негизинде алардын толук эскиргендиги

менен жүргүзүлөт, эгер аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органы тарабынана башка эсептен чыгаруу тартиби белгиленбесе.

259. Сынган идиштерге карата чыгымдарды таануу үчүн сынган-идиш (Форма 23)

каттоо китеби боюнча жүргүзүлөт. Китептеги жазуулар тийиштүү кызмат адамдары тарабынана жүргүзүлөт. Туруктуу аракеттеги комиссия китептин туура жүргүзүлүшүнө көз салат жана квартал сайын (ай сайын) сынган идиштерди эсептен чыгаруу жөнүндө акт түзөт, ал бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет. БЭП эсептен чыгаруу жана которуштуруу боюнча операцияларды эсепке алуу топтоочу ведомостто (Форма МО-10) боюнча жүргүзүлөт.

260. Пайдалануудагы бардык БЭПтер бул предметтердин туура пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү адамдардын сактоосунда болууга тийиш. Бул адамдар аталышы жана саны боюнча предметтердин китебинде (Форма М-11) эсепке алынышы милдеттүү.

261. Жумшак инвентарлар өчүрүлүп калбаган боек менен, предметтин тышкы түрүн бузбагандай, бюджеттик мекеменин аталышын көрсөткөн атайын штампы менен маркировкаланат. Маркировкалык штамптар бюджеттик мекеменин жетекчисинде же болбосо орун басарында сакталышы керек.

262. Шейшеп,жууркан-төшөктөрдүн, кийимдердин жана бут кийимдердин жараксыз абалга келүүлөрүнө карата чыгымдарды таануу бюджетттик мекеменин жеткчиси бекиткен БЭП эсептен чыгаруу жөнүндө актынын (Форма 22) негизинде колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте бекитилген пайдалануу мөөнөтүн эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

 

§13. Баалуулуктарды эсепке алуу

 

263. Баалуулуктар - бул маанилүү наркта чыгарылган товарлар, ал сатылып алынат жана сакталат, баарынан мурда, топтоо каражаты катары жана башкысы өндүрүш жана муктаждык максаттары үчүн пайдаланылбайт.

264. Баалуулуктарга төмөнкүлөр кошулат:

- баалуу таштар жана металлдар, алар өндүрүш процессинде аралыктуу ресурс катары пайдалануу үчүн багытталган эмес алмаз, монетардык эмес алтын, платина жана күмүш;

- живопись, скульптура жана башка искусство чыгармалары же антиквариат деп таанылган башка обьекттер;

- баалуу таштардан жана металлдардан даярдалган маанилүү нарктагы зергер буюмдары, коллекциялар жана ар кандай башка баалуулуктар.

265. Эгер активдер кызматтарды көрсөтүү үчүн музейлерде пайдаланылса, топтоо каражаты катары эмес, анда мындай активдер баалуулук катары эмес, башка машиналар жана жабдуулар катары бухгалтердик эсепке алуу максаттары үчүн классификацияланууга тийиш.

266. Баалуулуктар деп бюджеттик мекеменин тескөөсүнө алардын иш жүзүндөгү түшүү учурун эсепке алуу таанылат жана менчик укугун берүү менен байланыштуу төлөнгөн баасы, ага кошумча ар кандай коромжулар боюнча бааланат.

 

 

 

  

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар