Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Кезектеги тегерек стол болуп өттү: илимдин артыкчылыктуу багыттары

Көрүлдү: 0

Тегерек столдун темасы «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн илим изилдөөнүн приоритеттүү багыттары» Күнү: 30.09.2022 Сааты: 10:00-12.00 Адреси: Бишкек ш., Манас проспекти 66 Орду: Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, конференция залы 1/314

post.title

Катышуучулар: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу; илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков; жогорку окуу жайларынын илим боюнча проректорлору; илимдин докторлору жана кандидаттары; аспиранттар; магистранттар; бизнестин өкүлдөрү ж.б.:

Күн тартибинде талкууга алынган маселелер:

  • Ар бир илимий багыт маанилүү жана коомдогу ролу талашсыз. Ошол эле учурда өлкөнүн мүмкүнчүлүгү чектелүү жана илимдеги дүйнөлүк ордубуз жалпыга белгилүү. Ушундай шартта мамлекет кайсы илимий изилдөө багыттарына артыкчылык бериш керек?
  • Илим изилдөөнү каржылоонун механизми боюнча пикир алмашуу.

Тегерек столдо айтылган ой-пикир, сунуштар:

  • Мамлекеттик казынадан илимге бөлүнгөн акча каражатынын көлөмүн 1%га жеткирүү - стратегиялык чара.
  • Акча каражатын айлыкка гана эмес лабораторияларга да бөлүүнүн укуктук жагын кароо.
  • Илимге акча каражаты бөлүнгөн күндө дагы Кыргызстанда илим тармагы институционалдык жактан туруктуу өнүгүүгө даяр эмес. Улуттук илимдер академиясы менен жогорку окуу жайларынын потенциалын кантип бириктирип кызматташуу керек? Факультет менен илимий изилдөө институтунун жетекчиси бир адам болушу керек.
  • Өлкө инсандык капиталга жана технологияга басым жасашы керек. Муну аткарып жатканда дилеммадан кутулуу зарыл (эки баштуулук). Илим жаатында де-факто көп баштуу система түзүлгөн экен.
  • Илимдеги приоритеттүү багыттар катары энергетика тармагын, педагогиканы жана идеологияны камсыздаган гуманитардык багыттарды колдоп сунуштагандар болду.
  • Долбоорлорду ирилештирүү айтылды.
  • Жаш изилдөөчүлөргө колдоо көрсөтүү.
  • Технопарк боюнча мыйзам долбоорун колдоо.
  • Аскердик илим изилдөөдөгү багыттар катары тактика, оперативдик чыгармачылык, стратегия аталды. Жогорку окуу жайларынын тиешелүү бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташууну сунуштады. Аскердик илимде кадр даярдоонун актуалдуулугун айтып диссертациялык кеңеш түзүү сунушталды.
  • Инвестор илимий табылгаларды каржылагандан кийин өндүрүштө да партнер боло алуунун укуктук жагына кызыгышты.
  • Азык түлүк коопсуздугу илимий артыкчылыктуу багытка кириши сунушталды.
  • Дыйканчылыкта уруктарды алып келүүдө илимге негизделген мамиле. Селекция иштери илимге негизделип жүрбөй калды.
  • Кыргыз Республикасынын илимдеги артыкчылыктуу 8 багыты учурда күчкө ээ эмес. 2003-2005-жылдарда бекитилип 2022-жылы жокко чыгарылды. Эч бир акт жана документтер менен бекитилген эмес. Чаржайыт уюштурулганын далилдейт. Россияда 8 багыт, Белорусияда 6 багыт, УИАнын ичинде 7 багыт аныкталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар