Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Иш-аракеттер планын талкуулоо жана кесиптик багыт берүү боюнча концептуалдык мамиле

Көрүлдү: 882

2021-жылдын 7-9-июль күндөрү Гүлжан Мамадиеванын жетекчилиги астында "Кыргыз Республикасында жумушка орноштурууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү" (GIZ) 3-компонентинин пландоо долбоорунун алкагында семинар болуп, кесиптик багыт берүү боюнча иш-чаралар планы талкууланды.

post.title

Кыргызстанда кесиптик багыт берүү иштерин жайылтуунун ыкмалары жана ийгиликтүү тажрыйбалары көрсөтүлдү. Катышуучулардын арасында окуучуларга кесиптик багыт берүү маселелери боюнча активдүү иштегендер: Орозакунова Бегайым Орозакуновна - эксперт, Темирова Нурия - Дүйнөлүк Өзгөрүүлөр Фондунун директору, Нина Тезина - Сокулук районунун №1 Д.Шопоков орто мектебинин мугалими, Азиза Маматкулова - «Юз оф Ош» колмдук бирикмесинин программалык менеджери, Масалиева Назгүл – И.Арабаев атындагы КМУнин доценти, № 68 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин окутуучусу Нуржан Кожогулова  жана КББАнын психологиялык-педагогикалык жактан коштоо лабораториясынын башчысы Супатаева Эльвира Акиновна.

Талкуунун жыйынтыгында, кесиптик багыттоо тарбиясы, кесиптик билим берүү жана окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, жеке адамдын кызыкчылыктарын, каалоолорун жана жөндөмдөрүн ачууга мүмкүндүк берүүчү психофизиологиялык өзгөчөлүктөрдү камтыган көп тармактуу тутумга айланышы жана кесипти аң-сезимдүү тандап алуу керектиги белгиленди.

Супатаева Эльвира

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар