Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы

Көрүлдү: 3018

Кыргыз билим берүү академиясы жөнүндө

Кыргыз билим берүү академиясы (мындан ары – КББА) - билим берүү чөйрөсүндө илимий-изилдөө, илимий-методикалык, эксперттик, аналитикалык жана басмаканалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик мекеме.

КББАнын миссиясы - улуттук билим берүү тутумун илимий-методикалык жана инновациялык-технологиялык колдоо аркылуу билим сапатын жогорулатууга көмөктөшүү.

КББАнын максаты - мектепке чейинки, мектептик, мектептен тышкаркы жана кесиптик билим берүүнү илимий-методикалык жана инновациялык технологиялык жактан камсыздоо.

КББАнын максаттары:

• Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында билим берүүнү өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденцияларын изилдөө жана талдоо, улуттук билим берүү тутумун өнүктүрүүгө багытталган талап кылынган жана практикалык багыттагы илимий-педагогикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле республикада педагогикалык илимдин жалпы координациясы.

• Билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук документтерди, Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү жана мектептен тышкаркы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын, предметтик билим берүү стандарттарын, окуу пландарын жана базистик окуу пландарынын долбоорлорун иштеп чыгуу.

• Жаштарды тарбиялоо үчүн ченемдик документтерди, концепцияларды, программаларды жана окуу куралдарын иштеп чыгуу.

• Окуу-усулдук жана инновациялык-технологиялык (анын ичинде электрондук, мультимедиялык) материалдарды иштеп чыгуу жана окутуучулардын кесиптик деңгээлин колдоо, билим берүү процессине инновациялык технологияларды киргизүүдө илимий-педагогикалык кадрлардын потенциалын жогорулатуу.

• Республикада билим берүү тутумун илимий-методикалык жана инновациялык-технологиялык камсыздоо жаатында тажрыйба иштерин жүргүзүү.

• Жалпы билим берүүчү мектептердин - эксперименталдык аянтчалардын иштешин методикалык жактан камсыз кылуу.

• Педагогикалык алдыңкы тажрыйбаны изилдөө, жалпылоо жана жайылтуу.

• Республиканын билим берүү уюмдарын илимий-педагогикалык жана методикалык жактан камсыз кылуу жана билим берүү боюнча эл аралык өнөктөш уюмдар менен кызматташуу.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар