БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВАНЫН 23-СЕНТЯБРЬ – МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА КУТТУКТООСУ
Көрүлдү: 443
“Кыргыз тили - мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынасы.
Биздин ата-бабаларыбыз эне тилинде “Манас“ эпосун жаратып, муундан-муунга чыпчыргасын коротпой өткөрүп келген. Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз.
Мына бүгүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына туура 35 жыл толуп отурат. Бул маанилүү датага байланыштуу бүгүн республиканын бардык аймагындагы билим берүү уюмдарында салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Ошондой эле, аталган мааракени татыктуу тосуп, натыйжалуу өткөрүп алуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан үч айлык жарыяланган.
Биз Кыргызстанда жашаган бардык этностордун тилин сактап, өнүктүрүү менен бирге мамлекеттик тилди, расмий тилди жана чет тилдерди мыкты билген кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялашыбыз керек. Бул максатты ишке ашырууда билим берүү тармагынын миссиясы өзгөчө экендигин жакшы билесиздер. Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө жана улутубуздун келечегин түптөө үчүн мамлекеттик тил саясатын ырааттуу жана максаттуу жүзөгө ашыруу, окутуу, үйрөтүү биздин милдетибиз.
Түптүү элдин, уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары кыргыз тилибиздин учугу узарып, түбөлүгү түз болсун!”
Бөлүшүңүз