Автор: Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
3 Июль 2024 ж. 11:36
Көрүлдү: 165
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 1-майынан тартып билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия берүү ишин санариптик форматка толугу менен өткөрдү.
Мындан кийин билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн берилген бардык арыздар Лицензиялоону жана аккредитациялону башкаруунун автоматташтырылган системасы (АСУЛА https://asula.edu.gov.kg/) аркылуу гана кабыл алынат.
Аталган ишмердүүлүктү толугу менен автоматташтыруу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү талаптарын аткаруу, коррупциялык тобокелчиликтерди толугу менен жокко чыгаруу максатында ишке киргизилүүдө.
Билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн талаптардын тизмеси Файл
Лицензиялоонун тартиби жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтына https://edu.gov.kg/ жайгаштырылат.