Көрүлдү: 793
Абитуриент кабарлоо баракчасында көрсөтүлгөн убакыттан кечикпей тест борборунда болууга тийиш.
Тестке кирүү үчүн ал каттоодон өтүшү керек жана анын жанында төмөнкү документтер болушу шарт:
Ал эми 23- майда жана 26-майда саат 13.00дон 17.00го чейин ар бир тест борборунда түрдүү себептер менен катталууга жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт. Кошумча каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
Ар бир каттоодон өткөн абитуриент кабарлоо баракчасы менен бирге ЖРТга даярдануу боюнча акысыз колдонмолорду алат. Ал колдонмолордо тест боюнча бардык керектүү маалыматтар камтылган: тесттин эрежелери, катышуучулардын укуктары жана милдеттери, жүрүм-турум эрежелери, тесттин ар бир бөлүгү боюнча тапшырмалардын мисалдары ж.б. Бул колдонмолорду абитуриенттер мугалимдери же ата-энелери менен кунт коюп окуп чыгуусу керек. Тесттин эрежелерин сактоо бардык катышуучуларга тестти бирдей шартта тапшырууга мүмкүндүк берет.
Тест материалдарын: дептер, жооп барагы менен черновиктерди тесттин администраторлору таратып берет. Тест учурунда абитуриенттердин жанында эч кандай ашыкча буюмдар болбошу керек.