Мектептеги билим берүү башкармалыгы
Мектептеги билим берүү башкармалыгы
ОШТО БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫКТАРЫН ҮЧ КҮНДҮК ТЕКШЕРҮҮ АЯКТАДЫ

Көрүлдү: 407

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин комиссиясы 28-июлдан 30-июлга чейин Ош шаарында билим берүү уюмдарынын жаңы 2025-2026-окуу жылына даярдыгын баалоо боюнча иш жүргүздү.

post.title

Бүгүн, иштин үчүнчү күнүндө, министрдин орун басары Альберт Махметкулов баштаган комиссия:

            * У. Салиева атындагы Зээндүү балдар үчүн жатак лицейге;

            * В.В. Терешкова атындагы №11 жатак мектепке;

            * №42 Керме-Тоо орто билим берүүчү мектебине;

            * Ош шаарынын №87 “Акылман” мектепке чейинки билим берүү уюмуна барды.

Иш сапардын жүрүшүндө окуу кабинеттеринин абалына, санитардык шарттарга, эмерек, жабдуулар жана окуу китептери менен камсыз болушуна, ошондой эле оңдоп-түзөөгө болгон муктаждыктарга өзгөчө көңүл бурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар