Мектептеги билим берүү башкармалыгы
Мектептеги билим берүү башкармалыгы
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЕЛЕГИ ЭЛ АРАЛЫК ХИМИЯЛЫК ОЛИМПИАДАДА ЖЕЛБИРЕДИ

Көрүлдү: 702

2025-жылдын 5 – 14-июлунда Дубай шаарында (БАЭ) өткөн 57-Эл аралык химиялык олимпиадада (International Chemistry Olympiad, IChO-2025) Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы эки коло медаль жеңип алды.

post.title

Бул абройлуу эл аралык олимпиадага дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнөн 360 мектеп окуучусу катышып, химия боюнча жогорку деңгээлдеги теориялык жана практикалык тапшырмаларды аткарышты. Кыргызстандын командасы күчтүү атаандаштык шартында мыкты жыйынтык көрсөтүп, өлкөнүн билим берүү жана илим тармагындагы жетишкендиктерин дагы бир жолу тастыктады.

🏅 Жеңүүчүлөр:

  • Кахраманов Максат – коло медаль ээси («Сапат» билим берүү мекемеси)
  • Жапаров Эржан – коло медаль ээси («Сапат» билим берүү мекемеси)

👨🎓 Кыргыз Республикасынын улуттук командасынын курамы:

  • Кахраманов Максат («Сапат» билим берүү мекемеси)
  • Жапаров Эржан («Сапат» билим берүү мекемеси)
  • Умхаева Мадина (Токмок шаарынын № 2 орто мектеби)
  • Саматов Эрмек («Сапат» билим берүү мекемеси)

👥 Команданы коштогон адистер:

  • Чынгыз Тилебалдиев – команда жетекчиси, Кыргыз Республикасынын химиялык олимпиадалар комитетинин төрагасы
  • Иван Решетников – экинчи жетекчи, окутуучу
  • Сарвар Хайдаров – 2009-жылдагы Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү, учурда Сингапурдагы билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү
  • Тынчтык Аматов – академиялык жетекчи, Абу-Дабидеги Нью-Йорк университетинин профессору

Команда олимпиадага чейин интенсивдүү даярдык этаптарынан өтүп, Казакстандын жана Өзбекстандын алдынкы адистери менен биргелешкен окуу-машыгуу программаларын ийгиликтүү бүтүргөн.

📌 Бул жетишкендикКыргызстандын мектеп окуучуларынын сапаттуу билимге жана илимге болгон умтулуусунун, ошондой эле өлкөнүн өсүп жаткан илимий потенциалынын ачык далили болуп саналат. Эл аралык деңгээлдеги мындай ийгиликтер жаштар арасында илимге кызыгууну арттырып, келечектеги илимпоздорду тарбиялоого өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги олимпиадага даярдык процессинде уюштуруучулук жана академиялык багытта колдоо көрсөттү.

Маалымат үчүн:
Эл аралык химиялык олимпиада (International Chemistry Olympiad, IChO)1968-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан, мектеп окуучулары үчүн дүйнөдөгү эң абройлуу предметтик олимпиадалардын бири. Олимпиада жогорку деңгээлдеги теориялык жана практикалык тапшырмаларды камтып, дүйнөлүк мыкты жаш химиктерди аныктайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар