Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН ОБЛАСТТЫК ЭТАБЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Көрүлдү: 250

2025-жылдын 13-14-мартында Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын III (областтык) этабы өттү. Бул этапта жалпысынан 1964 окуучу катышты, алардын ичинен 332 окуучу кийинки этапка өттү.

post.title

Республикалык олимпиаданын IV (республикалык) этабы ушул жылдын апрель айында өтөт.

Эске сала кетсек, Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы 4 этапта (мектептик, райондук, областтык, республикалык) 17 жалпы билим берүүчү предмет боюнча өткөрүлөт. Республикалык олимпиадага төмөнкүлөр катышат:

- I (мектептик) этап – классына жана менчик формасына карабастан олимпиадага катышууну каалаган жалпы билим берүү уюмдарынын бардык окуучулары;

- II (райондук) этап – I этапта рейтинг боюнча 1, 2, 3-орундарды ээлеген окуучулар;

- III (областтык) этап – II этапта рейтинг боюнча 1, 2-орундарды ээлеген окуучулар;

- IV (республикалык) этап III этапта рейтинг боюнча 1, 2-орундарды ээлеген окуучулар.

Республикалык олимпиаданын негизги максаттары:

- зээндүү окуучуларды айкындоо, аларды билимин өркүндөтүүгө, чыгармачылык жөндөмдөрүн жана изилдөө ишине кызыгуусун арттырууга шыктандыруу;

- олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдаган жогорку квалификациялуу, чыгармачыл мугалимдерди айкындоо жана шыктандыруу;  

- зээндүү балдарды тарбиялоого көмөктөшүү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибине ылайык учурдагы жылы 1, 2, 3-орундарды ээлеген республикалык жана эл аралык олимпиадалардын байге ээлери, оң баага туура келген ЖРТ баллы бар болсо, тандап алган ЖОЖдогу багыттарга жана адистиктерге олимпиаданын предмети профилдик болгондо окутуунун наркын төлөө келишими боюнча орундарга (ырастоочу документтери бар болсо) конкурстан тышкары кабыл алынат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар