Көрүлдү: 557
Жекшемби 3-мартта Эңилчек айылында башталгыч мектептин имараты күйүп кеткен.
Окуу үзгүлтүксүз уланып жатат, учурда балдар айыл өкмөттүн имаратында билим алууда.
Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Эңилчек айылынын Эңилчек башталгыч мектебинин биринчи имараты- 1970 -жылы ишке берилген. Мектеп 50 орундуу, ал эми учурда окуучулардын саны 23 балага жетти.
Өрттун чыгуу себептери ӨКМ тарабынан чыгарылып, жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилет.