Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Колледждеринин окутуучулары инклюзивдүү билим берүү боюнча курстан өтүүдө

Көрүлдү: 0

Ушул тапта Бишкек шаарында жүрүп жаткан иш-чаранын максаты - мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге педагогикалык жана психологиялык жактан туура мамиле жасоонун ыкмаларын үйрөтүү. 72 сааттык тренинг Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында уюштурулган.

post.title

Окутууга долбоордун пилоттук колледждеринен 18 окутуучу катышууда.

Өлкөдө билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу мугалимдердин жалпы педагогикалык квалификациясын жогорулатуу, инклюзивдик маданиятын өнүктүрүү, инклюзивдик даярдыгын калыптандыруу маселелерин чечүүнү талап кылат.
Билим берүү окуу жайларында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бөлбөй, жалпы окуучулар менен чогуу окутуу жана ошондой эле алардын ден соолугунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жекече мамиле кылуу өтө маанилүү. Буга байланыштуу, тренингден окутуучулар аталган студенттердин муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуунун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга үйрөнүп чыгат.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү – курстан өткөн окутуучулар сертификатка ээ болуп гана тим болбостон, ар-бири колледждер жана кесиптик лицейлердин окутуучуларын инклюзивдүү билим берүү боюнча окутууга мүмкүнчүлүк алат. Бул, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларына мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди көбүрөөк тартуу жана алардын толук кандуу билим алуусуна шарт түзүүгө көмөк көрсөтөт.

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору кесиптик билим берүү окуу жайында инклюзия принциптерин сактоо, социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдөн болгон окуучулар, кыздар жана мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн шарттарды түзүүнү ишке ашырат.

Бул үчүн:
- пилоттук 8 колледждин имараттары мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын керектөөлөрүн эске алуу менен реконструкцияланган;
- мүмкүнчулүгу чектелген студенттер үчүн көтөргүчтөр, полдогу тактилдик плиталар, кармагычтарда Брайл шрифтиндеги көрсөткүчтөр орнотулган;
- пилоттук окуу жайларда гендер жана инклюзия маселелери менен алектене турган, атайын окутуулардан өткөн кызматкерлер аныкталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар