Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
17 колледжде жаңыланган жумуш ордунда окутуу программалары ишке ашырылды

Көрүлдү: 0

Учурда Кыргызстандын билим берүү системасы эмгек рыногунун талаптарына жооп берген сапаттуу адистерди даярдоого багытталган өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүдөгү инновациялык ыкмалардын бири катары жумуш ордунда окутууга (ЖОО) көбүрөөк көңүл бурууда.

post.title

Министрлик пилоттук колледждерде окутуунун сапатын жогорулатуу жана билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу максатында "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында ЖООну илгерилетүүдө.

ЖОО – милдеттүү практикалык окутуу жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө, ошондой эле билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө жана/же ишканалардын базасында иш тажрыйбасын алууга багытталган кадрларды даярдоо системасы. Практикалык окутуу өндүрүштүк окутууну, лабораториялык жана практикалык сабактарды, дуалдык окутууну жана ЖООнун башка түрлөрүн камтыйт. Ушул тапта долбоордун алкагында 17 колледжде жаңыланган жумуш ордунда окутуу программалары ишке киргизилди.

Мындан тышкары, долбоор ЖООнун формаларынын санынын жана ар түрдүүлүгүнүн өсүшүнө өбөлгө түздү, атап айтканда:
 • Жумуш берүүчүлөрдүн конок лекцияларын өткөргөн колледждердин саны 1ден 5ке чейин көбөйдү.
• Кесиптердин жарманкелери, параддар жана башкаларды уюштурган колледждердин саны 1ден 6га чейин көбөйдү.
• Мастер-класстарды өткөргөн колледждердин саны 1ден 7ге чейин көбөйдү.
• Жеринде практикалык сабактарды өткөргөн колледждердин саны 0дөн 8ге чейин көбөйдү.
•Окуу-өндүрүштүк комплекстерде, лабораторияларда, окуу полигондорунда, мастерскойлордо окутууну практикалаган колледждердин саны 1ден 8ге чейин көбөйдү.
• Адистиги боюнча окуу долбоорлорун практикалаган колледждердин саны 2ден 3кө чейин көбөйдү.
• Насаатчылыкты колдонгон колледждердин саны 0дөн 5ке чейин көбөйдү.
• Жумуш берүүчүлөрдү кабыл алуу менен алектенген колледждердин саны 0дөн 5ке чейин көбөйдү (сааттык негизде, айкалыштырып иштөө).

Ошондой эле, окуу жайлардын иш берүүчүлөр менен түзүлгөн өнөктөштүк келишимдердин саны дээрлик 2 эсеге өскөн. Башкача айтканда, эгерде 2021-жылы түзулгөн меморандумдардын саны 160 болсо, 2023- жылы бул сан 280ге жеткен.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар