Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Бишкекте Кыргызстандын жана Казакстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму болуп өттү

Көрүлдү: 1111

2021-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму болуп өттү. Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын университеттеринин ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Иш-чарага Казакстандын ири университеттеринин бири - Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору, академик Е. Сыдыков башында турган Казакстан Республикасынан ректорлорунун чоң делегациясы келип катышты.

post.title

Аталган кеңеш жогорку билим берүүнү жана ЖОЖдон кийинки билим берүүнү өнүктүрүү, жогорку билим берүү системасын өркүндөтүү, жогорку квалификациялуу кадрларга Казакстандын муктаждыктарын камсыздоо боюнча университеттердин ишмердүүлүгүн координациялайт.

Форумдун негизги максаты бирдиктүү Борбордук Азиялык билим берүү мейкиндигин түзүү идеясын талкуулоо болуп саналат. Анын алкагында региондун университеттери өз тартымдуулугун жогорулатуу, глобалдык жогорку окуу мейкиндигиндеги эл аралык атаандаштыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, ошондой эле азыркы замандын жаңы чакырыктарына адекваттуу жооп бере алат.

Форумда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Б. Купешев, Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министри А. Аймагамбетовдор сөз сүйлөп, билим берүү тармагындагы өкүлдөргө ийгилик каалашты.

Министрдин орун басары А. Абдраева "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары" темасында презентация жасады. Презентацияда ЖОЖдордун статистикалык картинасы, жогорку окуу жайларга жана атайын орто окуу жайларга киргизилип жаткан санариптик платформа, ошондой эле ЖОЖдордун рейтинги боюнча акыркы маалыматтар чагылдырылды.

2019-жылы өлкөдө Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун биринчи форуму болуп өткөн. Ошол кезде Кыргыз Республикасы өзүнүн аянтчасында элүүдөн ашуун алдыңкы россиялык университеттердин кызматташтыгы, билим берүү жана илим жаатында идея, технология жана инновацияларды алмашуусунун рейтинги чагылдырылган.

Форумда эки өлкөнүн жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча негизги милдеттер, кадрларды даярдоо, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, илимий долбоорлор, эки тараптуу кызматташтыктын приоритеттерин эске алуу менен, Кыргызстан менен Казакстандын билим берүү системасынын алакасын тереңдетүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча конструктивдүү талкуулар болуп өттү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар