Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Министрлик Эксперттик кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо үчүн сынак жарыялайт

Көрүлдү: 866

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги министрликтин Эксперттик кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо үчүн сынак жарыялайт.

post.title

Кыргыз Республикасынын илиминин артыкчылыктуу багыттарынын негизинде компетенттүү, илимий даражасы бар адистер чакырылат:

- Жер жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу;

- Улуттук азык-түлүк коопсуздугу;

- Инновациялык маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдөө;

- Адамдын ден соолугу жана жашоо сапаты;

- Жаңы технологияларды жана материалдарды иштеп чыгуу;

- Энергетикадагы жаңы технологиялар, суу жана энергетикалык ресурстар;

- Туризмди жана транспорттук системаны өнүктүрүү;

- Экология жана биотехнология маселелери, биологиялык коопсуздук жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу изилдөө;

- Адам жана коом: экономика жана ааламдашуу маселелери.

Эксперттердин милдети: республикалык бюджеттен каржылануучу, мамлекеттик буйрутма менен түзүлгөн илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сынагына келип түшкөн өтүнмөлөргө объективдүү, комплекстүү, компетенттүү илимий-техникалык экспертиза жүргүзүү.

Илимдин  багыттары боюнча Эксперттик кеңештин мүчөлүгүнө талапкер тиешелүү багытта жогорку квалификациялуу адис болууга жана төмөндөгү талаптарга жооп берүүгө тийиш:

- илимдин тиешелүү багыттары боюнча илимий даража жана наам;

- илимий долбоорлордун экспертизасына катышуу тажрыйбасы;

- илимий-изилдөө иштерине (жок дегенде 2) рецензия берүү жана оппонент болуу тажрыйбасы;

- “Scopus”, “Web of Scienceже РИНЦ эл аралык системасына индекстелген илимий журналдарга акыркы 5 жылдын ичинде экиден кем эмес макала жарыялоо;

- илимий, кесиптик жана эксперттик жамааттарга мүчө болуу;

- башка эксперттердин сунуштары.

Эксперттик кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөндөгү документтерди берүүгө тийиш:

- арыз (мобилдик телефон номери жана электрондук дарегин көрсөтүү менен);

- дипломдордун көчүрмөлөрү;

- жумуш ордунан эки сунуш;

- кандидаттык жана докторлук диссертацияларды рецензиялоо жана кароо иштери боюнча алдыңкы илимдин өкүлдөрүнүн сунуштары;

- акыркы 3 жылдагы макалаларынын тизмеси, импакт-факторун көрсөтүү менен;

- паспорттун көчүрмөсү.

Документтер (кагаз жүзүндө, бир нускада) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине (213, 215-кабинеттер) 2021-жылдын 6-октябрынан 25-октябрына чейин алып келүүгө тийиш.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго чалыңыздар: 0312 620494, 620484.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар