Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Кесипке багыт берүү үчүн мектептеги тарбия иштери боюнча программаны талкулоо

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 15-июнунда КР ББИМ, КББАнын кызматкерлери, билим берүү системасынын эксперттери, мектеп педагогдорунун тарбия иштери боюнча кесипке багыт берүүчү жумушчу топтун талкуусу болуп өттү, ал Кыргыз-герман GIZ "Иш менен камсыз кылуу жана кесиптик окууга көмөктөшүү" долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

post.title

         КР ББИМнин тарбия иштери боюнча секторунун жетектөөчү адиси Токонова Индира Каныбековна талкууну ачып берди. Мониторинг жана баалоо боюнча адис Гүлназ Колсариева 2021-2023-жылдарга карата Кыргыз-герман GIZ  "Кыргызстанда иш менен камсыз кылуу жана кесиптик окууга көмөктөшүү" долбоорунун иш тажрыйбасын сунуштады.

          КББАнын Илимий изилдөөлөр, баалоо жана экспертиза  борборунун директору Иманкулова Макиль Токтогуловна жана "Глобалдык өзгөрүүлөр фондунун"  өкүлү Нурия Темирова мектептеги билим берүүдө кесиптик багыт берүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти. 5-11-класстардын класс жетекчилери үчүн "Келечектеги кесипке болгон кадамдар" методикалык сунушу окуучуларды кесипке багыттоо боюнча класстык сааттардын сценарийлерин камтыйт. Класстык сааттарга методикалык материалдар: кесиптик жактан маанилүү инсандык сапаттардын диагностикасы жана өзүн-өзү аныктоо боюнча тесттер, резюме түзүү жана интервьюдан өтүү боюнча нускамалар, SWOT-анализ методикасы боюнча баалоо жана SMART техникасы боюнча максат коюу ж. б. тиркелет.

Нурия Темирова "Глобалдык өзгөрүүлөр фонду" https://gcf.kg/ сайтында кесип тандоо үчүн 100 суроону камтыган кесипке багыт берүү боюнча онлайн тестти презентациялады.

Коюлган максаттарга жетүү үчүн "Глобалдык өзгөрүүлөр фонду" төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзөт: кесипти аң-сезимдүү тандоого көмөктөшүү; мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын илгерилетүүгө көмөктөшүү; жарандарды социалдык колдоо жана коргоо.

Азиза Маматкулова “Youth of Osh”  долбоорунун алкагында эмпирикалык педагогиканын негизинде иштелип чыккан мектеп жаштарын окутуу үчүн  “СЕН/ТЫ/YOU” коомдук бирикмесинин 14 жылдан ашык иш тажрыйбасын жана "Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү таанып билүү жана жеке өнүгүү" методикалык курсун сунуштады. Курс коомдогу жаш жана улуу муундардын ортосундагы ажырымды азайтууга жана бирдиктүү жамаатты түзүүгө көмөктөшүү максатында жаштардын өзүн-өзү өнүгүүсүн жогорулатууга жана окуучулар менен иштөөдө педагогикалык практиканы жакшыртууга багытталган. Курс педагогдорго, класс жетекчилериге, социалдык педагогдорго жана психолог-педагогдорго өспүрүмдөр боюнча жүргүзгөн иштеринин сапатын жогорулатууга жардам берүүгө багытталган.

         "Ата-энелер мектеби" пилоттук долбоорунун мисалында ата-энелер менен балдардын ортосундагы байланыш көндүмдөрүн жакшыртуу жөнүндө "Инновациялык технологиялар жана билим берүү борборунун" директору Сапарбек Оморов айтып берди. Ал эми КББАнын жетектөөчү илимий кызматкери, п.и.к. Жумабаева Гүлайым Абдысаматовна жана ага илимий кызматкери Алымбаева Бермет Бекешовна тарбия иштери боюнча программаны жана 1-11-класстар үчүн методикалык колдонмолорду,  окуу куралдарын сунушташты.   

         № 68 мектеп-гимназия мугалими Кожогулова Нуржан Сооданбековна жалпы билим берүүчү мектептердин 9-класстарында ийрим иши үчүн кесиптик багыт берүү программасынын 5 баскычтуу моделинин негизинде "Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү" программасынын "Эмгек рыногунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу" программасынын алкагында түзүлгөн окуучулар үчүн окутуунун натыйжаларын сунуштады.

Натыйжада мектептеги тарбия жана кесипке багыт берүү иштерин жакшыртууга тиешелүү маселелер талкууланды жана мындан аркы кызматташуунун жолдору белгиленди.

        

Супатаева Э.А., Мансапова Г.М.


Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар