Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Илимий кызматташтыктын алгачкы кадамдары: Борбордук Азиядагы Эл аралык университет жана КББА

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 30-апрелинде Борбордук Азиядагы Эл аралык университет тарабынан, Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте уюштурулган “Билим берүү: көйгөйлөр жана перспективалар, баалуулуктар жана инновациялар” темасында эл аралык илимий-практикалык конференциясы уюштурулду.

post.title

               КББАнын президенти – профессор Назира Кубанычбековна Дюшеева, БАЭАУнун президенти – профессор Джон Росслин Кларк, провост – профессор Камилла Дүйшөбаевна Шаршекеева куттуктоо сөздөрү менен чыгып, Эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылышын жарыялашты.

               Пленардык отурумда Москва мамлекеттик психологиялык-педагогикалык университетинин профессору Айсмонтас Бронюс Броневич, америкалык психологдор Эдвард Л. Деси жана Ричард М. Райандын изилдөөлөрүнө негизделген “өзүн-өзү аныктоо теориясынын контекстинде аралыктан окутууну өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери” докладын сунуштады. Баяндаманын негизги идеясы окуучунун компетенттүүлүгүн, өзүн-өзү уюштурулушун жана ички мотивациясын өнүктүрүү үчүн салттуу (бетме-бет) жана аралыктан окутууну тең салмакта айкалыштыруу зарылдыгы жөнүндө болду.

               Азербайжан Дипломатиялык академиясынын профессору Ульвия Тофик кызы Микаилованын “Азербайжандагы инклюзивдик билим берүү: билим берүү саясатын сындуу талдоо аракети” темасындагы доклады абдан актуалдуу болду.

               Кембридж университетинин профессору, мугалимдин позициялык эмес лидерлик концепциясынын   жана “позициялык эмес лидерлик” термининин автору Дэвид Фросттун сүйлөгөн сөзү өзгөчө кызыгууну жаратты. Дэвид Фросттун айтымында,” … мектептин тарбиячысын кесиптик жактан өнүктүрүүнүн максаты – мугалимдерди өзгөрүүлөрдүн агенттери катары иштөөгө үндөө, педагогикалык ишмердүүлүктү өркүндөтүү стратегиясын иштеп чыгуу жана мектепте инновацияга ыңгайлуу кесиптик маданиятты куруу”. Дэвид Фросттун баяндамасын Казакстандык педагогикалык университетинин ректору, “Казакстандын мугалимдеринин лидерлиги” долбоорунун жетекчиси Гульмира Амирхановна Канай колдогон. Ал өз баяндамасында долбоордун концепциясын сунуштап, аны ишке ашыруу процессинде алынган жыйынтыктарды билдирди. Долбоорду ийгиликтүү талкуулоого “Сорос – Казакстан” фондунун Коомдук саясат маселелери боюнча кеңешчиси Сауле Каликова да катышып, мугалимдердин лидерлик демилгеси – өлкөнүн мектептик билим берүүсүндөгү өзгөрүүлөрдүн маанилүү бөлүгү экендигин белгиледи.

               Секцияларда Кыргызстандын ЖОЖдорунун: Ж.Баласагын атындагы КМУУнун, Ельцин атындагы КРСУнун, И.Арабаев атындагы КМУнун, КЭАУнун, ОшМУнун, БАЭАУнун, КББАнын  окумуштууларынын, изилдөөчүлөрүнүн, окутуучуларынын докладдары угулду. Ошондой эле ардактуу конок катары Бишкек шаарынын № 24 орто мектеби, Токмоктун “Ак-Бата” жана “Надежда” мектептеринин өкүлдөрү катышты.

               НИЗОВСКАЯ Ирина Анатольевна, п.и.к. Гуманитардык илимдер институтунун профессору, БАЭАУ “Заманбап билим берүүнүн методикалык-педагогикалык көйгөйлөрү” деген баяндама жасады. Кытай тилин окутуунун баштапкы этабында оюн иш-аракеттерин колдонуу методикасы жөнүндө  БАЭАУ окутуучусу Мусаева Салкын Сыртбаевнанын баяндамасы угулду. Жумашова Гүлзада Султановна т.и.к., ОшМУнун доценти “Заманбап билим берүүнүн баалуулуктары” баяндама жасады. Горбова Екатерина Николаевна,  КЭАУнун ага окутуучусу “Глобалдашуу шарттарындагы маданияттар аралык байланыш” докладын сунуштады. Келько Дарья Алексеевна, магистр,  КРСУнун ага окутуучусу, Абдрахманова Раиса Жолдошевна.  ф.и.к., доцент, БАЭАУнун  профессору “Англис тилин кооперативдик жана биргелешип окутуу стратегияларын колдонуу менен сабактарды моделдөө” деген баяндама менен чыгып сүйлөдү.

               Кыргызстандагы инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн тарыхый баяндамасын КББАнын инклюзивдик билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Шатманова Миргуль Адылкановна тааныштырды.

               Супатаева Эльвира Акиновна, п.и.к, а.и.к., КББАнын инклюзивдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы “Инклюзивдик чөйрөдөгү байланыштын терминологиясы жана этикети” деген баяндама менен чыгып сүйлөдү.

               Аземова Айгуль Аскербековна, КББАнын инклюзивдик билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси, балдардын окуудагы кыйынчылыктарына арналган (дислексия, дисграфия)  “Окууну өздөштүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болгон балдар” баяндамасын сунуштады.

               Конференциянын катышуучулары глобалдашуу доорунда билим берүү көйгөйлөрү бүгүнкү күндө өлкөлөрдө бирдей экендигин белгилешти. Конференцияда алынган тажрыйба: демилгелерди, инновациялык идеяларды алмашууга жана өзүнчө билим берүү мекемеси үчүн, ошондой эле бүтүндөй билим берүү системасы жана эл аралык педагогикалык коомчулук үчүн “өсүү чекиттерин” талкуулоого өбөлгө түзгөн ушул сыяктуу талкуу аянтчаларын уюштуруу маанилүү экенин көрсөттү.

               Конференцияда кабыл алынган резолюциялар:

  • Кызматташтыктын географиясын кеңейтүү;
  • Ийгиликтүү долбоорлорду жана мамилелерди издеп, улуттук контекстти эске алуу менен изилдөө;
  • Жалпы билим берүү мейкиндиги бар өлкөлөрдө билим берүүдөгү реформаларга кызыгууну күчөтүү жана алынган тажрыйбанын натыйжаларын конструктивдүү изилдөө.

КББАнын жетекчилиги жана жамааты БАЭАУнун  президенти – профессор Джон Росслин Кларкка, провост-профессор Камилла Дуйшебаевна Шаршекеевага, гуманитардык илимдер институтунун деканы, п.и.к. Асекова Жылдыз Дуйшебаевнага жана БАЭАУнун профессордук-окутуучулук курамына эл аралык илимий-практикалык конференцияны биргелешип өткөрүү демилгесин жылуу кабыл алып, уюштуруу иш чарасын өткөргөндүгү үчүн терең ыраазычылыктарын билдирет.

Шатманова М., Аземова А.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар