Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Окуу китеби: окуучу үчүнбү же мугалим үчүнбү?

Көрүлдү: 783

2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз билим берүү академиясында тарыхчы окумуштуулардын, окутуучулардын жана мугалимдердин кереге кеңеши болуп, анда мектепте тарыхты окутуу темасы боюнча олуттуу маселе каралып, омоктуу ойлор айтылды. Иш-чарада бүгүнкү күндө тарых предмети кандай болушу керек, кандай окуу китептери окутулушу керек, окуу-усулдук комплекс кандай даярдалышы керек, окуу процессинде мугалимдин орду кандай болушу керек деген суроолор боюнча кызуу талкуу жүрдү.

post.title

Тарых предмети окуучулардын дүйнө таанымын жана көз карашын калыптандырат, мекенчилдик жана жарандык, Ата Мекенди урматтоо жана мекенге таандык болуу сезими сыяктуу инсандык сапаттарды тарбиялоодо чечүүчү ролду ойнойт. Ошондуктан ал мектептик окуу предметтеринин арасында өзгөчө орунду ээлеп турат.

Бүгүнкү күндөгү бүткүл дүйнөлүк маалыматтык жарылуудан улам адис эмес адамдар — чоң кишилер дагы, балдар дагы — тарых боюнча эбегейсиз көлөмдөгү маалыматтарды өз алдыларынча ала алышат. А бирок, ал адис эмес адамдар илимий билим менен илимий эмес билимдин ортосундагы айырманы аңдап туя алышпайт, алардын ортосуна чек коё алышпайт, калп-чынын аныктап биле алышпайт, алардын сапаттык айырмачылыктарын жеткиликтүү түшүнүшпөйт. Мындай жагдайда окумуштуу тарыхчылар жана окутуучулар, адис тарых мугалимдери гана жардамга келишет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар