Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
«Адам жана коом» предметинин стандартын иштеп чыгуу боюнча семинар болуп өттү

Көрүлдү: 688

Жаштарды өнүктүрүү институту Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте “Жарандык компетенцияларды өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууда, анын алкагында “Адам жана коом” предметинин предметтик стандартын кайра карап чыгуу боюнча иш алып барууда.

post.title

Бул тапшырманы ишке ашыруу максатында 11-12-февралда предметтик стандарттын концепциясын калыптандыруу, стандарттын структурасын жана мазмунун талкуулоо жана иштеп чыгуу боюнча эксперттик семинар уюштурулууда. Семинар Кыргыз билим берүү академиясынын имаратында өтүп жатат, семинардын катышуучулары: Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, мектептердин жана ЖОЖдордун мугалимдери, билим берүү тармагынын адистери. Семинардын жыйынтыгында жумушчу топ түзүлөт.

Семинардын жыйынтыгында жумушчу топ мындан ары Билим берүү жана илим министрлигинде иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн предметтик стандарттын түзүмүн жана негизги компоненттерин даярдайт..

«Адам жана коом» предмети мектеп окуучуларында жарандык компетенцияларды калыптандыруу үчүн негизги билимдерди жана көндүмдөрдү камсыз кылуучу негизги предмет болуп саналат.

Предметтик стандарт - окуу процессин уюштурууга багытталган ченемдик документ. «Адам жана коом» предметинин жалпы компетенцияларын, натыйжаларын жана мазмунун аныктайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар