Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Сүрөт табылган жок
Рыспаева Бактыгүл Самыйбековна

Табигый илимий жана математикалык билим берүү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери.

Базалык профессионалдык билими:  СССР дин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  «Химия» факультетине  кирип, 1978- жылы химик, химия окутуучусу адистигине ээ болгон.

Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийинки билими:

1989-1993-жылдары Кыргыз педагогика институнун сырттан окуу бөлүмүнүн аспирантурасын бүтүргөн.

2013-жылы «Жалпы билим берүүчү мектепте  химияны тереңдетип окутуунун мазмунунун  илимий-методикалык негиздери»-деген темада кандидаттык диссертациясын коргоп, 13.001-жалпы педагогиканын жана билим берүүнун тарыхы; 13.00.02-окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (химия) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты деген илимий даражага ээ болгон.

Кошумча билими : билимин өркүндөтүүчү курстарда, 30 дан ашык билим берүү тармагындагы семинар, тренингдерге катышып 25 тей сертификаттарга ээ болгон.

Басылмалары: 8 химия окуу китептердин, 20 окуу-усулдук колдонмолордун, 55 илимий, илимий жана усулдук макалалардын автору.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар