Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Кыргыз Республикасында 2015 – 2020 жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” алкагында башталгыч кесиптик лицейлери үчүн чыгарылган 81 китептин бет ачарына арналган тегерек стол өткөрүлдү

Көрүлдү: 0

Бул тегерек столго КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын өкүлдөрү, Республикалык илимий-методикалык борборунун алдында түзүлгөн лингвистикалык-педагогикалык экспертиза боюнча комиссиянын мүчөлөрү, аталган окуу китептердин авторлору катышышты

post.title

                       ОКУУ КИТЕПТЕРИ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ

   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2021-жылы 18-ноябрда  Бишкек шаарындагы Республикалык илимий методикалык борбордун  конференц-залында “Кыргыз Республикасында 2015 – 2020 жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” алкагында башталгыч кесиптик лицейлери үчүн  чыгарылган 81 китептин бет ачарына арналган тегерек стол өткөрүлдү.

Бул тегерек столго КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын өкүлдөрү,  Республикалык илимий-методикалык борборунун алдында түзүлгөн лингвистикалык-педагогикалык экспертиза боюнча комиссиянын мүчөлөрү,  аталган окуу китептердин авторлору катышышты.

Учурда республика боюнча 99 кесиптик-техникалык окуу жайы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, миңдеген окуучуларга ар тармактуу кесиптик билим берип келе жатышат. Алардын дээрлик сексен пайызы кыргыз тилинде иш алып барат.  Бирок, сапаттуу билим берүүдөгү  көйгөй жаратып келе жаткан маселе – бул кыргыз тилиндеги адабияттардын жоктугу. Мына ушул багытта “Кыргыз Республикасындагы 2015-2020-жылдары  мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” алкагында  Республикалык илимий методикалык борбору тарабынан бир катар  алгылыктуу иштер аткарылды.   

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде башталгыч кесиптик билим берүү тармагына жалпы 22 багыт боюнча 97 аталыштагы китеп чыгаруу максаты коюлуп, бул максатка 9 700 000 сом каралган.  Бүгүнкү күндө бул каражаттын 8 100 000 сому сарпталды, бул каражатка 81 аталыштагы китеп чыгарылды. Бул китептер төмөнкү тармактарды камтыды:

  • айыл чарбасы жана кайра иштетүү;
  • транспорт;
  • жеңил өнөр жайы;
  • электр-техникалык өндүрүш;
  •  радиоаппаратуралар жана зым байланыш аппараттары өндүрүшү;
  •  кен казуу өнөр жайы;
  •  курулуш,  жыгач иштетүү өндүрүшү, металл иштетүү;
  •  коомдук тамактануу, тамак-аш азыктарын өндүрүү;
  • туризм жана тейлөө чөйрөсү.

Аталган тармактар боюнча автор-түзүүчүлөрдүн (Д.С.Токтакунов, М.И. Баширова, Ж.У. Чолпонбаева, Н.А.Карабаев (КУАУ), Н. Шырдаков, М. Толобаев (автомобиль-жол колледжи), Э.М.Усупова, И.А. Исманова  ж.б.) жараткан эмгектери  кыргыз тилине которулуп, башталгыч кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын китепканаларын толуктоодо олуттуу салым кошулду. Аны менен бирге, Эл аралык долбоорлордун  көмөгү менен  мамлекеттик тилде эмгек рыногунун талаптарына жооп берген окуу куралдарын чыгаруу иштери колго алынган. АБР, ГИЦ, БДАТП, Хельветас, “АВЭП”  коомдук фонду, ЦОТ жана Эл аралык миграция уюму сыяктуу эл аралык долбоорлордун кошкон  салымын айта кетпесек болбос.

Алдыда дагы пландар көп. Башталгыч  кесиптик билим берүү  системасы үчүн зарыл окуу куралдарын кыргыз тилинде чыгаруу пландалуула.  Бүгүнкү иш чарада ушул аткарылган иштерге баа берилип, жакынкы келечекте жасала турган иштерди жакшыртуу боюнча алгылыктуу сунуш-пикирлер айтылды.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С.Ж.Мусаев бир катар мамлекеттик тил боюнча олуттуу көйгөйлөргө токтолду. Кыйынчылыктарга карабай, 81 аталыштагы китепти чыгарып, жаш муундардын кыргыз тилинде билим алуусуна өбөлгө түзгөн авторлорго, республикалык илимий-методикалык борбордун кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Алдыда авторлордун бардык кол жазмаларын чыгарууга ар тараптан колдоо көргөзөөрүнө убадасын берди.

Ошону менен катар авторлорго, китептерди чыгарган типография өкүлдөрүнө сөз берилди.  

Тегерек столдун жыйынтыгында кесиптик лицейлерди кыргыз тилиндеги окуу китептери менен камсыз кылууга кошкон салымы үчүн  Республикалык илимий-методикалык борбордун айрым кызматкерлерине, бир катар автор-түзүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

 

 

                                                              

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар