Мониторинг, стратегиялык пландоо жана мамлекеттик программаларды талдоо  бөлүмү
Мониторинг, стратегиялык пландоо жана мамлекеттик программаларды талдоо бөлүмү
“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Көрүлдү: 895

2025-жылдын 22-24-сентябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсу өткөрүлдү. Конкурска республиканын бардык аймактарынан 111 талапкер катышып, 18 номинация боюнча мөөрөй талашты.

post.title

Конкурстун республикалык этабы үч турдан туруп, катышуучулар төмөнкүдөй сынактардан өтүштү:
«Педагогикалык кырдаалдар» – педагогикалык иштин моделдерин билүү жана маселелерди чечүү боюнча тесттик сынак;
«Мастер-класс» – кесиптик чеберчиликти көрсөтүү;
«Сабак» – практикалык сабак өтүү сынагы.

Конкурстун жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Үмүталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асанова Элзат Бакытовна баш байге ээси – «Жылдын мыкты мугалими» деп табылды.



Ошондой эле калыстар тобунун чечими менен ар бир предмет боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Атап айтканда:

- Бишкек шаарындагы №68 Алыкул Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Токтоноева Ардак Аналбековна мыкты башталгыч класстар мугалими;

- Ош шаарындагы №43 З.М. Бабур атындагы жалпы билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Салахудинова Озада Хасанбаевна мыкты орус тили жана адабияты мугалими;

- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы О. Турсуматов атындагы жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими Асылбеков Азирет Эмилевич мыкты тарых мугалими;

- Ош шаарындагы №4 С. Киров атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Адам жана коом» предмети боюнча мугалими Хафизова Зулхумор Шакиржановна «Адам жана коом» предмети боюнча мыкты мугалим;

- Ош облусунун Өзгөн районундагы №14 А. Тангатаров атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин англис тили мугалими Шорохова Махабат Абдрасуловна мыкты чет тил мугалими;

- Ош облусунун Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы жатак мектептин география мугалими Абдиев Эрали мыкты география мугалими;

- Нарын облусунун Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Шаршенбаева Надира Абадановна «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалим;

- Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы М. Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин музыка мугалими Урпалыев Кубанычбек мыкты музыка мугалими;

- Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ж. Асаналиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин дене тарбия мугалими Кыдыров Асылбек Бердибекович мыкты дене тарбия мугалими;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы А.С. Пушкин атындагы жалпы билим берүү мектебинин көркөм сүрөт искусствосу боюнча мугалими Чынасылова Айнура Аскарбековна көркөм сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим деп табылды.

Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Мугалимдер күнүн утурлай 4-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.

Аталган конкурс мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана билим берүү системасынын өнүгүшүнө чоң салым кошту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар