МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЛИРА САМЫКБАЕВА АРАЛЫКТАН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Февраль 2024 ж. 10:57

Көрүлдү: 585

20-февралда «Кыргызстан, Монголия жана Тажикстанда билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аралыктан окутуу» аталышындагы изилдөө долбоорунун натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу иш-чара өттү.

post.title

Иш-чарага министрдин орун басары Лира Самыкбаева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, анын алдындагы мекемелердин өкүлдөрү, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, эксперттер катышты.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, мугалимдер жана студенттер COVID-19 пандемиясынын учурунда дистанттык окутууга өтүүдө бир катар кыйынчылыктарга туш болушкан. Мугалимдердин 73% аралыктан иштөө “окуучулардын тапшырмаларды аткаруудагы өз алдынчалыгын эффективдүү көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бербейт” деген тыянакка келишкен. 56% карантинге жана эмгек шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу программаны толугу менен өтүүгө жетишпегенин ырасташкан. 

Мугалимдер онлайн окууну уюштурууда психо-эмоционалдык стресске кабылып, жеке убакыттын коромжу болуп жатканын, 91% салттуу окутууга салыштырмалуу көбүрөөк убакыт бөлүнөрүн айтты. Ошондой эле окуучуларда техникалык жабдууларды колдонуу жана интернетке байланышуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн адаптацияланган санариптик билим берүү ресурстарынын жеткиликтүүлүгү сыяктуу көйгөйлөр айтылды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билим берүү системасын өзгөртүү боюнча пландалган программада мугалимдерди технологиялык жана инновациялык колдоо, административдик процесстерди автоматташтыруу жана билим берүүнүн мазмунун жаңылоо сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү камтылганын, ал милдеттерди ишке ашыруу үчүн мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана жаңы технологияларды окуу процессине ыңгайлаштыруу талап кылынарын баса белгиледи. 

Белгилей кетсек, изилдөө Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен жүргүзүлдү. 

Долбоор «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынан Билим жана инновацияларды алмашуу программасынын (KIX) алкагында, Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (GPE) жана Эл аралык өнүгүүнү изилдөө борборунун (IDRC) колдоосу менен ишке ашырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар