Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
ЕВРАЗИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕР ТАРМАГЫ ТҮЗҮЛӨТ

Көрүлдү: 433

25-майда Кыргыз экономикалык университетинде Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жыйыны өттү. Жыйынга Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлору жана Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги катышты.

post.title

Жыйында Евразиялык университеттер тармагын түзүү жана евразиялык экономикалык интеграция багытындагы стратегияны ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Ошондой эле жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

-        Евразиялык тармактык университеттерди түзүү жана ЕАЭБдин алкагындагы жогорку окуу жайлардын ортосундагы консорциумду калыптандыруу;

-         ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердеги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүүнү (окутууну) өнүктүрүү;

-        биргелешкен онлайн программаларды жана мамлекеттер аралык аралыктан кесиптик билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгуу;

-        кесиптик даярдоо жана эмгек ресурстарынын дасыгын жогорулатуу;

-         ЕАЭБдин укуктук негизде бирдиктүү билим берүү мейкиндигин калыптандыруу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар