Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
  • Түзүмдүк бөлүктөрдүн жана ведомстволук уюмдардын жаңылыктары
2021-2040-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү программасы

2040-жылга карата билим берүү системасы: 2040-жылы билим берүү системасы адамга кайсыл куракта болбосун өзүнүн интеллектуалдык, чыгармачылык жана эмоционалдык дараметин ачууга мүмкүндүк берет, окуучулардын сергек жашоо мүнөзүн жана бакубатчылыгын камсыздоо жана жашаган жеринин географиясына, гендердик таандыгына, динине, ден соолугунун абалына, материалдык абалына жана башка факторлорго карабастан, өлкө боюнча жарандардын ар кандай категориясы үчүн бирдей билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздайт.

post.title

Мында артыкчылык билим берүү системасында адам ресурстарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү инновацияларга, өзүнүн өнүгүүсү, мобилдүүлүгү, эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болуу үчүн жоопкерчилик алууга жөндөмдүү адамды калыптандыруучу сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө берилет. Билим берүү системасын өнүктүрүүнүн булагы жана катышуучулары катары мамлекет гана эмес, ошондой эле жалпы коом чыгат.

2040-жылга карата билим берүү системасынын максаты болуп мамлекеттин жана коомдун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн интеграциялоо, ошондой эле башкаруу системасын модернизациялоо аркылуу жеңил ыңгайлашуучу жана кыймылдуу социалдык-экономикалык чөйрөнү өзгөртүүгө жөндөмдүү адамдын чыгармачыл жана саламат потенциалын калыптандыруу саналат.

Алдыга коюлган максатка жетишүү негизги үч милдетти чечүүгө багытталган саясаттын тиешелүү чаралары аркылуу ишке ашырылат:

1. Адилеттүү, бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо;

2. Сапатты камсыздоо;

3. Натыйжалуу башкаруу жана каржылоо.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому "2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө", 2021-жылдын 4-майы № 200

2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасы

Программаны ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата иш-аракеттер планы

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар