МИНИСТРЛИК БИЛДИРЕТ: МУГАЛИМДИ БАСМЫРЛАП, БЕДЕЛИН ТҮШҮРҮҮ – ЖОЛ БЕРИЛГИС КӨРҮНҮШ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Ноябрь 2024 ж. 11:49

Көрүлдү: 444

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы №57 мектептин тарых мугалими менен ата-эненин ортосунда болгон окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

post.title

Ошондой эле министрлик бул окуяга байланыштуу №57 мектептин администрациясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти өз компетенциясынын чегинде иш алып барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганын маалымдайт.

Министрлик кайсы жерде жана кандай шартта болбосун мугалимди басмырлап, анын беделин түшүрүү жол берилгис көрүнүш экенин баса белгилейт жана ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар