АБИТУРИЕНТТЕР ҮЧҮН ОМСК, ТОМСК, НОВОСИБИРСК ОБЛУСТАРЫНДАГЫ УНИВЕРСИТЕТТЕРГЕ ТАПШЫРУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Июнь 2024 ж. 16:37

Көрүлдү: 1159

Билим берүү жана илим министрлиги Омск, Томск, Новосибирск облустарындагы университеттердин көчмө комиссиясы абитуриенттерге тапшыруу жөнүндө маалымат бере тургандыгын маалымдайт.

post.title

* 26-июндан 1-июлга чейин – Томск облусундагы Сибирь мамлекеттик медициналык университети, Томск мамлекеттик университети, Томск политехникалык жана Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университети,

* 29-июндан 3-июлга чейин – Омск мамлекеттик техникалык университети, Омск мамлекеттик медициналык университети, Омск мамлекеттик транспорт жана темир жолу университети жана Новосибирск облусундагы Сибирь мамлекеттик транспорт жана темир жол университети.

Буга чейин документтерин онлайн форматта сайттар аркылуу жөнөткөндөр үчүн ЖОЖдордун өкүлдөрү 26-июндан 3-июлга чейин Бишкектеги К.Баялинов атындагы Республикалык китепканасында кирүү сынактарын өткөрүшөт. 

ЖОЖдор тапшырган абитуриенттерге жатакана менен камсыз кылууга, студенттердин миграциялык документтери менен байланышкан маселелерди чечүүгө жана мыкты студенттерге стипендия берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу июль айында Бишкекте көчмө кабыл алуу комиссиясы Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына бөлүнгөн бюджеттик орундарга тапшыруу үчүн бүтүрүүчүлөрдүн документтерин кабыл ала турганын билдирди.

 

Касымалы Баялинов атындагы Республикалык китепканасынын дареги - Бишкек ш., Атай Огонбаев к., 242.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар