Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгы
Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгы
Быйылкы жылдын сентябрь айында деле мугалимдер жогорулатылган айлык акы алышат

Көрүлдү: 1074

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, педагогикалык персоналдын эмгек акысы 80 пайызга, административдик-башкаруучу персоналдын эмгек акысы 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды.

post.title

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жогоруда көрсөтүлгөн токтому менен жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгегине акы төлөө шарттары ставкага (оклад) өткөрүлдү, ошондой эле тарифтик ставканы (оклад) эсептөө үчүн негиз болуп саналган эң төмөнкү базалык ставка белгиленди.

Ошону менен бирге, тарифтик ставка (оклад) эң төмөнкү базалык ставканын өлчөмүн окладга жана ставкаларга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелерин билдиребиз. 

Жогоруда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып мугалимдин эмгек акысы азыркы деңгээлинде сакталарын белгилейбиз.

Быйылкы жылдын сентябрында мугалимдердин айлык маянасы азайтылат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар