Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий
Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий
PISA-2025 ИЗИЛДӨӨГӨ ОКУУЧУЛАРДЫН ДАЯРДЫГЫНА ДИАГНОСТИКА БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 2322

2022-жылдын 2-3-июнунда Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун 5-6-класстарынын окуучулары арасында математика, окуу жана табигый илимдер боюнча функционалдык сабаттуулукка диагностикалык тестирлөө жүргүзүлөт.

post.title

Тестирлөө Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 24-февралындагы №222/1 “PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышууга даярдануу чараларын күчөтүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген планга ылайык жүргүзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борбору Дүйнөлүк банктын колдоосу менен окуучулар, мугалимдер жана мектеп администрациясы үчүн функционалдык сабаттуулук боюнча тесттерди, анкеталарды ыңгайлаштырып иштеп чыкты.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын функционалдык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу үчүн орто билим берүү уюмдарын колдоо сунуштары менен мектептердин көрсөткүчтөрү боюнча аналитикалык отчёт даярдалат.

 

Маалымат үчүн:

PISA - Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун эл аралык студенттерди баалоо программасы. PISA 15 жаштагы окуучулардын математика, окуу жана табигый илимдери боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн реалдуу турмуштук көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонуу жөндөмүн өлчөйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар