Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий
Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий
Жаш мугалимдер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Көрүлдү: 881

Жалпы билим берүүчү мекемелердин мугалимдерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мугалимдердин кесиптик өсүшүнө дем берүү, билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында «Билим берүү жөнүндө» жана «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө жоболордо» каралган.

post.title

Мектеп билим берүү тармагына эмгек акынын жаңы системасын киргизүү билим берүүнүн сапатын камсыздоо жана мугалимдердин педагогикалык иштерин аттестациялоо менен байланышкан. Мугалимдерди аттестациялоонун жаңы форматы жигердүү иштеген жаш адистерге тез арада ийгиликке жетишүүгө мүмкүндүк берет. Эгерде белгилүү бир жетишкендиктер болсо, аттестациядан эртерээк өтүү мүмкүнчүлүгү болот. Мугалимдерди аттестациялоодогу негизги жаңылык - бул бардык аттестациядан өтүп жаткан мугалимдер үчүн милдеттүү болгон Квалификациялык тест болот.

Жогорку окуу жайды бүтүргөн учурда жаш мугалимдер ишке орношууда кыйынчылыктарга дуушар болушат. Окуу жайлардын көпчүлүгү тажрыйбалуу жана буга чейин кесипкөйлүгүн далилдеген мугалимди алууну каалайт. Жаңы иштеп баштаган адис тажрыйба үчүн төлөнгөн жөлөк пул ала албайт, андыктан эмгек акысы төмөн болушу мүмкүн. Натыйжада, мурда балдар менен иштөөнү кыялданган үмүт туудурган жаш адистер ой-максатын ишке ашыруу жана татыктуу киреше табуу үчүн башка чөйрөлөрдө мүмкүнчүлүктөрдү издөөдө. Бул сапаттуу педагогикалык кадрлардын жетишсиздигине алып келет. Мындай абал чакан шаарларда жана айылдарда учурайт.

Мугалимдерди аттестациялоо системасы билим берүү тармагындагы карьералык тепкичтин бир түрү болуп саналат. Жогорулатылган категория мугалимдер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле, айлык акынын өсүшүнө негиз болот.

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялар улуттук борбору жана Улуттук консультант  Европа Бирлигинин каржылык колдоосу менен:

- 26 мектеп предмети,

- педагогика, психология жана окутуу методикасы,

- Билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын мазмунун өздөштүрүү боюнча тесттерди иштеп чыгууда.

Бүгүнкү күндө 12 миңден ашык тесттик тапшырмалар иштелип чыгып экспертизадан өткөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар