Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий
Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий
Бишкекте Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө жүргүзүлдү

Көрүлдү: 1576

2021-жылдын 18-19-августунда Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшыруучу талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.

post.title

Стандартташтырылган тест формасында талапкерлерди компьютердик тестирлөөнүн максаты – билим берүүнүн бюджеттик формаларына талапкерлерди тандоо процессинин ачыктыгын жакшыртуу жана камсыз кылуу.

Талапкерлерди компьютердик тестирлөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан жүргүзүлдү.

Катталууда талапкерлер тесттен өтүүдө колдонгон логин жана сыр сөздөрү бар уникалдуу шифрлерди алышты.

Тестирлөөнүн жыйынтыгын чыгаруу автоматташтырылды, талапкерлерди тестирлөөнүн жыйынтыктарынын объективдүүлүгү жыйынтыктарды жеринде тез жеткирүү менен камсыздалды.

Улуттук борбор, техникалык талаптарга ылайык, тестке катышкан бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүүнү камсыз кылды.

Тестирлөө үчүн милдеттүү түрдө төмөнкү сабактар тандалып алынган:

• Математика – 30 тапшырма;

• Кыргызстандын тарыхы – 30 тапшырма;

• Эне тили (кыргыз, орус) – 40 тапшырма.

Талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөөнүн узактыгы – 180 мүнөт.

Тестирлөөнүн алдында Улуттук борбордун өкүлдөрү талапкерлер үчүн тестирлөөнүн тартиби жана эрежелери боюнча жалпы инструктаж өткөрүштү.

Адатта компьютердик тестирлөө Улуттук борбор тарабынан түзүлгөн стандартташтырылган тесттердин негизинде жүргүзүлөт.

Стандартташтырылган тесттер билим берүү программаларына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келет.

Компьютердик тестирлөө талапкерлердин билим жетишкендиктеринин деңгээлин аныктоо үчүн бир топ окуу материалдарын камтууну камсыз кылды, алынган баалоонун объективдүүлүгүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатты, тестирлөө үчүн бирдей шарттарды түздү, тестирлөөнүн жыйынтыктарын чечмелөөнүн жеңилдигин жана тесттин жыйынтыгын текшерүү үчүн убакыттын үнөмдөлүшүн камсыз кылды.

Тестирлөөгө 18-августта 185 талапкер, 19-августта 200 талапкер катышты.

Улуттук борбор тестирлөөнү уюштурууда жана тиешелүү деңгээлде өткөрүүдө бирдиктүү талаптардын сакталышына, тестирлөөнүн программалык камсыздоолорун орнотуунун тартибине, тесттик материалдардын купуя сырын сактоого, тестирлөөнү жүргүзүүдө каттоого жана кабыл алууда купуялуулукту сактоого жетекчиликти жана көзөмөлдү, талапкерлердин жыйынтыктарын автоматташтырып чыгарууну ишке ашырууну камсыз кылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар