Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий
Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий
Сүрөт табылган жок
Жамакеева Зейнеп Усенбаевна

Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча Улуттук борбордун директорунун орун басары

Туулган жылы: 1958.

Билими: жогорку.

Кыргыз мамлекеттик университети (1984 ж.). Физик. Окутуучу.

Мектепте жана жогорку окуу жайында мугалим болуп иштеген (1984-995 жж.).

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Билдим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борборунун директорунун орун басары.

Акыркы 26 жылда окуучулардын жана студенттердин окуудагы жетишкендиктерин баалоо менен алактенет. Билимди баалоо боюнча эл аралык жана республикалык деңгээлдеги изилдөө долбоорлоруна катышып жана жетекчилик кылып келет.

Профессионалдык кызыгуу чөйрөсү: билим берүүдөгү саясат жана компетентүүлүк, педагогикалык өлчөөнүн көйгөйлөрү, окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин изилдөө.

            Билим берүү аймагында өзүнүн негизги жетишкендиги катары “Кыргызтест” системасын түптөп,  түзүп,  билим берүү аймагын киргизгенин эсептейт. Бул  система ар бир инсандын кыргыз тилин мамлекеттик тил катары билүү деңгээлин аныктайт.  «Кыргызтест» системасы 2018 жылдын майынан бери министрлер кабинетинин алдындагы ишкана катары иштеп жатат.

            Бир нече окуу-методикалык китепчелердин жана статьялардын автору жана биргелеш автор. Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги (2003).    

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар