Көрүлдү: 2629
Билим берүү жана илим министрлиги мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө документтерди кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.
Алгач сынактын толук жобосу менен таанышып чыгуу зарыл.
Талапкерлер талап кылынган документтерди 2024-жылдын 11-мартынан 28-мартына өзүнүн ЖЕКЕ электрондук почтасы (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт:
Баткен облусу – konkurs7.batken.ob.2024@gmail.com
Жалал-Абад облусу – konkurs7.ja.2024@gmail.com
Ош облусу – konkurs7.osh.2024@gmail.com
Ысык-Көл облусу – konkurs7.ik.2024@gmail.com
Талас облусу – konkurs7.talas.2024@gmail.com
Нарын облусу – konkurs7.naryn.2024@gmail.com
Чүй облусу – konkurs7.chui.2024@gmail.com
Бишкек шаары – konkurs7.bishkek.2024@gmail.com
Ош шаары – konkurs7.g.osh.2024@gmail.com
Бош орундар тизмеси - файл
Көңүл буруңуз!
Документтерди өз убагында бербөө, аларды толук эмес көлөмдө берүү талапкерди конкурска катышуудан четтетүү боюнча негиз болуп саналат. Конкурстун талапкеринен жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат.
Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна талапкер боло алат.
Бир эле жалпы билим берүү уюмунда жетекчилик кызмат ордунда жалпысынан 10 жылдан ашык иштеген талапкер ошол эле жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө конкурска катыша албайт.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №79 Токтомуна кол коюлган.
Толук маалымат - "Жарыялар" бөлүмүндө https://edu.gov.kg/announcements/349/
Байланыш телефондору:
0503610150
0550610150
0707490001