Кыргыз Республикасынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурс өткөрүү жөнүндө

11 Март 2024 ж.

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө документтерди кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.

Жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө Конкурс бир мамлекеттик же муниципалдык жалпы билим берүү уюмунда 5 (беш) жана андан ашык жыл иштеген бардык жетекчилер үчүн, ошондой эле жаңы эксплуатацияга кабыл алынган мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын бардык жетекчилери үчүн өткөрүлөт.

Конкурска катышууга жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордуна төмөнкү квалификациялык талаптарга (1-тиркеме) шайкеш келген Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берилет:

  1. педагогикалык жана (же) билим берүү чөйрөсүндө иштеген башка адистик боюнча тиешелүү жогорку кесиптик билими бар;
  2. жалпы билим берүү уюмунда 7 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык, анын ичинде Жалпы билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарына ылайык директордун же директордун орун басарынын кызмат ордунда 2 жылдан кем эмес иш стажы бар;
  3. ыйгарым укуктуу органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө башкы кызмат ордунда 2 жылдан; ыйгарым укуктуу органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө улук кызмат ордунда
    3 жылдан; аймактык билим берүү органдарынын алдындагы методикалык кабинеттердин жетекчиси кызмат ордунда 5 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык иш стажы бар;
  4. атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча
    5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдары үчүн);
  5. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын жана билим берүү, илимий ишти регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актыларды, жалпы билим берүү уюмунун ишин пландоонун жана контролдоонун формаларын уюштуруунун жалпы принциптерин, уюмдун ишинин натыйжалуулугун баалоо жана персоналды башкаруу методдорун, документ жүгүртүү ыкмаларын, ички тартип эрежелерин, административдик жана жарандык мыйзамдарды, билим берүүдөгү каржылоону, мектептик билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик институттар менен коомдук уюмдардын укуктарын жана функцияларын билген;
  6. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын билген:
  7. билим берүү сапатын жогорулатуунун билим берүү системаларын башкаруу теориясын жана методдорун билген, башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгон, пайдалануучунун деңгээлинде IT технологияларын колдоно билген;
  8. аракетке жөндөмдүү, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими чыгарылбаган;
  9. соттуулугу болбогон;
  10.  медициналык каршы көрсөтмөлөрү жок;
  11. мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык иш менен алектенүү укугу чектелбеген.

 Конкурска катышууга төмөнкү адамдарга жол берилбейт:

1)педагогикалык иш жүргүзүү укугунан ажыраган же чектелген;

2)соттуулугу бар, ошондой эле адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, эркиндигине, жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган соттуулугу барлар (жоюлганына карабастан);

3)Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган;

4)медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар.

Конкурска катышууну каалаган талапкер ушул Жобонун
18-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө төмөнкү документтерди (сканерленген түрдө) тапшырат:

  1. белгиленген форма (2-тиркеме) боюнча жазуу жүзүндөгү жеке арызын жана сүрөтүн (3×4 см);
  2. инсандыгын ырастаган документтин (паспорт) көчүрмөсү;
  3. бардык тиркемелери менен жогорку билимин жана тиешелүү педагогикалык квалификациясын тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  4. эмгек китепчесинин көчүрмөсү (документтерди тапшырган учурдагы датасы менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  5. резюме;
  6. 3-тиркемеге ылайык жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук (арыз берүү учурундагы датаны көрсөтүү жана кол коюу менен);
  7. соттолбогондугу жөнүндө маалымкат.Жарактуулук мөөнөтү маалымкатты алган күндөн тартып 3 айды түзөт;        
  8. психикалык ооруларынын жана наркологиялык диспансерлерде каттоосунун жоктугу жөнүндө маалымкат.Жарактуулук мөөнөтү маалымкат алынган күндөн тартып 6 айды түзөт.

 Документтерди өз убагында бербөө,аларды толук эмес көлөмдө берүү талапкерди Конкурска катышуудан четтетүү боюнча негиз болуп саналат. Конкурстун талапкеринен жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат.

Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна талапкер боло алат.

Бир эле жалпы билим берүү уюмунда жетекчилик кызмат ордунда жалпысынан 10 жылдан ашык иштеген талапкер ошол эле жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө Конкурска катыша албайт.

Талапкерлер талап кылынган документтерди 2024-жылдын 11-мартынан 28-мартына өзүнүн ЖЕКЕ электрондук почтасы (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт:

Баткен облусу – konkurs7.batken.ob.2024@gmail.com

Жалал-Абад облусу – konkurs7.ja.2024@gmail.com

Ош облусу – konkurs7.osh.2024@gmail.com

Ысык-Көл облусу – konkurs7.ik.2024@gmail.com

Талас облусу – konkurs7.talas.2024@gmail.com

Нарын облусу – konkurs7.naryn.2024@gmail.com

Чүй облусу – konkurs7.chui.2024@gmail.com

Бишкек шаары – konkurs7.bishkek.2024@gmail.com

Ош шаары – konkurs7.g.osh.2024@gmail.com

Бош орундар тизмеси - файл

Буйрук

Жобо

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар