Көрүлдү: 0
УЛУТТУК АККРЕДИТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЙЫНЫНДА АККРЕДИТАЦИЯЛЫК АГЕНТТИКТЕРДИН 2023-2024-ЖЫЛДАРДАГЫ ИШМЕРДИГИ КАРАЛДЫ
2025-жылдын 16-июнунда билим берүү тармагындагы Улуттук аккредитациялык кеңештин кезектеги жыйыны министрдин орун басары Альберт Махметкуловдун жетекчилиги астында болуп өттү.
Жыйында Кыргыз Республикасында таанылган 10 аккредитациялык агенттиктин 2023-2024-жылдары аткарган иштерине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы каралды. Агенттиктердин жетекчилеринин катышуусунда мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик комиссиялардын корутундулары, ошондой эле билим сапатын камсыздоодо аккредитациялык агенттиктер менен бирге окуу жайлардын да жоопкерчиликтери кеңири талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө медициналык билим берүүнү аккредитациялоого жана аккредитациялык агенттиктер тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.
Соңунда Улуттук аккредитациялык кеңеш мониторингдин жыйынтыктары боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык тиешелүү чечимдерди кабыл алды.