Көрүлдү: 0
Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу ар бир өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана келечек муундарынын ийгилигине өбөлгө түзөт. Бул маселеде аккредитациялык агенттиктерди баалоочу эксперттердин ролу өзгөчө. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңештин эксперттерин окутуу семинары И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 2025-жылдын 5-6-мартында министрликтин Аккредитациялоо жана сапатты баалоо бөлүмү тарабынан өткөрүлүүдө.
Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу ар бир өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана келечек муундарынын ийгилигине өбөлгө түзөт. Бул маселеде аккредитациялык агенттиктерди баалоочу эксперттердин ролу өзгөчө.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңештин эксперттерин окутуу семинары И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 2025-жылдын 5-6-мартында министрликтин Аккредитациялоо жана сапатты баалоо бөлүмү тарабынан өткөрүлүүдө.
Семинарга университеттердин, колледждердин, кесиптик лицейлердин, мектептердин өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышууда.
Семинардын негизги максаты:
Аккредитациялык агенттиктерди таанууда жана алардын ишине мониторинг жүргүзүүдө укуктук ченемдик актылардын талаптарына шайкеш келүүнү камсыз кылуу жана эффективдүүлүктү жогорулатуу;
Көз карандысыз эксперттердин квалификациясын жогорулатып, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга салым кошуу.
Иш-чарада аккредитация жаатындагы мурдагы жана жаңы укуктук ченемдик актылар катышуучулар менен кызуу талкууланууда. Катышуучулар аккредитациялоо боюнча алдыңкы ыкмаларды үйрөнүп, сапатты жогорулатуу жаатында активдүү иш алып барууга мүмкүнчүлүк алышты. Семинардын жыйынтыгында катышуучулар тестирлөөдөн өтүшөт жана эксперт болуп бекитилишет.