Көрүлдү: 0
МИНИСТРЛИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ АККРЕДИТАЦИЯЛЫК АГЕНТТИКТЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН БААЛООГО ЭКСПЕРТТЕРДИ ДАЯРДАЙТ
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү жаатында иштеген кызматкерлер үчүн 2025-жылдын февралында Бишкек шаарында аккредитациялык агенттиктердин ишмердүүлүгүн баалоого эксперттерди даярдоо семинарын өткөрөт.
Семинардын максаты билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялык агенттиктердин ишмердүүлүгүн баалоого эксперттерди даярдоо, билим деңгээлин жогорулатуу жана сертификаттоо болуп саналат.
Агенттиктердин ишмердүүлүгүн баалоого сертификатталган эксперттер гана тартылат.
Семинарга катыша турган талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптарды https://edu.gov.kg/posts/3846/ шилтеме аркылуу алууга болот.
Семинарга катыша турган талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар жана арыз.