Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
УЛУТТУК АККРЕДИТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Көрүлдү: 1349

Бүгүн, 31-январда, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңештин кезектеги жыйыны министрдин орун басары Лира Самыкбаеванын жетекчилиги астында өттү.

post.title

Жыйында Улуттук аккредитациялык кеңештин 2024-жылда аткарган иштеринин жылдык отчёту каралып, 2025-жылга карата иш планы бекитилди.

Улуттук аккредитациялык кеңештин 2025-жылдагы планына коомчулукка аккредитациянын максаты, жыйынтыктары жана актуалдуу маселелери жөнүндө кеңири маалымат жеткирүү, аккредитациялоону автоматташтырууда жасалма интеллекти колдонуу, эл аралык аккредитациялоо жана билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун сапатын жакшыртуу, анын ичинде өзгөчө медициналык билим берүү сыяктуу бир катар актуалдуу иш-чаралар киргизилди.

Бекитилген пландын негизинде ушул жылдын март айынан тартып белгиленген талаптарга ылайык аккредитациялык агенттиктердин ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана алардын аккредитациялоону жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу максатында мониторинг жүргүзүлөт. 

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасында биринчи жолу билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоочу агенттиктердин ишине мониторинг жүргүзүлөт, анын жыйынтыгында кемчиликтер аныкталган учурда министрликтин тиешелүү чечимдери кабыл алынат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар