Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
АККРЕДИТАЦИЯЛЫК АГЕНТТИКТЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН БААЛОО БОЮНЧА ЭКСПЕРТТЕРДИ ОКУТУУГА КАТЫШУУ ҮЧҮН АРЫЗДАР КАБЫЛ АЛЫНАТ

Көрүлдү: 235

2024-жылдын 30-31-октябрында Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлиги аккредитациялык агенттиктердин ишмердүүлүгүн баалоого эксперттерди даярдоо боюнча семинар өткөрөт.

post.title

Семинардын максаты - билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялык агенттиктердин ишмердүүлүгүн баалоого эксперттерди даярдоо, билим берүүнүн жана сертификациянын  деңгээлин жогорулатуу.

Семинарга катышуу үчүн арыз жана талап кылынган документтерди мамлекеттик тилде edu@mail.gov.kg же minedukg@gmail.com электрондук почта аркылуу жөнөтүү керек.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 3-октябрынан тартып 2024-жылдын 25-октябры саат 18.00го чейин.

Катышуу үчүн шарттар тууралуу толук маалымат - https://edu.gov.kg/announcements/447/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар