Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
КОЛЛЕДЖДЕРДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ МАМЛЕКЕТТИК РЕСУРСТАРДЫ НАТЫЙЖАЛУУ ПАЙДАЛАНУУНУ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 0

24-25-июнь күндөрү колледждердин 68 директору жана бухгалтерлери үчүн ченемдик каржылоо жана аккредитация боюнча тренинг өткөрүлдү.

post.title

Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алмазбек Нишарапов Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-июнундагы №231 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби жөнүндө” Токтому менен бекитилген орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун  ченемдери жөнүндө айтып берди.

Министрликтин аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Акуловадан Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы №246 “Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” Токтомунун күчүнө киргендеги өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Тренингдин катышуучулары билим берүү системасында аккредитациялоонун маанисин, объективдүүлүктү жана ачыктыкты камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Тренинг Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу үчүн өткөрүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар