Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
МЕКТЕПТЕРДИ АККРЕДИТАЦИЯЛОО БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 0

21-июнда, Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы, Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү жана Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгы райондук/шаардык билим берүү башкармалыктары үчүн онлайн форматта жыйын өткөрдү.

post.title

Жыйында жалпы билим берүү уюмдарын ыктыярдуу аккредитациялоонун жол-жобосу, бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшыруу аземинде ар кандай иш-чараларды өткөрүлүшүнө тыюу салуу менен балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралды.

Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Акулова мектептерде аккредитациялоо таанылган аккредитациялоо агенттиктеринде ыктыярдуу негизде жүргүзүлөрүн жана мектеп аккредитациялык агенттикти өз алдынча тандай тургандыгын айтты.

“Аккредитациялоо аккредитациялануучу билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен өзүн-өзү баалоо, тышкы баалоо жана чечим кабыл алуу болуп үч этапта жүргүзүлөт. Аккредитация 5 жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн атайын мектептерде аккредитациялоо жүргүзүлбөйт”, - деп белгиледи Бактыгүл Акулова.

https://edu.gov.kg/posts/3120/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар