Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
УЛУТТУК АККРЕДИТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН КУРАМЫНА МҮЧӨЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына мүчөлөрдү киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

post.title

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына мүчөлөрдү киргизүү үчүн төмөнкү орундарга ачык конкурс жарыялайт:

  • билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын өкүлдөрү (кесиптик лицейлердин ассоциациясынан 1 өкүл,  кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынан 1 өкүл, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынан 1 өкүл);
  • иш берүүчүлөр ассоциацияларынан 3 өкүл;
  • коомдук институттардын 2 өкүлү.

Конкурска катышуучуга коюлуучу талаптар:

- Кыргыз Республикасынын жараны;

- мамлекеттик тилди билүү;

- жогорку кесиптик билими бар. 

 Иш тажрыйбасы:

  • билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын өкүлдөрү үчүн билим берүү чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын жана коомдук институттардын өкүлдөрү үчүн кесиптик уюмдарда же тармактык структураларда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Конкурстук тандоого төмөнкүлөр катыша албайт:

- аккредитациялык агенттиктин уюштуруучулары;

- аккредитациялык агенттикте кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруучу киши;

- аккредитациялык агенттиктердин администрациясы жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамилелери бар киши;

- билим берүү уюмунун жетекчиси.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

-   арыз;

- резюме;

- паспорттун, билими тууралуу дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү;

- иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын жана коомдук институттардын жетекчилеринин сунуштамасы.

Конкурстун катышуучусу арызды жана ага тиркелген документтерди мамлекеттик тилде электрондук почта minedukg@gmail.comhttp://www.kattar.kg/ru/treatment-of-citizens.html;   https://portal.tunduk.kg;  аркылуу  жөнөтөт. PDF форматта.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 13-июнунан тартып 2024-жылдын 12-июлу саат 18.00 чейин.

Байланыш телефону: (0312) 66-22-87; 0550110378 (чалуу 9:00 – 18:00 чейин)  

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар