Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО БОЮНЧА ГЛОБАЛДЫК САММИТКЕ УЛУТТУК КОНСУЛЬТАЦИЯЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 1180

Бүгүн, 22-июнда Билим берүүнү трансформациялоо саммити боюнча Кыргыз Республикасындагы улуттук консультациялар өттү. 22-жылдын 2022-июнунда Бишкекте 2030-жылга чейинки мезгилде Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу үчүн Улуттук консультациялар болуп өттү, алар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координаторунун кеңсеси, БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, ЮНЕСКОнун Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан боюнча кластердик бюросу жана Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы менен тыгыз кызматташтыкта уюштурулду. Улуттук консультацияларга Кыргызстандын билим берүү тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жарандык коом уюмдары жана изилдөө институттары, эксперттер жана бизнес-коомчулук катышты.

post.title

Анда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки педагогикалык жогорку окуу жайдын базасында инклюзивдик борбор негизделип жатканын билдирди.

Учурда биз  инклюзивдик билим берүүгө өзгөчө басым коюушубуз керек. Бул боюнча И.Арабаев атындагы университетте жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында инклюзия боюнча эки борбор негиздеп жатабыз. Ал жерге керектүү бардык лабораториялык материалдар коюлат. Мисалы, Брайль, дефектолог, логопед окуусу боюнча лаборатория ачылат”, - деди Алмазбек Бейшеналиев.

Мындан сырткары министр билим берүүнүн бардык баскычында PISA эл аралык сынагына даярдык көрүү маселесине токтолду:

“Алдыда эл аралык “PISA-2025” сынагына катышабыз. Бул биз мынча баа алдык деп өзүбүздү сынап чыгып кетчү сынак эмес. PISA – бул жалпы комплекстүү реформа кылыш үчүн бир механизм. Андыктан биз механизмди туура түшүнүп, билим берүүнүн бардык баскычында PISAга даярдык көрүшүбүз керек. PISA үчүн мугалим, стандарт, программа даяр болуп, каржылоо туура бөлүштүрүлүп, мектептерде экосистема түзүлүшү керек. Демек, өлкөдө билимдин жана инновациянын экосистемасын калыптандыруу зарыл”.

Улуттук консультациялар 2030-жылга чейинки мезгилде билим берүүнү трансформациялоо үчүн кызыкдар адамдардын ар кандай топторунун жалпы көз карашын, милдеттенмелерин кабыл алууну жана аракеттерин макулдашууну түзүүгө багытталган.

Мында катышуучулар окуу процессин калыбына келтирүү, туруктуу өнүгүүнүн максаты-4тү (ЦУР 4) толук кандуу ишке ашырууга кайтаруу жана билим берүүнүн келечегин кайрадан карап чыгуу үчүн зарыл болгон мыйзамдар, пландаштыруу жана каржылоо жаатындагы өзгөрүүлөрдү аныкташат.

Улуттук консультациялардын жыйынтыгы 2030-жылга чейин билим берүү системасын трансформациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук милдеттенмелери жөнүндө билдирүүнү даярдоо болуп саналат. Ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында 2022-жылдын сентябрында Нью-Йорктогу глобалдык саммитте айтылат.

Билим берүү системасын өзгөртүү боюнча глобалдык саммит 2022 ж.
Кыргыз Республикасынын умтулуулары жөнүндө Улуттук билдирүү

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар