Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Сүрөт табылган жок
Расул Абазбек уулу

Министрдин орун басары

Туулган күнү: 1979-жылдын 2-ноябры

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, үч уулдун атасы

 

Билими:

1997-2002-жж. – ОшМУнун тарых факультети

 

Илимий даражасы:

Саясий илимдердин кандидаты

 

Жарык көргөн эмгектери:

Отуздан ашуун илимий эмгектин автору.


Иш тажрыйбасы:

2022-жылдын 16-мартынан тартып – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
2020-2022-жж. – Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси;
2019-2020-жж. – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кеңешчиси;

2018-2019-жж. – ОшМУнун Дистанттык окутуу жана жаңы технологиялар башкармалыгынын директору;
2017-2018-жж. – ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору;
2016-2017-жж. – ОшМУнун окуу-маалымат бөлүмүнүн директору;
2015-2016-жж. – ОшМУнун окуу-маалымат бөлүмүнүн сырттан окуу жана дистанттык окутуу боюнча башкы адиси;
2015-2019-жж. – «Ынтымак» телеканалынын «Чарпалек» автордук программасынын алып баруучусу;
2003-2015-жж. – ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин окутуучусу, доценти, долбоордун жетектөөчү адиси, профсоюздук комитетинин төрагасы, декандын тарбия иштери боюнча орун басары, декандын илимий иштер боюнча орун басары;
2012-2015-жж. – КР Илимдер улуттук академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Гуманитардык изилдөөлөр институтунун жетекчиси, улуттар аралык мамилелерди изилдөө бөлүмүнүн башкы илимий кызматкери;
2011-2015-жж. – Тынчтыкты курууну жана өнүктүрүүнү изилдөө борборунун жетекчиси;
2006-2013-жж. – «Фергана өрөөнүндөгү бейпил өнүгүү» коомдук фондунда мониторинг боюнча адис, директордун жардамчысы, аткаруучу директор;
2002-2003-жж. – Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Жаштар комитетинин төрагасы, ректордун жардамчысы.

Эксперттик ишмердүүлүгү:
2015-жылдын июль-декабрь айлары – Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун «Тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдү ыкчам жана өз убагында маалымдоо үчүн шайлоо процессине байланышкан тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү» долбооруна мониторинг жүргүзүү боюнча эксперт;
2014-2015-жж. – БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Тынчтык жана өнүктүрүү программасынын чыр-чатактарга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперти;
2013-2014-жж. – ACTED-Кыргызстан уюмунун чыр-чатактын алдын алуу жана тынчтык орнотуу боюнча эксперти;
2012-2014-жж. – «Youth of Osh» коомдук уюмунун чыр-чатактар боюнча эксперти,

Саясий чечимдер институтунун аналитикалык борборунун («Борбордук Азиядагы коопсуздук индекси» долбоору) эксперти.

 

Коомдук ишмердүүлүгү:

- CARTI программасынын стипендиаты (2009-2011);
- Чыр-чатактардын алдын алуу боюнча Ош облустук комитетинин мүчөсү;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек миграциясы, гендердик жана жаштар саясаты боюнча коомдук палатасынын жумушчу тобунун мүчөсү;
- Кыргызстандын түштүгүндө 2010-жылдагы июнь окуясында каза болгондорго жана жабыркагандарга бир жолку жөлөк пулду бөлүштүрүү боюнча комиссиянын мүчөсү;
- Кыргыз Республикасынын түштүк аймагы боюнча Жаштар кеңешинин мүчөсү;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук биримдик жана диний саясатты чыңдоо боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү.

 

Сыйлыктары:
- ОшМУнун мыкты окутуучусу (2009);

- ОшМУнун Ардак грамотасы;
- ОшМУнун профсоюздук комитетинин Ардак грамотасы;
- Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы;
- Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы;
- Эмгек, миграция жана социалдык коргоо министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын Ардак грамотасы.


Билген тилдери:
Кыргыз (эне тили), орус (эң жакшы), англис (жакшы)

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар