ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУНУН ЖЕТЕКЧИСИ КОНКУРСТУК ТАНДОО

2-мартта «Кабар» маалымат агентигинде 2024-ж. 22-февралындагы №79 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтомунун аткарылышы боюнча маалымат жыйыны берилет.

post.title

Токтомго ылайык жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси конкурстук тандоо тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Касымалиев Мурат Үсөнакунович, Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Кусейинова Айнура Сүйүндүковна, Улуттук билим берүү сапаттын баалоо жана маалыматтык технологиялар борборунун директору Шамшидинова Бактыгуль Сабыржановна, борбордун тестирлөө бөлүмүнүн башчысы Маданбекова Рыскуль катышат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 27-февралда «Эркин-Тоо» гезитинде 2024-жылдын 22-февралындагы №79 Министрлер Кабинетинин Токтому жарыяланды.

Убактысы: 2024-жылдын 2-марты, саат 10.00.
Жери: “Кабар” КУМА, дареги: Бишкек ш., Ж.Абдрахманов к., 175.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар