ЖРТ БОЮНЧА МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН ӨТӨТ

Эртең, 1-мартта, “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо боюнча маалымат жыйыны өтөт.

post.title

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 2024-жылдын 29-февралынан 4-апрелине чейин жүргүзүлөт.

Маалымат жыйынга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы, Билим берүүнүн сапатын баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева катышмакчы.

Кошумча маалымат алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Үмөталиева менен байланышсаңыз болот, байланыш телефондору: 0554 445 566 / 0312 62 35 91.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар